Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

“Жылкычы бозойду” боздоткон Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 91 жашында дүйнө салган Гүлчехра Валиулинанын сөөгү жекшембиде жерге берилди.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлчехра Валиулина 1940-жылы 17 жашында ата-энеси менен Кыргызстанга көчүп келген. Кичинекей чагынан ыр-бийге жакын, табийгатынан таланттуу кыз көп өтпөй филармонияга кызматка орношот.

Карамолдо Орозов атындагыт эл аспаптар оркестринин коштоосунда Гүлчехра Валиулина кыргыз, татар, казак ырларын ийнине жеткире аткарып, орустардын белгилүү композитору Александра Пахмутованын дээрлик бардык ырларын аткаруу менен угармандарын ырахатка бөлөгөн.

Ал жеке эле Кыргызстандын аймагында эмес, мурдагы союздук республикаларга кыргыз ырларын жайылткан мыкты ырчы болгонун Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде 1944-жылдан бери музыкант болуп иштеген ардагер Жумабай Кыпчаков белгиледи:

- Гүлчехра эже менен көп жылы бирге иштештим. Ал кишинин кыргыз өнөрүндө эмгеги зор. Кезинде ушунчалык ардактуу адам эле. Мыкты ырчы болчу. Республикалык кайсы иш-чара болсо дагы бу кишини чакырчу. Ал түгүл Москванын колонный залында, Чайковский консерваториясынын концерттик залында, Советтер Союзунун бардык республикаларында, Прибалтикада концерт бергенде Гүлчехра эже оркестрдин коштоосунда кыргыз, татар, орус ырларын ырдаганда зал шаңга бөлөнүп, шатыра-шатман болуп жатып калчу.

Филармонияда бир нече жыл Гүлчехра эже менен үзөңгүлөш иштеген Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрмек Мойдунов кезинде Валиулина композитор Насыр Давлесовдун “Саанчы жеңе” деген ырын Сейдакмат Токтоналиев менен дуэт ырдаганда, “Аста-секин, колукту” музыкалык комедиясынан Сапарбай менен Зияданын көрүнүшүн чимириле бийлеп, ырчы Улукмырза Полотов менен аткарганда көрүүчүлөр дүркүрөтө алакан чабышып, кайра-кайра сахнага чакырышчу эле дейт.

- Убагында консервторияны бүтпөй эле жогорку профессионалдык деңгээлде ырдачу. Бул эже абдан таланттуу жан эле. Көп жыл чогуу иштедик. Анан бу татардын кызы болсо дагы кыргыздын мыкты-мыкты композиторлорунун, обончуларынын ырларын элге жеткирди. Жеткиргенде дагы аябагандай чебер аткаруучулугу менен жеткирчү. Көп жыл Асанкан Жумакматов менен иштешти. Бу киши мен деген залкарлар: Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Шекербек Шеркулов, Мыскал Өмүрканова, Асылбек Эшмамбетовдор менен чогуу иштешти. Кыскасы оркестр менен Советтер союзунун көп жерлерин кыдырышты. Кыргызстандын эже барып ырдабаган булуң-бурчу калган жок деп айтсам жарашат. Таланттуу эжебиз эле. Эми жаткан жери жайлуу, арты кайрылуу болсун.

Эрмек Мойдунов ошондой эле Гүлчехра Валиулина кыргыз музыкасынын, ыр өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон кайталангыс талант болгонун кошумчалады.

1950-жылдары кыргыз музыка өнөрүндө ыр аткаруучулук жаңыдан профессионалдык жолго коюлуп, мыкты-мыкты ырчылардын арасында Валиулина өзүнүн табийгат берген музыкалуулугу, сахнадагы көрүнүшү куурчактай болуп, кыргыз тилинде таптак ырдаганы менен айырмаланганын Кыргыз Республикасынын эл артисти Дарийка Жалгасынова эскерип отурду:

- Музыкалык окуу жайда тээ 1938-жылдан бери Серафима Алексеева деген вокалдан берген мыкты педагог бар эле. Мына ошол мугалимден Гүлчехра эже дагы ырдоонун ыкмаларын, сырларын үйрөнгөн. Мен дагы ошол Серафима эжеден таалим-тарбия алгам. Бирок бул эженин искусствого аралашканы балетте бийлеп башталыптыр. Ушундай балет менен байланышы бар. Менин байкаганымда эженин үнү, тону ушунчалык таза болчу. Фальш ырдаганын укканым жок. Жакшы ырдачу. Адамдарга болгон мамилеси дагы мыкты эле. Улууларга, кичүүлөргө дагы ачык-айрым, жароокер жан эле.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлчехра Валиулина Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда иштеп жүргөндө залкар композиторлор Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Насыр Давлесов, Калый Молдобасановдун чыгармаларын, бир нече обончулардын ырларын жана башка элдик ырларды ийнине жеткире аткарган. Анын аткаруусундагы “Жылкычы бозой”, “Саанчы жеңе” жана башка ондогон ырлар кыргыз радиосунун алтын фондуна жаздырылып алынган. Ал 1978-жылы пенсияга чыккан.

Гүлчехра Валиулина быйыл 11-январда, 91 жашында дүйнө салды. 12-январда аны акыркы сапарга узатуу тажыясына маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмонов баш болгон чыгармачылык жамаат, маданият ишмерлери катышты. Кыргыз маданиятына зор салым кошкон ырчынын сөөгү Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылына жакын жердеги Түштүк-батыш көрүстөнүнө коюлду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG