Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Саалаев: Парламент КТРКга өз кишисин алып келүүнү каалайт


КТРКнын байкоочулар кеңеши баш директорду тандоодо, 9-октябрь, 2010-жыл

КТРКнын байкоочулар кеңеши баш директорду тандоодо, 9-октябрь, 2010-жыл

“Коомдук телерадио берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитеттеринин кароосунан өткөн соң, Жогорку Кеңешке коюлат. Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышына канчалык деңгээлде муктаждык бар? КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Жедигер Саалаев “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": “Коомдук телерадио берүү” жөнүндөгү мыйзам долбоору сунушталып жатат. Бул мыйзам долбоору КТРК үчүн кандай мааниге ээ?

Жедигер Саалаев: Чынын айтыш керек, бул мыйзам долбоору элди туура эмес түшүнүктөргө жетелеп жатат. Бул мыйзам долбоору азыр КТРКны түзгөн, ошондогу Убактылуу өкмөттүн декретинин эле көчүрмөсү. Ошондогу декрет менен бекиген КТРК жөнүндөгү жобонун сөзмө сөз көчүрмөсү. Жөн эле көз будамайлоо ачыктан ачык көрүнүп турат.

Жобону мыйзамга айландыруу менен парламенттен өткөрүп, анан ошол мыйзамга ылайык КТРКны жаңыдан бутуна туруп кетүүгө көп жардам кылып жаткан байкоочулар кеңешинин курамын өзгөртүү жөнүндө сөз болуп жатат.

"Азаттык": Мыйзам долбоорунун автору Каныбек Иманалиев КТРК туура эмес маалымат таратып жатканын, сөз байкоочу кеңешти таратуу эмес, КТРК жөнүндөгү мыйзам туурасында гана болуп жатканын ырастап жатпайбы?

Саалаев: Ооба, ошентип ырастады. Бирок анын артындагы негизги ою ошол: КТРК жөнүндөгү жобо ошол эле мурдагы парламенттин депутаты Иманалиев иштеп чыккан ошол эле мыйзамдын негизинде түзүлгөндүгүн, ошол экөө окшош экендигин ал айтпай жатат. Ошол жобону мыйзамдаштырып коюу деген чындыгына принципиалдуу маселе. Албетте мыйзамга айландыруу керек. Бирок мыйзамга айландырганда маселенин экинчи жагы келип чыгат: ал мыйзамга ылайык кайрадан шайлоо деген.

"Азаттык": Эгер мыйзам керек болсо, анда эмне үчүн ага каршы болуп жатасыздар?

Саалаев: Мен мыйзамга каршы болгон жокмун. Мыйзамды бүгүн деле кабыл ала берсин. Бирок дагы бир нерсе бар: КТРК ошол жобонун негизинде иштеп жатат. Эгер салыштырып айта турган болсок, Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизсек, ошол өзгөртүүлөрдүн негизинде парламентти таратып жиберип, кайра шайлоо өткөрбөйбүз.

Азыр парламенттин депутаттары ачык эле айтып жатышат, демек мыйзам кабыл алынса, бул байкоочу кеңештин курамын таратып, башканы алып келиш керек деп. Анын артынан ар кандай иштер башталат. Анда башкы директорду алмаштырыш керек. Маселенин мааниси ошондо. Ошол парламенттеги партиялардын кишиси барышы керек.

Азыр президенттик шайлоо жакындап, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн да, башкаларын да, керек болсо “Учкун” акционердик коомунан бери бүт өзгөртө башташты. Буга үлгүрбөй калышкан. Азыркы парламент өз ишин баштагыча, байкоочу кеңештин күчү менен КТРКнын башкы директору бекип калган. Эми ошону өзгөртө албай кыйналып жатышат. Мен башка себепти көрө алган жокмун.

"Азаттык": Бирок байкоочу кеңеш “тарап кетебизби” деп чочулагандыктан ушундай талашка себеп болуп жатат дегендей пикирлер айтылууда?

Саалаев: Аны ошентип сөз тараткандар жөн эле айтып жатышат. Мен байкоочулар кеңешинин мүчөсү катары ачык эле айтайын, эгер президент өзүнүн жарлыгын жокко чыгарып, кайра таратып жиберсе, жөн эле тарап кетебиз. Ал жерде айлык алып иштеген эч ким жок. Биз коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн чын дилден иштеп жатабыз. Ал жармаша турган деле кызмат эмес. Бирок биз принцип үчүн, абийир алдында ушул ишти аягына чейин чыгарып коюшубуз керек. Анткени биз президенттин жарлыгы менен үч жылга бекигенбиз.

Жанагы мыйзам кабыл алынса, андан ары байкоочу кеңеш 5 жылга бекийт. Ишибиздин алгачкы жемиштери коомчулукка көрүнүп калды. Мурдагы иштей албай койгон байкоочулар кеңешинен айырмаланып, биз бир ымалага келип, бир топ иштерди жасап, КТРКнын экранында көрсөттүк. Дагы көрсөтчүлөр алдыда.

"Азаттык": Эгерде мыйзамдаштыруу камылгаларын көрбөсө, кийинки келчү президент өзүнүн бир эле жарлыгы менен азыркы декреттин күчүн жокко чыгарып, КТРКга өзүнүн кишисин коюп коюушу ыктымал деген пикирлер да айтылып жатат. Чын эле ошондой да болуп калышы мүмкүнбү?

Саалаев: Жок, президент анте албайт. Президент байкоочулар кеңешин өзүнүн жарлыгы менен тарата алат. Башка байкоочулар кеңеши шайланып, мыйзам, жобо менен КТРКнын башкы директорун шайлашы керек. Ал эми жанагы мыйзамда, жободо байкоочу кеңеште 5 киши президенттин, 5 киши парламенттин, 5 киши коомчулуктун өкүлү болушу керек. Бирок ага чейин парламентке ондон киши сунушталат. Парламент он кишиден бештен тандап алып, байкоочулар кеңешин түзөт.

"Азаттык": Бирок учурунда жобо боюнча азыркы байкоочу кеңешке, сиз айткандай, бештен киши тандалып, түзүлгөн эмес да?

Саалаев: Анда парламент жок болгондуктан, ал убакта эч бир башка бийлик бутактары иштебегендиктен, жалгыз Убактылуу өкмөт ошонун баарынын милдетин аткарып жаткандыктан, ошол жобого өзгөртүү киргизилген. Ошол кездеги тарыхый кырдаалга жараша Убактылуу өкмөт жанагындай беш-бештен эмес, документ тапшырган 49 кишинин ичинен рейтингдик жол менен жашыруун добуш берип, 15 кишини тандаган.

"Азаттык": Сиздин көз карашыңызда мындан аркы кадамдар кандай болушу керек? Мыйзамга кандай жол менен кайтып келүү керек эле?

Саалаев: Мыйзамга кайтып келиш үчүн азыркы жол туура эле. Парламент өзүнүн регламентине ылайык, өзүнүн процедурасы, жол-жобосу менен кайрадан мыйзамды кабыл алышы мүмкүн. Бирок эч качан декретти жокко чыгара албайт. Декретти жокко чыгарса юридикалык прецедент пайда болот. Анда ушул парламентти бүгүнкү күнгө алып келген референдум өткөрүү тууралуу декрет да, конституциялык реформа жөнүндөгү декрет да - баары жокко чыгыш керек. Анда парламенттин өзү да легитимсиз болуп калат. Андай жол жок.

Өзүнүн кезеги менен бул мыйзамды кабыл ала берсе. Бирок өткөөл мезгилде үч жылга бекиген байкоочулар кеңешинин ушул курамы үч жыл иштеп бериши керек. Анан үч жыл бүткөндө, ошондо ошол мыйзам менен парламенттин беш жылга жаңы байкоочулар кеңешинин курамын шайлап алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ушул нерсе конкреттүү түрдө көрсөтүлүшү керек.

"Азаттык": Парламент ошол мыйзамды кабыл ала турган болсо, ошол сиз айткан жагдайлар эске алынат деп ишенесизби?

Саалаев: Кыргызстандын азыркы турмушунда түрдүү күтүүсүздүктөрдү көрүп эле жатабыз. Мен бардыгы ошондой сакталып калаарынан күмөн санайм.

"Азаттык": Бирок беш партиянын позициясы беш түрдүү. Ошондуктан ал жерде бир максатты көздөгөн бир күч болушу мүмкүн эмес деген пикирлер айтылып жатат?

Саалаев: Албетте аны биз көрүп жатабыз. Эмне эле жанагы коалиция түзүлө албай жатат десе кийин көрбөдүкпү. Кыргызстандын бюджетин түзүүчү өнөр жайдан тарта массалык маалымат каражаттары, министрлик, айыл өкмөттөрүнө чейин үч партия бөлүп алган тизмелери интернетке жарыяланбадыбы. Ошол эле кыязда кете турган болсо көп маселени жөн эле түшүнсө болот да.

"Азаттык": Бирок эгер мыйзам кабыл алынып, анын негизинде байкоочу кеңешке ар кандай позициядагы кишилер келе турган болсо, анда КТРКны бир күч колуна алып алат деп кооптонбой деле койсо болоттур?

Саалаев: Бирок башталган иштин баары көп жолтоого туш болот да. Ортодогу КТРК жөнүндөгү демократиялык жакшы идеялардын бардыгы дубалга тушугуп калат да. Ошонусу жаман.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG