Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

"Бешинчи каналдын" жетекчиси кайра ордуна отурду


16-декабрда кызматынан алынган “Бешинчи канал” телеканалынын башкы директору Евгения Бердникова 1 күндөн кийин кайра кызматына коюлду. Бул улутташтырылган мекемелердин жетекчилерин дайындоо жоболору аныкталганга чейин чыгарылган чечим болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров билдирди. Анын айтымында, бул Мамлекеттик мүлк министрлигинин чечими жана ал улутташтырылган мекемелердин жетекчилерин дайындоо жоболору аныкталганга чейин күчүндө болот.

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу министрлиги “Бешинчи канал” сыналгасынын директорлугуна Талыпов мырзаны дайындоосун жокко чыгарып, башкы жетекчини дайындоо жоболоруна чейин Евгения Бердникованы ордунда калтырды. Бул - аталган министрликтин чечими. Мамлекеттик мүлктү башкаруу министрлигинин алкагында улутташтырылган мекемелерди башкаруу фонду бар. Ошондуктан жоболорду карап чыгуу убакытты талап кылат, ошол убакка чейин кабыл алынган чечим.

Бир күндүк жетекчи

Телеканалдын жетекчисин алмаштыруу себеби айтылган жок. 16-декабрда “Бешинчи канал” телеканалынын жетекчиси Евгения Бердникованын ордуна Улуттук телерадио корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары Кубатбек Талипов дайындалганы маалымдалган. “Бешинчи каналдын” айрым кызматкерлери жетекчинин алмашуусуна макул эместигин билдирип чыгышкан. Алардын президент Роза Отунбаевага жолдогон катында жетекчини алмаштыруу бир топ ири идеялардын ишке ашпай калаары белгиленген.

Ал ортодо бир катар коомдук уюмдар улутташтыруу иштери ачык-айкын жүрбөй жатканына кабатырлануусун билдирип чыгышты. Алардын президент Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин жаңы дайындалган төрагасы Акматбек Келдибековго жолдонгон катта “Бешинчи канал” менен “Пирамида” телеканалдарын улутташтыруу маселеси коом ичинде кызуу талкууну жаратып жатканы белгиленген. Ошондой эле коомдук уюмдардын кайрылууларына карабай улутташтыруунун мыйзамдык жагы ачык-айкын жүрбөй, жең ичинен чечилип жатканы айтылган.

“Дал ошондой эле 16-декабрда “Бешинчи каналдын” жетекчисин алмаштыруу чечими да ачык жүргөн жок. Телеканалдын жамаатына алдын ала айтылбай, негиздери көрсөтүлбөй туруп жаңы жетекчинин дайындалганы тууралуу чечимдин көчүрмөсү көрсөтүлгөн. Муну арты түшүнүксүз”,-деп жазылат кайрылууда.

Маселе жең ичинен чечилгенби?

Кайрылууга кол койгон уюмдардын бири, Медиа өкүлчүлүктүн жетекчиси Акмат Алагушев мындай бүдөмүк аракеттерди сөз эркиндигин кысуунун бир элементтери катары баалоодо.

- Башкы директор болобу, башка болобу башчыны алмаштыргандан кийин ачык, угузуп жасаш керек да. Эмне үчүн, кандай себептерден, кандай ойдо алмаштырып атат деп кайрылып атабыз. Барып эле бир буйрук менен алып жатасыңар деген сунуш менен чыгып атабыз. Өзүнө, жамаатка айтыш кеерк. Эч нерсе айтпай туруп эле жасап жатышат. Биз ошого каршы болуп атабыз.

Медиа өкүлчүлүктөн сырткары кайрылууга “Журналисттер” коомдук бирикмеси, “Маалыматтык укук борбору”, Internews Network, “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясы жана башка уюмдар, айрым көз карандысыз эксперттер кол коюшкан.

“Бешинчи канал” мурдагы КООРТ телекомпаниясынын базасында 2007-жылы түзүлгөн. Бул каналдын тарыхый таржымалы өлкөдөн качып кеткен мурдагы эки президенттин үй-бүлө мүчөлөрү менен байланыштуу. Алгач ага Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев ээлик кылса, кийин Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көзөмөлүнө өткөнү айтылган.

Укуктук жагынан “Жыйырма бешинчи канал” жабык акционердик коомуна караган телекомпания быйыл Убактылуу өкмөттүн 20-майдагы декрети менен улутташтырылган. Ушундай эле таржымалды башынан өткөргөн “Пирамида” телеканалы да мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Бирок азырынча бул телеканалдардын макамы так аныкталбай келет.
XS
SM
MD
LG