Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Айткан же жазган сөзгө жооп берүү керекпи? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” аттуу тегерек үстөл талкуусу мына ушул темага арналды.

Талкууга катышкандар:

“Айгай” гезитинин баш редактору Кенжебек Арыкбаев, Маалымат каражаттары маселелери боюнча коомдук палатанын мүчөсү, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын башчысы Динара Ошуракунова, Оштон “Ош шамы” гезитинин башкы редактору Тургунбай Алдакулов, Жалал-Абаддан көз карандысыз журналист Бактыкан Ажымаматова.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда маалымат каражаттары эсепсиз көбөйүп жаткандыгы айтпаса да белгилүү. Бул албетте демократиялык өнүгүүнүн белгиси. Ошол эле учурда улутчулдукка чакыруу басымдуулук кылып кетти деп, көз карандысыз эксперттер буга көп сандаган мисалдарды келтирип жүрүшөт.

Жакында прокуратура да антисемиттик чакырыктар бар деген негиз менен айрым гезиттик материалдарды териштирүүгө да киришти. Улутчулдук маанай чын эле барбы, болсо эмнеден улам чыгып жатат?

Кенжебек Арыкбаев: Акыркы учурда улутчулдук десе эле, кандайдыр бир чок баскандай, чочугандай көз караштар биздин жетекчилер тарабынан чыкчу болду. Өткөндө өлкөнүн премьер-министри Алмазбек Атамбаев «Национализм – это наш главный враг» деген пикирин айтып өттү.

Улутчулдук десе эле өтө радикалдуу көз карашты айткан жерим жок. Өтө эле радикалдуу чакырыктагы улутчулдук басылмаларды мен Кыргызстандан көргөн жокмун жана кездештире элекмин. Негизинен ар бир адам ар мамлекетте жашап жаткан титулдук улуттун өкүлү өзүнүн улутун сүйүп, ардактап, патриот болуусу жаман деле нерсе эмес болуш керек.
Эркин басылма дегенибиз менен бардык басылмалардын артында сөзсүз түрдө күч турат.


“Азаттык”: Бирок ошол эле мезгилде бир тил улутту өңчөй мактап, экинчи улутка доо кетирген пикирлерди, мисалы мен деле кыргыз гезиттеринен окуп жүрөм. Аны танууга болбойт деп ойлойм, мен журналист катары пикиримди айтып атам. Тургунбай мырза, улутчулдук маанай эмнеден улам келип чыгып жатат, болбосо ушуга байланышкан коомдук пикир эмне үчүн түзүлүп жатат?

Тургунбай Алдакулов: Биринчиден, кесиптешибиз жалпы улутчулдук маселеси жөнүндө жазуунун эч кандай зыяны жок деген пикирине мен кошула албайм. Анткени улутчулдуктун айынан Ош шаарында, жалпы эле түштүк регионунда кандай каргашалуу окуялар болуп кетти.

Биз Ошто маалымат каражатын чыгарып, түштүктө жүргөн журналист катары баса белгилеп айтаар элем, өзгөчө Бишкек шаарынан чыккан айрым гезиттер ушул темага өтө жеңил-желпи карап, патриоттук менен улутчулдуктун айырмасын таптакыр эки башка түшүнүп алышкан. Ошондуктан улутчулдук темасына терең маани берип, жоопкерчилик менен жазыш керек деп эсептейм. Анткени улутчулдуктун айынан өзбектер бул тараптан өздөрүнүн ММКларын чыгарып тараткан болсо, ал эми айрым кыргыз гезиттери ошол учурда түштүк регионуна айрым провокациялык, башка улуттун кадыр-баркын тебелеп-тепсеген материалдарды чыгарып жибергенине биз өзүбүз күбө болуп, тиги жактагы башка улуттарга курал катары кызмат кылып жатат.

Журналисттер керек болсо биз жөнүндө мындай материалдарды жазган деп түрдүү жерлерге кайрылып, аларга факт болуп берип атат. Бүгүнкү күндө деле ушул тенденция токтой элек. Мен кесиптештерден суранып, чакырып кетмекмин: улутчулдук темасына материал жазууда коогалаң болгон жерлерге келип, бул жактагы элдин да оюн эске алып, алар менен бетме-бет сүйлөшүп, бул теманы терең түшүнгөндөн кийин анан бул темага кайрылып жазыш керек деп эсептейм.

Коогалаңды ээрчиген улутчулдук

“Азаттык”: Бактыкан айым, Жалал-Абадда улутчулдук маанай деп түзгөн жергиликтүү маалымат каражаттары барбы? Эгер болсо, аларда эмне үчүн ушундай маанай түзүлүп атат? Алар ММКлардын айынан коомчулукту дүрбөлөңгө салган жагдайлар көп болуп жатат деген пикирлер айтылып атпайбы. Ушул пикирдин чындыгы барбы?

Бактыкан Ажымаматова: Мен өзүм Жалал-Абаддагы журналист катары айтам, бизде Жалал-Абадда улутчулдук маселесин орчундуу козгогон ММКлар дээрлик жок. Өткөн жылдагы коогалаңдан кийин Жалал-Абад жергесиндеги ММКлар улутчулдукка жол беришкен жок.
Баары эле сөз эркиндиги менен укукту синоним катары түшүнөт. Ал эми жоопкерчилик маселесине көңүл кош мамиле жасалгандай сезилет.


Азыркы кезде талдап жаткан сепаратисттик күчтөрдүн улутчулдукка чакыруу катарындагы сөздөрү, аракеттери гана чагылдырылып жатты. Бул элди кайсы бир деңгээлде сөзсүз түрдө өзүнө тартты.

Көпчүлүк учурда биз улутчулдук менен мекенчилдикти жакшы айырмалай албай жатабыз. Эркин журналисттердин чабалдыгынын кесепетинен эки нерсе ажырым катары каралып калып, элди улутка бөлүү аракеттери көрүнүп калып атат.

“Азаттык”: Динара айым, көптөн бери бул маселе көтөрүлүп келатат. Июнь коогалаңына чейин эле улутчул маанай маалымат каражаттарында көбөйүп кетти деген сөздөрдү эл аралык эксперттер айтып келишкен. Ушундай маанайдын түзүлүшүнө эмне себеп болуп атат? Буга чын эле журналисттердин чабалдыгынан болуп атабы, же башка себептер барбы?

Динара Ошуракунова: Июнь окуясына чейин биздин ММКларда улутчулдук анча сезилчү эмес. Мен Бактыкан жана Ош шаарынын өкүлү менен макулмун. Анткени улутчулдук июнь коогалаңынан кийин башталды.

Улутчулдук менен мекенчилдиктин айырмасы бар. Азыр эмне үчүн көптөрү улутчул болуп чыгып атат? Көбүнчө бизде журналисттер эмес, менчик гезиттердин өкүлдөрү тил маселесин, Кыргызстандын мекен катары маселесин улутчулдукка айландырып жатат.

Улутчулдук – бир улуттун талаптарын койгон нерсе. Мекенчилдик – Кыргызстан менин мекеним, мен Кыргызстандын жаранымын, жаран катары бардык жашаган жарандар менен биргемин дегенди билдирет.

“Азаттык”: Кыргызстанда жашаган улутуна эмес, биринчи кезекте жашап аткан адамдын салымы баалуу болуш керек деген нерсени журналисттер акыркы маселе эмес экенин түшүнүш керек деген пикирди айтып атасызбы?

Динара Ошуракунова: Туура.

Маалымат тандоо өнөрү

“Азаттык”: Албетте улутчулдук маселесинин келип чыгышынын бир өңүтү жоопкерчиликке да байланыштуу болсо керек. Эркиндикке караганда жоопкерчилик экинчи планда калып, эркиндикти ашкере пайдаланып кетүү да азыркы журналистикада өтө терс көрүнүш катары айтылып жүрөт. Мисалы бир тараптуу, коомчулукту дүрбөлөңгө салган маалыматтар айтылып жатат, редакциялык саясат туура эмес жүрүп жатат деген пикирлер айтылып жатат. Тургунбай мырза, адатта сиздердин редакцияда маалымат кантип тандалат, кантип текшерилет? Аларды коомчулукка жеткирүүнүн кандай жолдорун пайдаланасыздар?
Улутчулдуктун айынан Ош шаарында, жалпы эле түштүк регионунда кандай каргашалуу окуялар болуп кетти.


Тургунбай Алдакулов: Жоопкерчилик менен укук маселеси биздин жалпы журналист кесиптештердин арасында эки түрдүү өнүгүп кетти. Баары эле сөз эркиндиги менен укукту синоним катары түшүнөт. Ал эми жоопкерчилик маселесине көңүл кош мамиле жасалгандай сезилет.

Биздин учурдагы бийлик бир топ маалымат каражаттарынын кызматы менен революция дейбизби, бүгүнкүдөй деңгээлге, бийликке жетип отурат. Ошондуктан алардын бир тобунун өзүнүн ММКлары бул күнгө чейин алардын идеяларын элге жеткирип, чындык үчүн чыркыраган инсан катары көрсөтүп келген болсо, ошол эле маалымат каражаттар өзүнүн функциясын өзгөртүп, аларды колдогон мааниде маалыматтарды берип жатышат.

Биздин практикада мүмкүн болушунча алынган маалыматты ар тараптуу тактаганга аракет жасайбыз. Жалпы редакциялык жамаатка талапты биринчи эскертүү катары берип, такай көзөмөлдөп турабыз. Түшкөн маалыматтарды сындап жаткан болсо, сындалып жаткан тараптын да пикирин бергенге басым жасайбыз. Эгерде ал тарап өзүнүн пикирин берүүдөн баш тартса, ал да сөзсүз кетет.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, сиздин практикада кандай? Журналисттер үчүн тренингдер көп эле өтүп жатат. Эмне үчүн тренингдерде айтылган эл аралык стандарттар журналисттерге жукпай жатат?



“Азаттык”: Бир топ гезиттерди кызыгып окуп, карайлы десек, көп учурда бир тараптуу кызыкчылык үстөмдүк кылып тургандай сезилет. Журналистиканын этикалык эрежелери бузулган учурлар болот, бир тараптуу каралаган учурлар да байкалат. Текшере элек болгондон кийин бербей койо турса болмок экен деген күдүк ойлор менде окурман катары калып калат. Ошондой эле нерселер окурмандардын, жалпы коомчулуктун табитин бузуп жаткан жокпу?



“Азаттык”: Бактыкан айым, бир кесиптешибиз айтып атат, имиштер маалыматтын булагы деп. Сиз буга кандай карайсыз? Журналистикада эл аралык стандарттарды үйрөнүү үчүн сиздин кесиптештериңизге эл аралык стандарттардын чегинде иштөөгө эмне тоскоолдук болуп атат?

Бактыкан Ажымаматова: Азыр колуна калем кармагандын баары эле журналист болуп кетти. Эки сөздүн башын кошуп жазган болсо эле ал журналист болуп, журналистиканын мүмкүнчүлүктөрүн ашкере пайдаланган кесиптештерибиз өтө көбөйүп кетти.

Эркин басылмалардын саны да аябай көп. Алардын көбөйгөнү жакшы. Бирок атына заты жарашып, билим деңгээли начар болуп, эл аралык стандартты билбегендиги биздин артыбызга көө жаап атат. Айрыкча биздин интернет булактары сөз эркиндигин ашыра пайдаланып атышат.

Кыска мөөнөттүү, көз каранды

“Азаттык”: Бизге окурманыбыз “кыргыз гезиттерин окуш үчүн темир нерв керек, мындай заар сөздөрдү бир да романдан окуган эмесмин. Бул 90-жылдары “Агымдан” башталды эле, эми күчөдү го, ким чыдап окуйт” деген пикирин жазыптыр. Калкта ушундай пикирлер аз эмес. Калкты маалымат менен жабдуудагы ушул жана башка өксүктөрдү жоюу үчүн кандай аракеттер керек?

Кенжебек Арыкбаев: Ушул өңүттөн Динара айымдын айтканына толук кошулам. Себеби имиштер деген нерсе өзгөчө акыркы учурларда эркин гезиттерде өтө жайылып, жанрга айланып кеткен. Өтө өкүнүчтүү.
Акыркы учурда улутчулдук десе эле, кандайдыр бир чок баскандай, чочугандай көз караштар биздин жетекчилер тарабынан чыкчу болду.


“Ленинчил жашты” көп жылдан бери жетектеген Акбар Рыскулов, “Кыргыз туусун” жетектеген Абдиламит Матисаков деген инсандар менен жолугуп отурганда так ушул маселени козгодук. Журналист коомдун санитары да, ошол милдетти өтөш керек болчу. Азыр болсо ар бир гезиттин артында кимдир бирөө тургандай, ошонун куралына айланып алган.

Бактыкан Ажымаматова: Менин оюмча, журналист эч качан көз карандысыз боло албайт. Себеби ал жеке басылмасын ачыш үчүн ага каражат керек. Каражат жагынан камсыздап аткан адам журналистти кол баласы катары пайдаланып атат. Эркин басылма дегенибиз менен бардык басылмалардын артында сөзсүз түрдө күч турат. Ошонун ырын ырдабаса ал журналист материалдык жактан камсыз боло албайт.

“Азаттык”: ММКлар менен иштөө боюнча коомдук палата кандайдыр бир сунуштарды иштеп чыкканбы?

Динара Ошуракунова: Мен коомдук палатага көп катыша элекмин. Бирок андай стандарттар бар. Ал эл аралык стандарттар жана журналистикалык этика. Ушакты тараткан ММКлар ал кыска мөөнөткө ачылган гезиттер. Алардын да убактысы өтөт. Азыр 21-кылымда интернет деген чыккан. Ошол жерден көп адамдар маалыматты алып алышат.

“Азаттык”: Көз карандысыз ММКлар бар дегенге ишенесизби, же жокпу?

Динара Ошуракунова: Бир адам интернеттен өзү жаңылык катары маалыматтарды жазып, аны башкалар кабыл алып, ошол жерде дискуссия болгон нерсе көз карандысыз. Ал эми бизде кыска мөөнөттө ачылгандар көз карандылар.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG