Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Жогорку Кеңештин төрт депутаты “Учур” гезитин сотко берип, жалпы эсеби 10 млн. сомдон ашуун акчалай компенсация талап кылышууда.

Алар муну гезит жалаа жаап, ар-намысына шек келтиргени менен негиздешүүдө. Басылма жетекчилиги болсо муну сөз эркиндигине басым катары баалайт.

Депутаттар: "Учур" калпты учурду

Социал-демократтар фракциясынан Эркингүл Иманкожоева менен Гүлнара Жамгырчиева, “Ар-намысчы” Майрамкүл Тиленчиева жана “АтаМекен” фракциясынын өкүлү Асия Сасыкбаева “Учур” гезитин өткөн жылдын ноябрь айында эле сотко беришкен. Буга “Учур” гезити редакцияга келген аялдар тобуна сөз берип, алардын бир тараптуу каралоосун коомчулукка чыгарганы себеп болгон.

Мисалы депутаттарга жаалданган бир аял “Асия Сасыкбаева жашы жетимишке келсе да медицинанын жардамы менен 18 жаштагы кыздай болуп” жүргөнүн сындаган. Депутат Асия Сасыкбаева өзү мындай сынды оор кабыл алганын “Азаттыкка” айтты:

- Булар акча төлөгөн саясатчылардын буйругун аткарып жатышат. Ошон үчүн гезиттер көбүртүп-жабыртып жазышат. Биз “Учур” гезитине айтып жатабыз, буйрук берген адамды айткыла, канча төлөдү, кимге төлөдү, акчасын ким алды деп сурап жатабыз, ошонун баарын айтып беришсе биз кечирүүгө даярбыз.

Гезитте Асия Сасыкбаева түрдүү гранттардан эбегейсиз акча алып жүргөнү да сынга алынган.

Ал эми депутат Эркингүл Иманкожоева ушул эле гезитте “Кумтөрдү” иштеткен канадалык компанияны өзүнө хан сарай салдыртты деп айыпталган. Иманкожоева кийин “Учурга” кайрылып, ошол хан сарай курулганы анык болсо редакцияга белекке берээрин айткан эле.

Аталган гезиттин башкы редактору Зулпукар Сапанов болсо депутаттардын сотко кайрылганын эркин басма сөздү ооздуктоо катары баалайт:

- Бул кысым. Алар сот аркылуу 10 млн. 400 миң сом сурап жатышат. Журналист окурмандардын гана пикирин берген. Эгерде депутаттардын максаты бизге сүйлөп берген адамдарды таап, алар менен сүйлөшүү болсо биз аны жасайлы деп жатабыз, бирок алардын максаты гезитти жаптыруу.

Сапанов гезитти доого жыгууга далалат жасаган депутаттар жалаң башкаруучу коалициянын мүчөлөрү экенин кошумчалап, буларды бийлик шыкактап жатышы мүмкүн деп жоромолдоп жатат. Дагы бир айым аталган гезиттеги маегинде бир депутатты никесиз төрөгөн деп айыптаган.

“Учурду” сотко берген депутаттардын бири Майрамкүл Тиленчиева буларды айтат:

- Ушул депутат үч жылдан бери сессияга келбейт, элдин көйгөйү менен иши жок деп, айтор ишибизди сындаса сындай беришсин. Сотко бермек эмеспиз. Бирөөнүн жеке турмушуна киришкенге эч кимдин акысы жок. Адамга, мамлекетке зыяны тийбей, ар ким өзү каалагандай жашаганга акысы бар.

Гезиттин ошол эле санында депутат Ирина Карамушкинаны “элдин баары адам өлтүргүч катары тааныйт” деп бир айым интервью берген. Эми гезитте бир беткей караланган төрт депутат редакциядан 2 миллион сомдон, башкы редактордон 500 миң сомдон, макаланын авторунан 100 миң сомдон өндүрүүнү талап кылышууда. Депутат Тиленчиева бул акчаны сот өндүрүп берсе бир тыйынын калтырбай балдар үйүнө котороорун билдирүүдө.

Эстен чыккан этика

Кыргызстанда эркин басма сөз менен саясатчылардын араздашуусу тез-тез кайталанып турат. Айрым гезиттер саясатчыларга фактысы жок, өтө ыплас сөздөр менен жалаа жапкан учурлар көп, бирок алардын көпчүлүгү кайра эле жарашып алып, гезиттин кийинки санында мактоого арзып чыга келет.

Кыргыз гезиттери

Кыргыз гезиттери

Эркин журналист Жакшылык Бердибек уулу айрым кесиптештери журналистиканын этикасын эстен чыгарып койгонуна кабатыр:

- Гезиттердин баары дебейм, айрымдары бирөөнү караламай, чукумай менен гана алек. Журналисттик этика боюнча экинчи тарапка сөз беришпейт, ошол эле депутаттардын да пикирин сурашса болмок. Тилекке каршы ушактын айынан кыргыз саясатчылары менен айрым гезиттер тирешүүгө өтүп алды.

Буга чейин медиа эксперттер да кыргыз тилдүү айрым гезиттерди фактыга таянып макала жазууга, журналисттик нормаларды сактоого үндөп келишкен, бирок гезит журналисттери аларга такыр маани беришпегендей. Анткен менен “Учур” гезити азыркы бийликти, өзгөчө президентти катуу сынга алган саналуу басма сөздүн бири. Гезит жетекчилиги буга чейин редакцияга бир нече ирет коркутуулар болгонун да айтып келет. Эми гезит миллиондогон каражатка доого жыгылабы же сот депутаттардын өтүнүчүн четке кагабы - убакыт көргөзөт.

Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө караганда сөз эркиндиги жагынан ат чабым алдыда, эркин басылмалар бийликти колунан келишинче сындап жазат. Бирок эл аралык абройлуу уюмдардын отчетунда дале сөз эркиндиги кайсы бир деңгээлде чектелүү деген баалар берилип келет. Маселен “Чек арасыз кабарчылар” уюму 12-февралда жарыялаган отчетунда Кыргызстанды басма сөз эркиндиги жагынан 180 өлкө ичинен 97-орунга жайгаштырып, "көңүл бурарлык проблемалары" бар өлкөлөрдүн катарына кошту.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG