Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Галина Скрипкина маалымат каражаттары аркылуу атайылап жалган маалымат таратканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин көтөрдү. Медиа эксперттер бул Конституцияга каршы келерин билдирип жатышат.

Депутат Галина Скрипкинанын белгилешинче, жалган, такталбаган маалыматтар жогорку кызматтагы адамдарга, бийлик институттарына болгон элдин ишенимин жоготуп, эл алдында кадыр-баркын түшүрүп, социалдык чыңалууга түрткү болууда.

Эл өкүлү жалган маалымат тараткан үчүн жазаны күчөтүп, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууну да сунуштоодо. Демилгечи депутат менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Биз маалымат каражаттарына жооп берген вице-спикер Бөдөш Мамырованын пикирин билүү үчүн кайрылганыбызда ал маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу үчүн атайын механизмдер зарыл экенин белгиледи. “Сөз эркиндигине жамынып, жалган маалыматтарды тараткандар арбын болуп жатат”, - дейт төрага орун басары.

- Жөн эле уккан сөз деле маалымат каражаттардын бетине чыгып кетип жатат. Чынбы, жалганбы - ага эч ким жооп бербейт. Ошол эле мезгилде жалган жалаа жабылган адамдар коомчулуктун арасында ошол маалымат аркылуу өзүнүн баасын алып жатат. Толук чектөө болбосо да, маалыматтын тактыгы үчүн кандайдыр бир механизм керек. Мурдагыга караганда азыр гезиттердин, ачык айтайын журналисттердин деле имиджи түшүп кетти. Журналистиканын, маалымат каражаттардын деңгээлин көтөрүш үчүн так маалымат керек. Ошонун механизми болуш керек.

Ал ортодо медиа эксперттер Кылмыш кодексине мындай беренени киргизүү Конституцияга каршы келерин билдирип чыгышты. Алар бул демилгени сөз эркиндигин кысуу аракети катары баалап жатышат.

Журналисттердин укуктарын коргогон медиа өкүл Акмат Алагушевдин айтымында, бийлик бул беренени Кылмыш кодексине киргизүү менен артка кадам таштайт.

- “Де-факто” деген гезит бар болчу. Убагында прокуратура органдары ушул берене менен иш козгоп, гезитти иштетпей, редактору Чолпон Орозобекова чет мамлекетке кетип калбадыбы. Анда мындай толуктоолор да жок болчу. Эми бул укук коргоо органдарына чоң күч. Ошондуктан бул түздөн-түз журналисттерге, сөз эркиндигине кысым.

"Факт менен сүйлөйлү"

Кылмыш кодексинен “ушактоо”, “мазактоо” беренелери 2011-жылы алынып салынган. Ага ылайык, ушак айтканы же мазактаганы аныкталган адам жарандык же административдик кодекстин негизинде укук бузуучу катары сыпатталып, айып пулга гана жыгылат.

Буга чейин бир катар журналисттер аталган беренелер боюнча кылмыш жообуна тартылып келген. Бирок соңку кезде айрым депутаттар бул беренени кайрып келүү демилгесин көтөрүп чыгышууда. Социал-демократтар фракциясынан депутат Акылбек Султанов мамлекет жетекчилеринин беделине шек келтирген басылмаларга чара көрүүнү сунуштаган болчу. Муну ал басылмаларда ушак-айың көбөйүп, коомдук пикирди туура эмес калыптандыруу өнөкөтү күчөп жаткандыгы менен түшүндүргөн болчу. Былтыр ушул эле фракциянын өкүлү Эгемберди Эрматов Кылмыш-жаза кодексине “ушактоо” беренесин кайра киргизүүнү сунуштап, муну Жогорку Кеңештин дарегине ар кандай ыплас сөздөр айтылып жатканы менен түшүндүргөн.

Журналисттер муну бийликтин сөз эркиндигине карата кысымы же ошого аракет жасоо кадамы катары баалашууда. “Учур” гезитинин редактору Аслан Сартпаев мындай берене болбогону менен бийлик азыр деле сөз эркиндигин аздыр-көптүр муунтуп жатат.

- Булар баягы эле эски жолду тандап жатышат. Эски режимдегидей уруп-сабап, тепкилеп, өлтүргөнгө азыркы бийлик бара элек, бирок сот аркылуу чоң акча салып, кылмыш козгоого да аракет кылып жатат. КСДПдан ушундай демилге чыкканы да бекеринен эмес. Атамбаев мурда сөз эркиндигин, журналисттерди коргойм деп жүрчү эле, азыр Бакиевдин жолу менен эле саясат жүргүзүп жатат.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов баш болгон мамлекет жетекчилери гезиттерде ушак-айыңдарга көп орун берилип, ал үчүн жоопкерчилик жок болуп жатканын белгилешкен. Мындай пикирлерге вице-спикер Бөдөш Мамырова да кошулат.

- Мурда уккан нерсени тактап, кайсы жерде, кандай деңгээлде айтылды деп фактылар менен сүйлөйт эле. Ошол жагынан албетте бул журналисттерге жакпайт, мурдагы бийликтей болуп калды деп. Мен мурдагысын да, кийинкисин да жактабайт элем. Мен так маалыматты жактайм, далилдер, фактылар болушу керек. Андайлар, тилекке каршы, акыркы убакта болбой жатпайбы.

Кантсе да Кылмыш-жаза кодексине бул беренени киргизүү артка кетүү деп эсептейт - журналист жана эксперт Бакыт Орунбеков. Анын пикиринде, бул демократия принциптерине да туура келбейт.

- Кылмышка тартылып, журналисттер четинен камала баштаганда көп жылдар жүрүп отуруп анан ушуга келгенбиз, ушуга жетишкенбиз. Кайрадан Кылмыш кодексине киргизүү менен артка кетебиз. Муну менен эл аралык коомчулуктан башта өзүбүздүн демократия деп айткан сөзүбүз жалган экенин көрсөтөбүз. Муну менен демократиялык принциптерди бузган болуп эсептелебиз. Бири-бирине акаарат келтирип, жалган маалымат берип, ушактаганы үчүн башка мыйзам жолдору менен жазалоо жолдору көп.

Медиа талдоочулар буга окшогон жагдайларды кооптонуу менен кабыл алышты. Мунун шылтоосу менен сөз эркиндигине басым көрсөтүүгө бийлик кайрадан жол береби деп санаркап турушат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG