Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Жаңы жылда маалымат мейкиндигинде эмнелер күтүлөт, "Азаттыктын" кандай максаттары бар? Бул тууралуу "Азаттык-Медиа" мекемесинин директору Султан Жумагулов айтып берет.


- Биринчиден, “Азаттыктын” бардык кардарларын, угармандарын жана көрөрмандарын жаңы жылы менен куттуктап кетейин. Албетте, алдыда Кыргызстанда абдан орошон өзгөрүүлөр болот. Бул маалымат каражаттарында, медиа-чөйрөдө сөз жок чагылат. Өткөн жыл көрсөткөндөй, Кыргызстанда эл аралык стандарттар менен иштөө далалаты, мурда бирин-серин гана маалымат агенттиктери тутунуп келген эрежелерди башка да кыргызстандык журналисттер, агенттиктер колдонууга өтө баштаганы байкалды.

Биринчи кезекте, албетте, атаандаштык күч алат. Мынакей, биздин эң жакын шериктешибиз УТРКнын Биринчи радиосундагы өзгөрүүлөрдү байкап жатпайбызбы. Кээде биздин угармандар өздөрү да "Азаттык" менен бул радиону чаташтырып алып жатышат. Бул жакшы жышаан. Биз атаандаштыктан эч качан коркпошубуз керек. “Азаттыктын” баштапкы озуйпасы Кыргызстанда көп түрдүү ойду таратуу, эркин коом жөнүндө пикирди сиңирүү болгон. Башка шериктештердин ушундай жолго түшүп баштаганы кубандырат.

Ошентип, биз жаңыча издөөнүүгө, күнү-түнү уктабай ойлонууга мажбур болобуз. “Азаттык” сөз жок лидерлик позициясын алдырбоого күчүн үрөйт. Адам укуктарын, адам тагдырын иликтөө, андан тышкары коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөө максатыбыз бар. Коррупцияга кыргыз бийлиги чоң күрөш жарыялап отурат, биз коррупциялык көрүнүштөрдү үстүртөн же жондотуп айтпастан, тереңинен иликтеп, табияты кандай, башаты жана чордону каякта деп, журналисттик иликтөө жанрына көбүрөөк басым жасайбыз деген ой бар. Башка да максаттар бар.

- Жаңы президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө элдик бийлик орногонун утур-утур ырастап жатпайбы. Анын үстүнө маалымат каражаттарына да мурдагыдай кысым жок, эркин болуп калбадыбы, демек, "Азаттыктын" миссиясы кыйла жеңилдеп калган жокпу?

- Демократия, эркиндик деген бул бийлик жарыялап койгондон эле орной калбайт. Бул коомдук аң-сезимге байланышкан узак жараян. Буга чейинки эки бийлик деп коёлу, алар да биз демократияны курабыз, биз эркин коомбуз деп ооз жүзүндө жарыялаганы менен иш жүзүндө ошол эле демократияга тоскоол болуп келгендери жашыруун эмес. Ошол эле демократияны орнотом, сөз эркиндигин орнотом деген күчтөргө кысым болгонун билебиз.

Демократия жана эркиндик деген түшүнүктөр бул бийликтин эле каалоосунан эле ишке ашпайт, буга бүт жумурай-журт өзү умтулушу керек. Албетте, бийликтер алдыда болуп, жол башташы абзел. Адамдардын негизги бөлүгү консерватор келет, көз карашы жай өзгөрөт. Мисалы, 20 жылда Кыргызстан калкы демократиянын даамын сезип калды. Эркин сүйлөгөнгө, эркин ой жүгүртүп, эркин тандоого мүмкүндүк түзгөн жакшы коом турбайбы деп калдык. Ошол эле кезде советтик, баягы 70 жылдык системанын деми баары бир сезилип турат. Басымдуу көпчүлүктө дагы эле патерналисттик сезим күч. Мындайча айтканда, баарын бийлик жасайт, баарын бийлик өзгөртөт, бийлик башына жакшы киши келсе эле болду деген көз караш бар эмеспи. Коом, ар бир адам өзү демократиянын, эркин коомдун кышын коюшу керек. Мына ошондо нукура демократтык коом келет.

Негизи эле Кыргызстанда коңшуларга салыштырмалуу демократия, эркиндик бар. Буга "азаттыкчылар" салым кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз. Кээде биздин дарекке да айтып калышат: “ай, "азаттыкчылар", силер кыйынсыңар, ушул демократтык коомду орнотууда силерде иштеген кыз-жигиттердин ролу чоң болду”, - деп. Буга мындай жооп айтаар элем. Албетте, бул жерде кыйын жигиттер, кыздар иштейт. Кантсе да “Азаттык” радиосунун FM жыштыгы аркылуу чыгып, интернет аркылуу, телерадио аркылуу тоскоолдуксуз, кеңири таркап жатышы - бул жамы кыргыз журтунун мээнети, бул кыргыз коомунун кыйындыгы. Биз эркин, көп түрдүү коомдо жашагыбыз келет деп умтулуп, ошол жумурай-журттун күчү менен “Азаттык” радиосу сакталып келген. Аны жок кылуу аракетинен эч качан майнап чыккан эмес. Ошол себептен, бул жерде иштеген үркөрдөй топтон эмес, биринчи кезекте ошол кыргыз коомунун күчтүүлүгүнөн улам “Азаттык” сыяктуу радиолор, агенттиктер сакталып келе жатат.

- "Азаттыкта" иштейт элем, күчүмдү сынайт элем деген жаштар четтен чыгат. Ошондой тилектеги, умтулуусу күч жаштарга кандай кеңештерди берер элеңиз?

- “Азаттык” дайыма таланттардын ордосу болуп келген. Абдан мыкты журналисттер “Азаттыктын” мектебинен өтүшкөн. Мындан ары да өтө беришмекчи. Азыр, биринчиден, журналистиканын табияты өзгөрдү. Мурда гезит, радио, теле деп бөлүнсө, азыр бир эле адам мультимедиалык аткаруучу болууга мажбур. Бүгүнкү күндүн талабы ушундай болуп жатат. Азыркы журналистти мындайча элестетсек болот: бир колунда диктофону, бир ийнинде фотоаппараты, экинчи ийнинде видеокамерасы жүрөт. Анан ошол эле кезде, эми анын жүзүн ары кылсын, ок өтпөсүн деп, төшүнө “бронежилет” кийип алган болот. Андан тышкары азыркы журналист радиого сүйлөй алышы керек, видео тарта алышы керек, үчүнчүдөн, эң чоң талап - азыркы журналисттер сабаттуу жаза алышы абзел.

Ачыгын айтканда, азыр мультижурналист болууга талаптанган жаштар бар, кудайдын кулагы сүйүнсүн. Бирок мени кабатыр кылганы - кыргыз тилинде анча сабаттуу жаза албагандары. Журналиститканын тили чектелүү, жарды болуп баратат. Бул бардык кыргыз маалымат каражаттарына мүнөздүү. Кыргыз тилин терең өздөштүрүп, тил байлыгын, мурасын уюткан китептерди окуп, тилдин күчү менен окурмандын жана угармандын аң-сезимине таасир этишсе деген кеңешим бар эле.

Азыр “Азаттык” глобалдык медиа болуп калды. Мындайча айтканда, биздин теле-радиопрограммаларды, интернет гезитти дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө, кайсы бурчунда болбосун, каалаган маалда окуп, угуп, көрө алышат. Албетте, баарыбыз тура бербейбиз, улам алга жылып кете бермей. Аркабыздан улам кийинки жаштар келе берет. Анан “Азаттыкта” иштегиси келген, “Азаттык” аркылуу өзүнүн үнүн жеткиргиси келген, даярдыгы жетик адам сөз жок тилегине жетпей койбойт. Демек, “Азаттыктын” каалгасы дайыма таланттуу балдар-кыздарга ачык.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG