Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков 5-каналды парламенттик каналга айландыруу боюнча атайын жумушчу топ түзүп, анын төрагалыгына депутат Акылбек Жапаровду дайындады.

Ал ортодо акыйкатчы Турсунбек Акун 5-каналдын парламентке алынышын өлкөдөгү сөз эркиндигин кысымга алуу катары баалады.

Парламент сөз эркиндигине кысым көрсөтүп жатабы?

Жогорку Кеңеш депутаттарынын 5-каналды парламенттик телеканалга айландыруу тууралуу мыйзам кабыл алышы дале да болсо коомчулуктун көңүл чордонунда калууда. Парламентте 5-каналдын ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн ар бир фракциядан бирден депутат мүчө болгон комиссия иштей турганы белгилүү болду. Алар каналдын жаңыча нукта иш алпаруусуна көмөктөшмөчү.

Бирок өлкө акыйкатчысы Турсунбек Акун парламенттин мындай иш-аракети өлкөдөгү сөз эркиндигинe көрсөтүлгөн кысымга барабар экенин жар салды.

- Өзүңөр билгендей, эгемендүүлүгүбүздүн 20 жылдыгы белгиленди. Ушул 20 жыл ичинде биз көп нерсеге жетиштик. Алсак көз карандысыз пресса боюнча кошуналардан алда канча алдыга кеттик. Анан бийлик, Жогорку Кеңештин көз каранды эмес сөз эркиндигине кысым көрсөтүп жатканы, мени аябай түйшөлтөт. Себеби, Акыйкатчынын адам укуктары боюнча жалпы декларациясында, биз ратификациялаган бардык келишим, конвенцияларында сөз эркиндигине эч бир орган кысым кылганга болбойт деп жазылып турат.

Ошол эле учурда бир катар медиа талдоочулар парламентке өз ишин чагылдыруу үчүн бүтүндөй каналды өзүнө алууга муктаждык деле болбогонун айтышууда.

“Медиаполиси” институтунун юристи Надежда Алишеванын айтымында, эл өкүлдөрү мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушкан.

- Эгер эл өкүлдөрү өздөрү унутуп калбаса, 2007-жылы мамлекеттик каналдардын Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдыруусу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзамга ылайык мамлекеттик каналдардан парламенттин ишин чагылдырууга абдан эле көп убакыт бөлүнүп берилген. Эми менде ушул мыйзам эмне болот деген суроо туулууда. Мисалы, ушул мыйзамдын негизинде коомдук канал көрсөтүшү керек болгон убакыт алынып салынабы? Ушул суроо да жоопсуз бойдон калууда.

Деген менен 5-каналды парламенттик каналга айландыруу демилгеси менен чыккандар да өз жүйөөлөрүндө бекем турушууда.

5-канал бардык күчтөрдүн каналына айланабы?

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинин төрайымы Жылдыз Жолдошеванын ишендиришинче, 5-каналдын айлансындагы окуялардан трагедия издөөгө эч негиз жок. Себеби 5-канал жеке эле парламенттин ээлигине өтпөстөн, бүткүл саясий күчтөрдүн каналына айланат.

- Парламенттик канал болсун деген сөз эртеден-кечке парламенттеги жыйындарды көрсөтө берет дегендик эмес. Мисалы мен Грузияга барып келдим, ал жакта да парламенттеги болгон нерсени көрсөтөт экен. Ошондуктан парламенттик канал деп аталганы менен бизде канча партия болсо, ошол партиялардын иштерин, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын иштерин көрсөтө турган канал болушу керек.

Ал ортодо Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибеков парламенттик канал күнүнө бир саат парламенттин ишмердүүлүгүн көрсөтсө жете турганын билдирди.

Бирок айрым депутаттар калктын колдоосуна ээ болбостон кабыл алынган бул мыйзамдын иштеп кетиши кыйын экенин билдиришүүдө. Мындай пикирди колдогон депутаттардын бири Данияр Тербишалиев:

- Мыйзамды кабыл алганга чейин биз жарандардан ушундай парламенттик канал кылуу керекпи деп сурап көрүшүбүз керек эле. Негизи парламенттик канал бай өлкө болсок, керек болмок...


Ал эми медиа эксперт Жыргалбек Касаболотов 5-канал парламенттин колуна өткөн соң анын ишмердүүлүгүн бир тараптуу чагылдырса, каналдын өмүрү узун болбойт деген пикирде.

- Эгерде парламенттин ишин башынан аягына чейин ачык көрсөтсө, эч кандай деле карышылык болбойт. Бирок парламенттин өзүнөн цензура болсо, буга коомчулук деле каршы чыгат болуш керек. Себеби, бул салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланган каналга айланып жатат.

Апрель окуяларынан соң улутташтырылып башы ачылбай келе жаткан каналдын тагдырын Конституциялык палата чечпесе, талаш улана берээри айтылууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG