Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Журналистика: баркы жана түйшүгү


Кыргызстандык журналисттер
Кыргызстандык журналисттер

Басма сөзү салыштырмалуу эркин деп эсептелген Кыргызстанда эки миңден ашык маалымат каражаты каттоодо турат.

Эксперттер алардын 300дөн ашырагы гана иштейт деп айтып келе жатышат. Аймактардагы кабарчыларыбыз иштеп жаткан маалымат каражаттарынын жер-жерлердеги ишмердиги, таасири, барк-баасы жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу радиобаяндарды сунуш кылат.

Ош облусу жалпыга маалымдоо каражаттары эң көп чогулган аймак болуп саналат. Алардын көпчүлүгү мамлекеттен көз карандысыз. Бирок аларда сөз эркиндиги барбы? Аймактагы маалымат каражаты катары райондордогу элдин көйгөйүн жетиштүү чагылдырганга дарамети жетип атабы? Бул суроолорго аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков жооп издеген.

Ош: журналисттер эркинби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
Түз линк

Нарында жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине канааттанбагандар аларды эл ичинде кадыры түшүп жатат деп сындап жүрүшөт. Себеби эмнеде? Дегеле альтернативдүү, кызыктуу каналдардын болушуна эмне тоскоол болуп жатат? Аймактан кабарчыбыз Мирлан Кадыров сураштырып көрдү.

Нарын: атаандаш маалымат каражаттары аз
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00
Түз линк

Таласта көз карандысыз маалымат каражаты катары түптөлүп, атайын долбоорлордун негизинде иш алып баргандардын айрымдары каражаттын тартыштыгынан жабылып калып жатат. Кыска мөөнөттүү долбоорлорго таянып иштеп жаткан маалымат каражаттарынын аракеттеринин, келечегинин күңгөй-тескейи тууралуу Таластагы кабарчыбыз Салика Сариева кеп кылат.

Таластагы журналисттер көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00
Түз линк

Жалал-Абаддын алыскы район-шаарларындагы жергиликтүү гезиттерде учурда пенсия жашындагы журналисттер эмгектенишет. Айлык маянанын аздыгы биринчи себеп болсо, экинчиден жаштар заман агымына жараша жаңы технология менен иштөөнү эп көрүшөт. Аймактардагы райондук гезиттердин иш ыргагы менен кабарчыбыз Руслан Калматов таанышып көрдү.

Аймактагы гезиттер
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00
Түз линк

Элеттиктер маалыматка муктажбы? Көп түрдүү маалымат каржаттарынын кайсынысынан көбүрөөк пайдаланышат жана ишеним артышат? Ушул жана башка суроолор менен Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров жергиликтүү тургундарга кайрылып көрдү.

Баткен: Эл маалыматты кайдан алат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00
Түз линк

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын барк-баасы, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү, азыркы журналистикадагы жаңы тенденциялар тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаеванын суроолоруна жооп берди.

Марат Токоев: Журналисттер мурдагыдай баркталбай калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG