Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Ысык-Көл: баптист аялдын сөөгүн коюуга жер изделүүдө


Ысык-Көлдүн Аксуу районундагы Теплоключенка айылынын христианчылыктын баптист багытын тутунган 60 жаштагы тургунун жергиликтүү мүрзөгө көмүүгө ошол жерде жашагандар каршы чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков билдирди. Анын айтуусунда, маркум 15 жылдан бери баптисттик багытты тутунуп келген.

21-октябрда түшкө маал 60 жаштагы баптисттик багытты карманган аял көз жумгандан кийин туугандары бул тууралуу райондук имамга кабарлашкан. Алар маркумдун сөөгүн Теплоключенка айылындагы мусулмандардын көрүстөнүнө коюуга уруксат сурашкан, буга болсо жергиликтүү тургундар каршы чыккан.

Жума күнү айылда имамдар катышкан жыйын өтүп, ага чогулгандар бир жыйынтыкка келе алышкан жок. "Азаттык" айыл өкмөтү менен байланышканда бул тууралуу маалыматы жоктугун айтышты.

Ишембиде жергиликтүү бийлик менен кеңешкен соң маркумду коюу үчүн жер аныкталарын район казысы Асантур Кадыров "Азаттыкка" айтып берди.

Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди

Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, туугандары башка жерден жай табышты.

Маркумдун бир туугандары менен байлынышканыбызда алар сөөктү өзү жашаган жердеги мүрзөгө коюуга уруксат сурап, облустук казыга барарын айтышты. Маркумдун сиңдиси Калбүбү Сыдыкбекова буларды билдирди:

- Молдого барсам "динин сатып кеткендерге мусулман мүрзөсүнөн жер бербейбиз" деди. Ал кудайдын жери экенин айтсам, эл каршы чыгат деди. Эртең айыл өкмөтүнө барып, бийликтегилерге кайрылабыз.

Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков "Азаттыкка" буларды билдирди.

- Муну мусулмандар эмес, православдар да койдурбайт, алар да жолотпойт. Булар эми өздөрүнүн көрүстөнүнө алып барышса керек. Бул алгачкы жолу болуп жаткан окуя эмес. Мындайлар болуп эле келген. Мындан 2-3 жыл мурун Кажы-Сайдан жер берилген. Ошол жакка алып барып коюп жүрүшөт.

Буга чейин Ала-Бука районунда баптист аялдын сөөгүн берүүдө ушундай окуя катталган эле.

14-октябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар жана имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай коюшкан.

Талаш-тартыштардан соң Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү Өрүктү айылына таандык жерге жашырылган. Бирок ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыгып, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алган. Мындан соң сөөк Ала-Бука айылындагы жергиликтүү христиандардын мүрзөсүнө коюлуп, бирок ал жердеги элдин нааразычылыгынан улам экинчи ирет казып алынган. Акыры үчүнчү жолу жашыруун жерге берилген.

Үч жолу жерге берилген маркум
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:21 0:00

Кыргызстанда учурда 2400гө жакын диний уюмдар бар. Анын ичинен 378и христиан багытында, басымдуу бөлүгү ислам дини боюнча уюмдар болуп саналат. 1991-жылы эгемендик алган Кыргызстандын Баш мыйзамында дин эркиндигин жарыялаган. Маселен, совет доорунда өлкө аймагында дүйнөлүк дин саналган ислам, христиан жана буддизмдин гана өкүлдөрү бар болсо, азыр диндердин жана конфессиялардын саны отуздан ашты.

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG