Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

“Бешинчи каналды” парламенттин карамагына алуу боюнча мыйзамга президенттин каршы пикирин ашып өтүп, Жогорку Кеңеш аны күчүндө калтырды.

Президенттин өкүлү бирок аны аткаруу үчүн каржы булактары көрсөтүлбөгөнүнө карабастан чечим кабыл алынганын сынга алды.

Жогорку Кеңеш 23-сентябрдагы отурумунда “Бешинчи каналды” парламенттин карамагына өткөрүү боюнча мыйзамга карата президенттин каршы пикирин 102 добуш менен басып өттү.

Каржы булактары өкмөт менен макулдашылбаган деген негиз менен парламент кабыл алган ал мыйзам долбооруна президент кол койуудан баш тарткан болчу. Эми Баш мыйзамга ылайык, мамлекет башчысы 14 күндүн ичинде ага кол койбосо, парламент төрагасынын колу менен мыйзам күчүнө кирет.

Данияр Нарынбаев
Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев мыйзам каржылоо булактары көрсөтүлбөстөн кабыл алынганын сынга алды:

- Мыйзамды кабыл алуудан мурда анын аткарылышын камсыздоо үчүн өкмөт менен макулдашылган каржылоо булактары көрсөтүлүшү керек эле. Президент мына ушул жагына басым жасап, каршы пикирин билдирген болчу. Бирок депутаттар каршы пикирди кароодо өкмөт буга каражат жок деген корутунду бергенине карабастан кабыл алып коюшту.

Жогорку Кеңеш “Бешинчи каналды” өзүнүн карамагына өткөрүп алышы медиа чөйрөдө карама-каршы пикирлерди жаратты. Айрымдары парламент муну менен таасирин ашкере күчөтүп, маалымат айдыңын колго алууга аракеттенип жатат дешсе, экинчилери мамлекет казынасынан каржыланган эки телеканал турганда үчүнчүсүн уюштуруунун зарылдыгы бар беле деген маселени кабыргасынан коюшту.

Медиа өкүлчүлүктүн жетекчиси Акмат Алагушев муну парламенттин өзүм билемдиги катары баалады:

- “Биз бул жакта күчпүз, биз билебиз, биз бардыгын чечебиз” деген эле ураан менен эле ушундай чечимге келишти. Бирок аны кылдат иликтеп көрүшкөн жок. Бул турушунда парламенттик телеканал бир жактуу болуп калат.

Деги эле парламенттик телеканалдын коомго кереги барбы? Бир дагы өлкөдө парламенттин өз алдынча телеканалы жок. Мында ар кимиси “аны көрсөткүлө, муну көрсөткүлө, тигил эмнеге калып калды” дей берери турган иш. Анан телеканал алардын кол баласы катары ошолордун баскан-турганын эле көрсөтүп калат. Мындай телеканалды ким кызыгып көрөт?


Бирок телеканал бир жактуу болуп калат деген дооматтар менен депутаттар корпусу макул эмес. Анткени алар мыйзамдардын маңызын жана парламенттин жалпы ишин коомчулукка кеңири чагылдыруу зарылдыгы бар деп эсептешет.

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Осмоналиев муну парламентаризмди өнүктүрүүнүн каражаты деп баалады:

- Бардыгыбыз "Кыргызстан парламенттик башкарууга өттү" деп мактанабыз. Анда эмнеге парламент өзүнүн ишин кеңири жайылткан маалымат органына ээ болбошу керек? Депутаттардын ишин түздөн-түз элге жеткирип турган, мыйзамдардын маани-маңызын чечмелеп бере турган телеканал болсо анын эмнеси зыян? Мен эми дайыма эле парламентти көрсөтсүн дебейм. Бирок 20 пайыз парламентти, калганын илимий-популярдуу, агартуучу программаларды жана тасмаларды берсе эмнеге болбосун?

“Өзгөгө кетпесин” саясатыбы?

“Бешинчи канал” башында КООРТ деген аталышта болуп мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон деп айтылып жүрөт. Былтыр Убактылуу өкмөт аталган телеканалды улутташтыруу боюнча декрет чыгарган.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева аталган телеканалды дагы бир саясий күчтүн куралына айландырбоо үчүн парламент аны өзүнүн карамагына алганы туура болду деп эсептейт:

Дамира Ниязалиева
- Буга чейин бул телеканалга Максим Бакиев ээлик кылып келген. Азыр болсо башка дагы бирөө өзүнө энчилеп алуу коркунучу турат. Анан анын жаңы кожоюндары да мурдагыдай буйрутма көрсөтүүлөрдү бердиртпейт деп ким кепил боло алат? Андан көрө мамлекетке өтсүн деген сунуштар болгондон кийин бул мыйзам долбоорун мен да колдодум.

Ошол эле кезде парламенттик телеканалды башкарууда саясий кызыкчылыктардын кагылышы кандайча жөнгө салынары мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Мыйзам долбоорунун автору депутат Исмаил Исаков мыйзам күчүнө киргенден кийин атайын жобо иштелип чыга турганына токтолду:

- Жободо телеканалдын жаңы түзүмү, иштөө форматы, редакциялык саясаты жана кандай негизде иш алып бара тургандыгы боюнча бардык документтер даярдалат. Аны биз бул жерде кеңири талкуулап, көпчүлүк добуш менен макул деп табылган чечимди кабыл алабыз. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы кандайча жөнгө салына турганы да так көрсөтүлөт.

Депутаттар мыйзам күчүнө киргенден кийин телеканалдын форматын, редакциялык саясатын жана жалпы ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн байкоочу кеңеш түзүү сунушун көтөрүп чыгышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG