Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

“Арай көз чарай” талкуусунда парламенттик каналга айландырылып жаткан “Бешинчи канал” жана анын Кыргызстандагы медиа саясатка таасири тууралуу сөз болду. Таасирдүү телеканалдардын катарында саналган “Бешинчи каналдагы” өзгөрүүлөр Кыргызстандагы сөз эркиндигине кандай таасир этиши мүмкүн?

Студиянын коноктору: Өмүрбек Абдрахманов – Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү жана Султан Каназаров – президенттин маалымат катчысы.

“Азаттык”: Апрел ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөт улутташтырган “Бешинчи канал” парламенттин карамагына өттү деп эсептейт экенбиз. Тиешелүү мыйзамга президент эмес, парламент төрагасы кол койду, буга Конституция жол берет экен. Президент болсо мындай милдетти мойнуна алган жок. Ал 5-канал жабык акционердик коому жөнүндөгү мыйзамдын каржылык колдоосу чечилген эмес деп эки ирет парламентке кайтарды. Өмүрбек мырза, мындан ары 5-каналдын редакциялык саясатын парламентте ким аныктайт, төрагабы, фракциябы, же сессиябы?

Абдрахманов: Мунун тарыхына бир аз токтоло кетишибиз керек. 5-каналды кийинки беш жылда Максим ээлеп алып, үй-бүлөлүк, зордукчул саясатын жүргүзүп келген. Ошонун башында азыркы редакторлор отурган. Муну эч ким тана албайт.
Парламенттин убактылуу алып турабыз, кайра беребиз дегени жөн гана сөз.

Андан кийин декрет менен мамлекетке алынгандан кийин деле ошол саясатын бир дагы жолу өзгөрткөн жок, жалаң гана Максимдин “Мегаком” сыяктуу ала турган фирмаларын бир жактуу кылып, анан Бабановду гана көрсөтүп турду. Биз бул мамлекеттик болгондон кийин далай жолу айтканбыз, “мамлекеттик кылып, эки тараптуу көз караш бергиле” деп. Бирок уккан эмес.

Бабанов да бул компанияны сатып алаарын жашырган жок. "Мен 100 миң долларды төлөп койдум" деп депутаттык комиссияда айтты. Эмне үчүн президент мынчалык эле 5-каналга жан тартат? "Каржы маселеси чечилген эмес" дейт. Эки жылдан бери каржы маселеси жакшынакай чечилип, өзүн-өзү каржылап эле иштеп келатат. Эмне үчүн Жогорку Кеңештин карамагына өтсө эле каржы маселеси чечилбей калат?

Маалымат саясатын эч ким аныктабайт, коомго, азыркы заманга жараша чыгармачыл жамааты аныктайт. Эгер парламенттик болсо, өзүбүз көрсөтө турган убакыт болсо, элге керек, жеткире турган маселе болсо, ошону аз убакыттын ичинде, аптасына бир сааттан болобу, ал убагына Жогорку Кеңештин эсебинен акча которуп беришибиз мүмкүн.

“Азаттык”: Адатта телеберүү өзү кымбат, Жогорку Кеңеш ошол акчаны кайдан алат?

Абдрахманов: Менчик сыналгы өзүн-өзү каржылайт, рекламалары жана башкалары бар. Өзгөчө шайлоо убагында болуп көрбөгөндөй чоң акча таап алышат.

“Азаттык”: Парламент бийликтин бир бутагы да, анан сөз эркиндигине таасир этип, эркиндиктен бир аз кысылып калышы мүмкүн, ага жараша аудиториясын жоготуп алышы мүмкүн эмеспи? Парламентке кызмат кылып, эркиндик чектелип калбайбы?
5-канал Максимдин учурунда бюджеттин эсебинен 26 млн. жеп алган. Султан андай эле күйсө аны эмнеге көтөрбөйт?

Абдрахманов: Жакында биздин парламенттин төрагасы булардын аккредитациясын алып салган. Ошого мен каршы болуп чыгып, андан кийин төрага менен да сүйлөшүп, "буларды бергиле, биз антип оозду жаап койгонубуз туура эмес, биз бардыгына эркиндикти беришибиз керек, сүйлөй берсин" деп, эркиндик болсун деп атабыз.

“Азаттык”: Чын эле парламенттин өзүнө алышын каражат менен негиздеп атат. Ошого жараша Кыргызстанда медиа мейкиндигине, медиа эркиндигине таасир этпейби, таңуулоо болуп калбайбы, 5-канал парламент тарабынан бир жактуу болуп кетпейби?

Каназаров: Парламенттин 5-канал боюнча кабыл алган чечими туура эмес. Себеби канал бир жарым жылдан бери өзүн-өзү каржылап келди, мамлекеттик бюджеттен ага бир тыйын корогон жок.

Султан Каназаров

Султан Каназаров

Эгер парламенттин ишмердүүлүгү чагылдырылбай жатат деген болсо, анда депутаттар парламенттин ичинде ысырык салганды, Ак үйдүн короосунда кой сойгонду, мушташканды, бири-бирине бөтөлкө ыргытканды, урушканды-чырдашканды азайтса, ошондо балким парламенттин ишмердүүлүгү позитивдүү чагылдырылмак.

Парламент бардык ММКларга капа болгонсуп тургандай. Капа болоордон мурда депутаттар, саясатчылар балким өзүбүздө да бир маселе барбы деп өзүнө суроо берип көрүш керек.

Эгерде парламенттин ишмердүүлүгү жетишсиз чагылдырылып жатат деп эсептешсе, анда ар бир телеканал менен иш алып барууга эч кандай тоскоолдук жок. Популярдуу, рейтинги бар, өзүн-өзү каржылап жаткан мамлекеттик каналды парламенттик кылып, эки беренеден турган мыйзамды кабыл алып коюу менен чечим кабыл алуу биринчиден, рационалдуу эмес, экинчиден, жалпы сөз эркиндигине таасир этет.

Абдрахманов: Жогорку Кеңешке 1 жарым миллиард сом кетет деди, бул калп. Ошондон үчтөн биринен азыраагы кетет. Ал эми биздин президентти кармап турууга 1 млрд. сом кетет. Анткени булар баарын алып, кармап турат. Эгер биз элдин акчасына күйө турган болсок мына ушуну кыскартыш керек.
Эмне үчүн президент мынчалык эле 5-каналга жан тартат? "Каржы маселеси чечилген эмес" дейт. Эки жылдан бери каржы маселеси жакшынакай чечилип, өзүн-өзү каржылап эле иштеп келатат.

Парламент эл тарабынан шайланган. Азыр саясаттын чордону парламентте болуп атат. Ошолорду туура жеткирип туруу чоң маселе. Кой сойгонго мен каршы чыккам, биздин спикерди Малайзияга 40 кишини учак айдатып алып кеткенде мен каршы чыгып, көп сүйлөп, чырды баштадык.

Парламент деген көпчүлүк болот. Бүт дүйнөнүн парламенттеринде ошондой талаш-тартыш болуп атат. Биз биринчи гана тепкичине келдик, үйрөнүп, талашып атабыз. Депутаттар кабыл албайт деген такыр туура эмес, биздин кабыл алуу бөлмөбүз бар, ушунча убакыттан бери бир дагы кишини кабыл албай койгон жокпуз.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, демократия, сөз эркиндиги деп жүргөн киши экендигиңизди элдин баары билет. Бирок ошол эле мезгилде 5-каналдын парламентке өтүшүн колдоп аткан депутаттардын бирисиз. 5-каналды парламенттин карамагына өткөрбөй, элдик, же чыныгы көз карандысыз кылуунун башка жолдорун тапса болбойт беле?

Абдрахманов: Туура айтасыз. Мен ММКлар мамлекеттик болушуна каршымын. Андай кыйын экен, эмне үчүн биздин өкмөт менен президент мамлекеттик гезиттерди жойбойт? Эмне үчүн аларды эркиндикке койо бербейт? Мен буга каршымын. Бирок азыркы убакта бир кишинин колуна өтүп кетип, акчаларын даярдап, 5-каналды бүгүн сатып алабыз деп Кыргызстандагы медиа монополия түзүлгөнү турат. Ошондуктан биз парламенттин карамагына алсак, 1-2 жылдан кийин же сатып, же коомдук канал кылып өткөрүп беришибиз керек.

“Азаттык”: Көз карандысыз кылып койсо болбойт беле? Балким парламенттин өзүндө кандайдыр бир кызыкчылык болуп жүрбөсүн?

Каназаров: Албетте парламенттин буга түздөн-түз кызыкчылыгы бар. Парламент 5-каналдын маңызына, программаларынын көбүнө кийлигишпейбиз, жамаатты иштен четтетпейбиз деп айтып атышат.
Парламент бардык ММКларга капа болгонсуп тургандай. Капа болоордон мурда депутаттар, саясатчылар балким өзүбүздө да бир маселе барбы деп өзүнө суроо берип көрүш керек.

Биринчиден, бул мыйзам ишке ашпайт, муну Өмүрбек мырза да жакшы билет. Себеби улутташтырылган мүлктүн башкаруу фонду бар, Мамлекеттик мүлк министрлигинин алдында. Алар эки пункттан турган мыйзамды ишке ашыруу үчүн потенциалдуу түрдө каржылоо эмдиги жылдын бюджетине киргизилиши мүмкүн. Булар болсо азыртан баштап эле каналдын жетекчилигин өзгөртүп атат.

Ачыгын айтканда депутаттарга 5-каналдын парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдырганы жакпайт. Эмне үчүн парламенттин ишмердүүлүгү жакшы чагылдырылбайт десе, КТРКда жумасына бир сааттык программасы бар.

Президенттин институтунун “Президенттин күндөлүгү” деген жумасына бир программасы бар болчу. Ошол программадан баш тарттык. Себеби биздин пресс кызмат даярдап берген маалымат бул журналистикалык маалымат эмес. Журналисттин көз карашы башка болуш керек. Биз принципиалдуу түрдө ушундан баш тарттык.

Улуттук телеканал, Улуттук радио парламенттин эки күндүк пленардык отурумун толук, үзбөй, кеспей берет. Эгер ушунун баары жетишсиз десе КТРКда да, ЭлТРде, 5-каналда да парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча сүйлөшүү жолун эч ким четке каккан жок.

Андан сырткары президенттин аппараты парламентке караганда бир топ азыраак каржыланат. Парламентте 120 киши, алардын кеңешчилери, шопурлары, жалпысынан миң адам болсо, президенттин аппаратында 100 гана киши иштейт. Президенттин карамагында турган бала бакчаларда, эс алуу жайларында көпчүлүк учурда парламенттин өкүлдөрү эс алат.

Өмүрбек Абдрахманов

Өмүрбек Абдрахманов

“Ата Мекендин” 5-канал боюнча капа болгон бир жери бар: былтыр кышында Талыпов деген кишини “Ата Мекен” фракциясы 5-каналга эч кимден сурабай туруп жетекчи кылып койгонсуңар. Ошондо эле кызыкчылык башталган.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, менчиктештирип, жулуп алып кеткенден биз сактап калдык деп атасыз. Бирок ошол эле мезгилде алар деле кимдир бирөөнүн атынан алышат. Парламенттин ичинде деле эгер 5-каналды кийин кайра менчикке өткөрсөңүздөр кимдир бирөө бир кишини ортого салып, алып албайт деген кепилдик барбы?

Абдрахманов: Кепилдик бар. Анткени 120 кишинин ар бири башка, фракциялар бири-бирине каршы. “Ата Мекен” деп бетин тырмап атат. Бул маселени “Ата Мекен” көтөргөн жок. Бул маселени өкмөттүк депутат Исмаил Исаков көтөрдү. Ага “Ата Мекенге” каршы турган Келдибеков деген спикер кол койду.

Менин ишенимимде мамлекеттик болбош керек. Бирок биз монополияны бир адамга бербешибиз керек. Биздин медиа аймактын жарымынан көбү бир кишиге тиешелүү. Ошон үчүн калыстык менен же элге, же менчикке өткөрүп беришибиз керек.

“Азаттык”: Азыр парламент өзүнүн дымагын көрсөтүш үчүн ушундайга атайлап барып атат деген сөз бар. Бул Улуттук каналга күчүн көрсөтүш үчүн деп айтышат. Мисалы, спикер деле айтып кетпедиби, жаман жактарын көрсөткүлө дегендей кылып. Улуттук каналдын алешемдиги ушундай нерсеге алып барып жаткан жокпу?
Андай кыйын экен, эмне үчүн биздин өкмөт менен президент мамлекеттик гезиттерди жойбойт? Эмне үчүн аларды эркиндикке койо бербейт? Мен буга каршымын.

Каназаров: Биз ар дайым парламенттин, президенттин, өкмөттүн ишмердүүлүгү кандай чагылыдырылып жатканын анализдейбиз. УТРК болобу, ЭлТР болобу парламент жөнүндө 90 пайыз позитивдүү материалдар кетет. Парламент буларга эмнеге капа болуп жатканын мен түшүнбөйм. Буларга сөзсүз өзүнүн медиа ресурсу керек экен. Спикер 5-канал боюнча ишти тездеткиле, президентти каралоону ошол жерден ишти баштайбыз деген позициясы, менимче, маалымат саясатын түшүнгөн адамдар тобунун позициясы эмес.

“Азаттык”: Кандай болгон учурда да 5-канал бийликтин бир бутагынын тарабына өтүп баратат, бул Келдибековдун акыркы мыйзамга кол коюсун эсепке алганда. Ушул өнөкөт болуп калбайбы, ММКлар эркиндиги, көз карандысыздыгы, акыйкат үчүн күрөшүп аткан кезде бул прецедент болуп калбайбы? Кыргызстандагы сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктар талкаланып калбайбы, бул кайда алып барышы мүмкүн?

Абдрахманов: Мен Жогорку Кеңеште бул маселени он жолу көтөрдүм, 5-канал Максимдин учурунда бюджеттин эсебинен 26 млн. жеп алган. Султан андай эле күйсө аны эмнеге көтөрбөйт? Азыр келип алып талашып, медиа калыстык болсун дегенине мен аябай таң калып атам.

Көзөмөлдөө болсо мени да кошуп койгула деп сурандым. Парламенттик болуп, жанагыдай коркунучтар болбосун, элдин кызыкчылыгы үчүн болсун, чыгармачылыгына тийишпейли, өздөрү иштей берсин деп азыраак убакытка чейин кармап туруп, ылайыгы келсе биз аны койо беришибиз керек.

Каназаров: Парламенттин убактылуу алып турабыз, кайра беребиз дегени жөн гана сөз. Мен журналист катары кесиптештеримди түшүнүп турам. Эч кандай маселеге киришпесеңер, анда парламенттик кылып, анын мыйзамдык базасын, статусун өзгөртүүнүн кереги эмне эле?

Абдрахманов: Султан сен журналист болуп турганда эмне үчүн Бердниковага кыргыз элин, ошонун ичинде мени каралаганы үчүн азабын бердирген жок элең? Кечээ эле чуркап барып ушул сөздөрдүн баарын айтыптырсыз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG