Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Кыргыз прессасында арман жок дешет


“Фридом хаус” басма сөз эркиндиги боюнча жылдык баяндамасында Кыргызстанды мурдагыдай эле сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында калтырды.

“Арай көз чарай” талкуусу Сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө арналды. Талкууга КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев жана “Эркин Тоо” гезитинин баш редактору Манас Осмон катышты.

“Азаттык”: Кубат мырза, "Фридом Хаус" уюмунун Кыргызстанды дагы деле болсо сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында калтыруусуна кандай пикирдесиз? Анткени апрель окуясынан кийин өлкөдө өзүңүз жетектеген мамлекеттик телеканал Коомдук болуп өзгөртүлдү, гезиттер мурдагыдан алда канча эркин жазып жатышат дегендей...

Оторбаев: “Фридом Хаус” уюму көп жылдардан бери иликтөө жүргүзүп, ар бир өлкөдөгү сөз эркиндигине баа берип келатышат. Бирок быйылкы жыйынтыгы мени таң калтырды. Анткени мындай жыйынтыкка кошулбайм. Себеби бизде сөз эркиндиги Кудайга шүгүр. Өтө эле алдыга кетпесек да мындан 3-4-5 жыл мурунку абалга салыштырмалуу азыркы абал асман менен жердей.

Ошентсе да бизди Борбор Азиядагы Өзбекстан, Түркмөнстан, жакынкы коңшу Казакстан менен катар коюп койгону туура эмес. Жок дегенде сөөм болсо да биз алардан өйдө турабыз.

Мына Коомдук телеканал түзүү идеясын Борбор Азияда биз биринчи болуп киргиздик, мунун өзү чоң нерсе. Парламенттик, президенттик шайлоолор бизде кандай чагылдырылганын коомчулук көрдү. Бүгүнкү күнү оппозиция мамлекеттик түзүлүштө системдүү түрдө катышып атат, парламентте отурат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Манас мырза, сиз өкмөттүк гезитти жетектейсиз. Сиздин гезитти даярдоодо сөз эркиндиги бийлик тарабынан чектелеби?

Манас Осмон: Мен өкмөттүк гезитти башкарып отурганыма бир жарым жыл болду. Бул убакытта бизге сөз эркиндигин чектөө, тапшырмаларды берүү, өкмөттүн ишин рекламалоо сыяктуу тапшырмалар берилген жок. Дагы бир баса белгилөөчү нерсе - өткөндө оппозициянын митинги болгондо өкмөттүк басылмалар жана башка маалымат каражаттарынын башчылары Өкмөт үйүндө жыйналыш өткөрдүк. Ошол жерде биз митингге канча киши катышса, ошончо деп берели, мурдагы бийликтердин тушундагыдай азайтып бербейбиз деген жыйынтыкка келгенбиз.

Башка маселе – бүгүнкү күнү журналисттер сөз эркиндигинен кыянаттык менен пайдаланып жатышат дегенге мен кошулам. Анткени айрым эркин гезиттер түндүк-түштүк, улутка бөлгөн макалалар көп жарыялана баштады, бул журналисттин кесипкөйлүгүнө терс таасир тийгизет.

“Азаттык”: Кубат мырза, сиз жетектеген КТРКнын дарегине да сын пикирлер айтыла калып жатат. Мисалы, социалдык тармактардын бири болгон Фейсбукта “КТРКдан өкмөт башчы түшпөй калды” деген пикирлерди окуса болот.

Оторбаев: Албетте биз аны жакшы билебиз, байкап атабыз. Биринчиден, өкмөт башчынын көп көрсөтүлүп кетиши - өкмөттүн жүз күндүк маалыматына байланыштуу болду. Экинчиден, чындыгында эле ката кетип аткан болсо, биз ал пикирлерди ошол өкмөттөгү маалымат тармагын жетектеген кишилерге айтып, жеткиребиз. Үчүнчүдөн, биздин телеканал аркылуу пенсия, аз үстөк пайыздагы насыяларды кантип алуу тууралуу роликтер берилип жатат.

“Азаттык”: Бүгүнкү күнү гезиттер өзү жашап кете албайт, ошондуктан журналисттер, редакторлор акчалуу кожоюндан, саясатчыдан көз каранды деген пикирлер бар?

Манас Осмон: Ар бир эле мамлекетте саясатчылардын, бай адамдардын өздөрүнө караштуу телеканал, басылмалары бар. Бизде деле ошондой. Бирок биздеги саясатчылар өздөрүнүн саясий оппоненттерине каршы пикир жаратып, аларды жамандаткан учурлар бар. Менимче муну ооздуктабаса болбой калды, бул кыргыз журналистикасынын деңгээлин да түшүрүп жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG