Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

“Кыргыз гезиттери коом алдындагы өз миссиясын туура өтөп жатабы, сөз эркиндиги менен жоопкерчилик айкашат деп ойлойсузбу?” – “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул темага арналды.

Талкуунун катышуучулары: Эрнис Балбаков, «Фабула» гезитинин башкы редактору, Гүлбара Сыдыкова – Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин профессору.

Талкуунун биринчи бөлүгү



«Азаттык»: Кыргыз гезиттеринде журналисттик этиканын сакталышы тууралуу конференция өттү. Анда бир катар сындар айтылды, атап айтканда, кыргыз басылмаларына бир канча жылдан бери илинип келаткан ушак таратуучулар деген жарлык кайталанды. Маселен, белгилүү медиа эксперт Александр Кулинский кыргыз гезиттери такталбаган маалыматтарды чыгарат, инсандардын керт башына асылат. Мисал иретинде өзүн бир канча жолу жөндөн жок эле еврей деп жазышканын айтты. Кулинскийден башка эксперттер да кыргыз гезиттери адамдарды ызалантат, жанын оорутат, алтурсун мазактайт дегендей пикирлерди билдиришти. Эрнис мырза, ушул ушак таратуу деген жарлыктан кутулуу мүмкүнбү? Ушул сындар канчалык жүйөлүү деп эсептейсиз?

Эрнис Балбаков: Александр Кулинский мырзанын айткандарына кошулчу да, кошулбачу дагы жагы бар. Кыргыз тилдүү ММКлар 2010-жылдын апрел окуясынан кийин өтө көп санда чыга баштады. “Беш кол тең эмес” дейт, анча-мынча гезиттердин ойдон чыгарып жазган ушактарын бүт кыргыз гезиттерине тийиштүү кылып айтканы туура эмес. Негизи эле орус тилдүү бейөкмөт уюмдар, медиа эксперттер кыргыз тилдүү басылмаларга көп жылдан бери эле сын тагып келишет. Бирок алар кыргыз тилин жеткиликтүү деңгээлде, же таптакыр билбей туруп, кандай баа берип келишет? - мага такыр түшүнүксүз.

«Азаттык»: Конференцияда профессор Гүлбара Сыдыкова айым баяндама жасап, кыргыз гезиттеринин лингвистикалык жактан иликтөөсүн ортого салды. Дегеле ушул тажрыйбаны биринчи жолу Кыргызстанга алып келип жатканы колдоого аларлык иш. Кыргыз гезиттери ушакчы, адамдардын керт башына асылат, мазактайт деген сындарга негиз барбы?

Талкуунун экинчи бөлүгү




Гүлбара Сыдыкова: Кулинскийдин эксперттик тыянагы кыргыз журналистикасына гана эмес, орус журналистикасына да таандык деп айта алам. Бирок кыргыз журналистикасында көбүрөөк кездешет. Кээ бир журналисттер профессионалдык этиканы сактай албай, жеке инсандарга асылып жатышат. Такталбаган фактылар менен насыя күнөөлөр коюлуп калууда. Ошондуктан имиш деген атка конуп жатышат окшойт.

«Азаттык»: Сөз эркиндиги коңшу-колоңдорго караганда Кыргызстанда кудайга шүгүр бар деп айтылат. Айрыкча 7-апрелден кийин гезиттин баары эркиндикке кеңири ээ болду. Бирок ошол эркиндик менен журналисттик, же жарандык жоопкерчилик айкашпай жатат деген сындар айтылууда...


Сыдыкова: Эркиндик деп коюп, такыр эле тизгинди коё бергенге болбойт. Ар бир сөз үчүн журналист жооп бериш керек. Ошондуктан, аябай кылдаттык менен мамиле жасабаса, соттук иштерге кабылып калат. Биз ар бир гезитти иликтеп көрдүк, кабарчылар сөздүн маанисин түшүнбөйт, макал-лакаптарды туура эмес колдонуп, инсанды таарынтып алышат.

«Азаттык»: Кыргыз журналистикасында адептүүлүк, ыймандуулук дегендей сезим болуш керекпи?

Балбаков: Сезим болуш керек. Бирок моюнга алышыбыз керек, алар кээ бир учурларда сакталбай калууда. Эми “көч бара-бара түзөлөт” эмеспи, эркиндикке улай акырындап жоопкерчилик да кирет, коомчулук, окурмандарыбыз менен такташып, бир пикирге, тартипке келип алсак, кыргыз гезиттери да сапаттуу чыгып, сөзүн так айтат деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG