Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттардын демилгеси менен оюн автоматтарына тыюу салуучу мыйзам долбоор иштелип чыгып, бүгүн тиешелүү комитет аны караганы турат. Бул мыйзам долбоордун күңгөй-тескейи тууралуу анын автору, депутат Бакытбек Жетигенов “Азаттыкка” айтып берди.

"Азаттык": Кыргызстандын аймагындагы оюн автоматтарына тыюу салуу аракетине эмне түрткү болду?

Бакытбек Жетигенов: Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте оюн автоматтары акыркы эки-үч жылдын ичинде көбөйүп кетти. Бул автоматтар жаш муундарга абдан терс таасирин тийгизет. Окуучулар, студенттер кантип оюндан акча табуунун аракетин көрүп, бардык каражатын коротуп, ар кандай жаман иштерге барып жатышпайбы. Ошондуктан элдин өтүнүчүн эске алуу менен тыюу салалы деген ой болду.

"Азаттык": Кыргызстанда миңдеген оюн автоматтары бар экен. Бул мыйзамга ылайык, оюн автоматтарынын кайсы түрүнө тыюу салынат? Тыюу казинолорго да тиешелүүбү?

Бакытбек Жетигенов: Жок. Буга чейин, оюн автоматтарына байланыштуу “Оюн залдары жөнүндө” мыйзам чыккан. Кыргызстан боюнча 3,5 миң оюн автоматы бар экен. Ар бир автоматка 10 миң сомдон салык коюлуптур. Анан кийин эки жыл мурун мыйзамдын бир учугун колдонушуп, сот аркылуу чечип, оюн автоматтарына он миң сомдон салык төлөбөстөн, төрт миңден төлөп калышкан. Алар "ойномо автоматтары" деп эмес, көңүл ачуучу борбор деп атан калган. Анан үч жарым миң автомат болсо, Бишкекте ошонун эки миңге жакыны бар.

Бул мыйзам казинолорго тиешелүү болбойт. Эми көбү казинолорду жабуу керек деп ойлоп жатат. Бирок бул жерде мыйзамга "казинолорго 35 жашка чейинкилер киргенге тыюу салынат" деп өзгөртүү киргизип жатам. Казинолорду негизинен дүйнөнүн бардык жеринде чет өлкөдөн келгендер үчүн колдонобуз. Кээ бир мамлекеттерде казинолорду өздөрүнүн жарандары үчүн тыюу салып койгон. Бизде бара-бара ушуга баратабыз. Эми 35ке чейин тыюу салып, кийин да казинолорду да такыр жоюп салсак болот.

"Азаттык": Кыргызстандагы оюн ишмердүүлүгүнөн, салыктан, патенттөөдөн миллиондогон сом акча бюджетке түшөт экен. Ал эми оюн автоматтарына тыюу салуу бюджетке кандай таасирин тийгизет?

Бакытбек Жетигенов:
Негизинен оюн автоматтарынан бюджетке бир 50-60 миллион сом түшөт экен. Бул көп деле эмес. Бул биздин бюджетке көп деле таасирин тийгизбейт. Бул бир тамчыдай эле болуп калат. Бул акчаны канчалаган элдин убалына салыштырып болбойт.

"Азаттык": Оюн автоматтары, казино өңдүү жайлардын артында буларга колдоо көрсөткөн бийлик өкүлдөрү, таасирдүү адамдар бар деген кеп бар. Оюн автоматтарынын тыюу салуу мыйзам кабыл алынып, анын иштеп кетерине ишенесизби? Көмүскө кирип кетпейби?

Бакытбек Жетигенов: Мыйзам кабыл алсак, кудай буйруса, депутаттар колдоп беришсе, иштеп кетет. Анткени мыйзам болгондон кийин иштетиш керек да. Кээ бирөөлөр “Орусияда ушундай, Казакстанда көмүскөгө кирип кетти, тыюу салуу үчүн көп каражат керек” деп айтып жатышат. Бишкекти Москва же Алматы менен салыштырып болбойт. Каалоо болсо, жаап койсо деле болот.

"Азаттык": Оюн автоматтарына байланышкан ишмердүүлүктүн артында таасирдүү адамдар бар дегенге кошуласызбы?

Бакытбек Жетигенов: Андай бар. Азыр деле билинип жатпайбы. Тигил жактан, бул жактан чыгып, ар кандай сунуштар келип жатат. Укук коргоо органдарында да, өйдө жакта чиновниктерде да криминал аралаш. Бул жерде ар кошкондун баары оюн автоматтары, казинолорго аралашкан. Ошондуктан азыр деле бут тосуу болуп жатат.

"Азаттык": Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG