Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Гезитте сөздүн куну кетип баратабы?


Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарында адамдардын жанын ачыткан ачуу сөздөр көп колдонулат деп доомат айтылууда.

Далилсиз керт башына асылып, беделине доо кетиргендиги үчүн арыздар сотко келип түшүүдө. Буга байланыштуу медиа уюмдар журналисттерди лингвистикалык коопсуздук эрежелерин кармануу боюнча тренингдерди өткөрө баштады.

Филология илимдеринин доктору Ибраим Абдувалиев кыргыз тилдүү гезиттерде адамдын жанын ооруткан сөздөр арбын колдонуларын айтууда. “Журналисттер адам тууралуу жазып жатканда ар бир сөзүн калчаганы абзел, анткени сөз абдан зор күчкө ээ”,- деди окумуштуу Абдувалиев.

- Тил абдан күчтүү курал, сөздүн күчү керемет. Баягы “ок жарбаган нерсени тил жарат” дейт. Мына 20-кылымдагы сөздү мисал катары берейин: кыргызча “басмачы”, орусча “буржуй”, иран элинин “душман” деген сөзү. Душман деген сөз биздин тилибизде да бар. Мына бул үч сөздүн күчүн карап койгула, бирөө кыргызды басмачы деди, экинчиси кыргыз ошону атты. Бирөө орусту буржуй деди, бир тууганы болсо аны атты. Мына Советтер Союзунун Ооганстанга болгон мамилесинде да бул атайын чыгарылган. Сөздүн күчү ошондо турат: бир ооган душман деди, тиги болсо душманды атты. Сөздүн күчү ушундай.

Гезиттеринде саясатчыларды, коомдук ишмерлерди жана бизнесмендерди сындоо алардын керт башына асылууга, адамдык аброюна доо кетирген ачуу сөздөр арбын колдонулуп, анын айынан гезиттердин үстүнөн доо арыздар тушүп жатканын медиа-өкүл Акмат Алагушев белгиледи.
Бир ооган душман деди, тиги болсо душманды атты. Сөздүн күчү ушундай.


- Сот жактан көп эле иштер каралып жатат. Эми “Дело № ...” менен соттошуп жатат, “Учур” жана “Комсомольская правда” гезиттери менен да соттошуп жатат. Доогерлер да, ар кандай депутаттар да бар, карапайым кишилер, өкмөт мүчөлөрү да бар.

Айрыкча басылмаларда лингвистикалык коопсуздук эрежелеринен четтөөлөр өнөкөткө айланып бараткандыктан, кабарчылар арасында тренингдер өткөрүү зарылдыгы туулду – деди Бишкектеги Медиа Институтунун директору Бегайым Үсөнова. Март башында Бишкекте андай эки тренинг өткөрүлгөн экен.

- Негизинен сөз каражатын колдонууда чектен чыгып жатканын айтып сындашат. Сотко да кайрылып жатышат. Ошондуктан биздин “Медиа полис” институту март айынын башында тренинг өткөрдү. Тренингдин максаты ошол адамдар жөнүндө жазып жатканда көркөм сөз каражатын туура пайдаланууга журналисттерди үйрөтүү. Кыргызстандагы тажырыйбалуу журналисттерди жана юристтерди тарттык. Бул башталышы гана. Эми Кыргызстандын аймактарында да мындай тренингдерди өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

Ошондой тренингге катышкан жаш кабарчы Мухаммедали Токтакунов, элестүү айтканда, көзү ачылганын, мындай иш-чаралардын артыкчылыгын кеп салып берди.
Тил абдан күчтүү курал, сөздүн күчү керемет.


- Бул мен катышып жаткан экинчи семинар, мага аба менен суудай абдан зарыл. Мен өзүмө керектүү нерселерди алдым деп ойлойм. Буга чейин да көптөгөн журналистикалык стандарттарга байланыштуу китептерди окуп жүрдүм. Ошого кошумча билим болду. Талкуу болду, кемчиликтер чыкты, кээ бир жерде артыкчылыктар көрүндү.

Кыргызстанда айрыкча саясый өнөктүктөр – президенттик же парламенттик шайлоо маалында гезиттер аркылуу атаандаштар бири-бирин сындашат. Кээде сындашуу көрүнүшү бири-биринин керт башына асылуу, адамдык мүнөзүн же турум-турумун ачуу сөздөр менен сүрөттөө, алтурсун мазактоо маанайына айланып кетээрин медиа-эксперттер белгилешет. Бул көрүнүш өнөкөткө өсүп кеткени акыркы кезде гезиттер үстүнөн сотко даттануулардын арбыганынан көрүнүп жатат дешет эксперттер.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG