Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 13-июнда Массалык маалымат каражаттары мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Бул коомдо кызуу талкууга жем таштады.

Мыйзам күчүнө кирсе, чет жактан каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарына чектөө кириши мүмкүнбү? Парламенттин бул аракети мамлекеттин маалымат коопсуздугуна көргөн аракетиби же сөз эркиндигин ооздуктоонун мыйзамдуу жолубу?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Тиллаев, көз карандысыз журналист Толкунбек Турдубаев, медиа серепчи Мирсулжан Намазалиев жана «Медиа полиси» институтунун юристи Алтынай Исаева катышты.

“Азаттык”: 1992-жылы кабыл алынган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү шашылыш киргизүүгө эмне зарылдык, кандай себеп түрткү болду?

Табылды Тиллаев: Биринчиден, шашылыш эмес, эки-үч айдан бери иштелип келген мыйзам долбоору. Өзүңүздөр айтып кеткендей, бул документ мамлекет коопсуздугу үчүн зарыл мыйзам. Мындай мыйзам жеке эле бизде эмес, кошуна мамлекеттерде да иштеп жатат.

“Азаттык”: Сиз мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туулган жагдайлар түзүлүп калды деп ойлойсузбу?

Табылды Тиллаев: Түзүлгөнүн билбейм, бул мыйзам келечек үчүн. Кыргызстанда баарыбыз укугубузду билебиз, бирок жоопкерчилигибизди билбейбиз. Маалымат каражаттарынын кожоюндары маалымат берүүдө ошол жоопкерчиликтерди карашы керек. Мыйзам долбоору боюнча Кыргызстанда иштеген маалымат каражаттарында иштегендердин 80 пайызы кыргызстандыктар болсо, калганы чет элдиктер болсун деп жатабыз.

“Азаттык”: Эгер ушул мыйзам кабыл алынып калса, Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдик маалымат каражаттарына чектөөлөр болуп, иши токтоп калат деп ойлобойсузбу?

Табылды Тиллаев: Кирбейт го дейм...

Өкүнүчтүүсү, бул мыйзамдын - элүү пайыздан көбүрөөгү Орусиянын мыйзамынын көчүрмөсү. Орусиянын бүгүнкү ички-сырткы саясатын эске алганда мындай норма керектир. Биздин өлкөдө чет элдик маалымат каражаттарынын таасиринен мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туулган жок.

“Азаттык”: Мирсулжан мырза, айрым эксперттер мамлекеттин коопсуздугун, эгемендигин ар бир өлкө коргоого милдеттүү болгонун, бул тажрыйба башка мамлекеттерде колдонуларын, мисалы, Казакстанда сырттан каржыланган маалымдоо каражаттарынын бир жылдык капиталынын көлөмү 20 пайыздан ашпайт деген жүйөнү келтиришет. Кошуна Казакстан бизге канчалык үлгү боло алат?

Мирсулжан Намазалиев: Мамлекет үчүн маалыматтык коопсуздук маанилүү маселе, аны сөзсүз чечиш керек. Айталы, Орусиядан биздин өлкөнүн аймагына таратылып жаткан телекомпаниянын маалыматтарын, же болбосо экстремисттик жол менен келип жаткан ар кандай маалыматтардын башка каналдар менен жайылып жатышын бул мыйзам долбоор чечпейт экен.

Коомчулуктагы пикирлерде бул мыйзам долбоору “Азаттык” радиосуна эле тиешелүү экендиги айтылууда. Айрым билдирүүлөрдө “Азаттык” радиосу жана “Мир” телекомпаниясы жөнүндө айтылууда. “Мир” телекомпаниясын кыргыз өкмөтү өзү каржылап турат. Мындан сырткары Кыргызстанда орустардын “Спутник” маалымат агенттиги иштейт. Ал бул жакта өкүлчүлүк катары эле иш кылат. Бул мыйзамга анын тиешеси жок. Ошондуктан жалгыз “Азаттык” калууда. Ушул мыйзам долбоору күчүнө кирсе, “Азаттык” жабылып калышы мүмкүн, мен анын токтоп калышын каалабайм.

Бул жаатта Казакстан же Орусия үлгү эмес. Кечээ жакында Казакстандын эли "чет элдиктерге жер сатпайбыз" деп митингдерге чыкканда 50дөн ашык журналистти кармап кетишкен. Казакстанда сөз эркиндиги жок, эл өзүнүн оюн маалымат каражаттары аркылуу айта алышпайт. Ал жакта иштеп жаткан “Азаттык” же башка медианын өкүлдөрү ар кандай тоскоолдуктарга туш болушат, аларды карабашыбыз керек.

Биз өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянышыбыз керек. Ошол эле Монголияда экономикалык маселелерди чагылдыруунун дүйнөдөгү лидери болгон “БлумбергТВ” көрсөтөт. Бул мыйзам кабыл алынса, бизге “Блумберг” жана башкалары да келбейт.

“Азаттык”: Алтынай айым, демейде мыйзамдарды кабыл алууда эл аралык укуктук нормаларга шайкеш келиши талап кылынат, ага туура келтирүүгө аракет кылышат эмеспи. Бул мыйзам долбоорунда ошондой шайкештик барбы, болбосо кандай кемчиликтери бар?

Алтынай Исаева: Демилгечи депутаттар ушундай эле мыйзам долбоорлору улуттук коопсуздукту коргоо максатында Европанын өнүккөн өлкөлөрүндө, Америкада, Жапонияда кабыл алынган деп айтып жатышат. Бирок бул жалган, азыр андай талаптар жок. Мындай нормалар Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда болгон. Азыр ошол өлкөлөрдө чет элдик маалымат каржаттарынын катышуусуна чектөөлөр жок.

Өкүнүчтүүсү, бул мыйзамдын - элүү пайыздан көбүрөөгү Орусиянын мыйзамынын көчүрмөсү. Орусиянын бүгүнкү ички-сырткы саясатын эске алганда мындай норма керектир. Биздин өлкөдө чет элдик маалымат каражаттарынын таасиринен мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туулган жок.

“Азаттык”: Толкунбек мырза, сиз мурда эмгектенген Кыргызстандагы чет элдик маалымат каражаты – Би-Би-Си кыргыз журналистикасынын, демократиясынын өнүгүшүнө кандай салым кошту, ошол эле учурда кандай зыян алып келгенин айта аласызбы?

Толкунбек Турдубаев: Мен Би-Би-Си радиосунда 18 жыл иштедим, азыр да кызматташып жатам. Би-Би-Си, “Азаттыктагы” кесиптештерим маалыматты так, тең салмак, бейтарап берүүнүн үлгүсү десем жаңылышпайм. Эгер тарыхка кайрылсак, Британ өкмөтүнүн бир нече жолку ар кандай басымына карабастан Би-Би-Си дайыма калыстыктан тайбаган. Маалыматты эркин алуу, эркин таркатуу адам баласы үчүн баа жеткис байлык, асыл нарк.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG