Акжол Махмудов Тбилисиде өткөн грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдеште дүйнө чемпиону болду. Жаш спортчу бул ийгиликке жетүүдө мамлекеттин эмес, атасынын салымы көбүрөөк болгонун айтты. Махмудов ушундай эле жол менен 2020-жылдагы олимпиада чемпиону болууну кыялданат.