Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Уруш арты – жараш


КТРК кабарчысы Ширин Асанакунова сабалгандан кийин, 7-январь, 2013.
КТРК кабарчысы Ширин Асанакунова сабалгандан кийин, 7-январь, 2013.

Коомдук телеканалдын кабарчылары Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулова аларга кол көтөргөн Айдин Кулбаевге ырайым кылды.

7-январда Коомдук телерадио корпорациясынын журналисттери Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулова Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багынын жанындагы эл ичинде айтылгандай, хансарайларда жашап, бирок электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн үйлөрдү телеге тартып жүргөн кезде ур-токмокко кабылып, ооруканага жатышкан.

Кулбаев кантип бошонду?

Көп өтпөй бул иш боюнча айыптуу делип Бишкектин мурдагы вице-мэри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдирейим Кулбаевдин уулу, 29 жаштагы Айдин Кулбаев кармалган эле. Бул окуя коомдук каналда жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарында башкы тема катары чагылдырылып, ишти президент Атамбаев өз көзөмөлүнө алган.

Эми минтип элдин баарын дүрбөтүп туруп, кайра жарашып алгандары интернеттеги социалдык сайттарда чоң талкуу жаратууда. А түгүл КТРКнын эки кабарчысы айыпталуучу менен жең ичинен келишип алгандан кийин арызын алып коюшса керек деп катуу сынга алынды.

Медиа-эксперт Бурул Усманалиева да мындай абал иренжитип койгонун айтат:

- Эки журналистке абдан таң калдым. Алар "абалыбыз начар, журналисттик милдетибизди аткарып жүрүп сабалдык, биз аягына чейин турабыз, арызыбызды албайбыз", - деп бир нече жолу айтышкан. Эми айыпталуучу эркиндикке чыгып калыптыр. Бул жоругу менен алар бүтүндөй журналист коомчулугуна элдин мамилесин бузушту. Журналисттер өз укугун коргой албаса, анда башкалар такыр эле коргой албайт.

Ал эми жабыр тарткан тарап эмне дейт? Кулбаевдин колунан таяк жеп, мээси чайкалды деп ооруканага жатып чыккан Ширин Асанакунованы угалы:

- Бизди жайыбызга койбой, тынч эс алдырбай эле туугандары келип кечирим сурап туруп алышты. Кечирип койсок, эми бул жактан анда эмне чуу көтөрөсүңөр деп айтып жатышат. Мен да аны кечирем деп эч качан ойлогон эмесмин, дале кечирген жокмун, бирок жаш балдарына боорум ооруду. Туугандары күнүнө үч маал келип жалдырашат, анан кантип кечирбей коём. Акча берип койду дегени туура эмес, ар ким өзү ушундай кыйын абалга келгенде түшүнөт экен.

Ишти өлкө башчысы өз көзөмөлүнө алган эле

Кабарчыларга кол көтөргөн Айдин Кулбаев алардын микрофонун да талкалап, телекамераны оператор ала качып кутулганы айтылган.

Коомдук телеканалдын башкы директору Кубат Оторбаев Кулбаевдер жарактан чыккан техникалык каражаттарды төлөп бергенин, тараптардын жарашуусуна жетекчилик кийлигишти деген сындар орунсуз экенин айтты:

- Бир пикирге келип, өз ара элдешип алышканы эки кабарчынын өздөрүнүн укугу. Кулбаевдин микрофонду сындырганы чын, биз доо арыз жазып, азыр элүү миң сомдон ашуун акчаны кассага төлөп берди. Кабарчыларга жетекчилик тараптан эч кандай басым болгон жок, анткени азыр эч ким эч кимден коркпойт. Коомдун алдында жүргөн журналисттерди коркутуу деле мүмкүн эмес.

Кубат Оторбаев кабарчылар азыр деле шаардын сыртында дарыланып жатканын кошумчалады. Адатта иши сотко өтүп, жаатташкан тараптардын өз ара жарашып алмайы дүйнөлүк практикада көп эле кездешет. Былтыр Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу 3 адамды коюп кетип, бирөө каза тапкан эле. Кийин сотто жапа чеккендер арызын алып, иш жабылган.

Бул окуядан кийин тек гана ишти көзөмөлүнө алган мамлекет башчысы оңтойсуз абалда калды көрүнөт...
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG