Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Кыргызстан көмүрдөн газ өндүргүсү келет


Бишкек ТЭЦинен агып чыккан көмүр. 4-февраль, 2014-жыл.

Бишкек ТЭЦинен агып чыккан көмүр. 4-февраль, 2014-жыл.

Кыргызстанда көмүрдөн газ өндүрө турган заводду куруу боюнча Энергетика министрлиги түркиялык компания менен меморандумга кол койду.

Өкмөт эгер бул завод курулуп калчу болсо, анда өлкө түштүгүн газ менен камсыздоого жана энергетика тартыштыгын азайтууга мүмкүнчүлүк болорун билдирүүдө.

Кыргызстанда көмүрдөн газ өндүрүп ала турган заводду куруу боюнча Энергетика министрлиги түркиялык компания менен 16-декабрда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Эми бул компания синтетикалык газ өндүрүүнүн технологияларын, ыкмаларын аныктап, заводдун курулушунун айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирин баалап, бул туурасындагы отчетту үч ай аралыгында бериши керек.

Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Динара Молдокалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, аталган долбоор боюнча мамлекеттик органдар оң корутунду бере турган болсо, анда компания ишти баштоого уруксат алат.

Адистер көмүрдөн газ алуу өзүн актабасын айтууда.

Адистер көмүрдөн газ алуу өзүн актабасын айтууда.

- Техникалык экономикалык негиздемеге байланыштуу мамлекеттик органдар оң корутунду берсе, ошондой эле курчап турган чөйрөнү, жер казыналарын коргоо, техникалык жана экологиялык стандарттар, шарттар, ченемдер жана талаптар сакталса, компания Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык синтетикалык жаратылыш газын чыгаруу үчүн катуу күйүүчү кендерди пайдаланууга лицензия жана уруксатты ала алат.

Декабрь айынын башында президент Алмазбек Атамбаев дагы өлкө түштүгүн газ менен камсыздоодо коңшу мамлекеттерге көз каранды болбош үчүн альтернативдүү эки жол каралып жатканын айтып, алардын бири катары Кызыл-Кыя шаарында көмүрдөн синтетикалык газ өндүрүү долбоорун атаган. Президент бул заводду куруу боюнча декабрь айынын ортосуна чейин келишимге кол коюлуп, завод бир жарым жылда курулуп бүтүп калаарын билдирген.

- Инвестор табылды. Ал 200-300 миллион долларын өзү каржылоого макул. Кудай буюрса, ошол декабрь айынын ортосуна чейин заводду салуу боюнча келишимге кол коюлат.

Газ менен камсыздоонун дагы бир жолу катары президент Баткенде табылган газ булактарын эсептейт. Анын айтымында, бул газ өлкө түштүгүн 5-10 жыл камсыздоого жетет жана аны Ош менен Жалал-Абадга тартып баруу үчүн 200-300 миллион доллардай акча керектелет.

Токтогул суу сактагычы.

Токтогул суу сактагычы.

Өкмөт буга чейин түндүктөн түштүккө газ түтүгүн тартуу планы бар экенин билдирип келген. Бирок президент бул долбоорду ишке ашырууга 1 жарым миллиард доллар зарыл экенин айтып, андан көрө бул каражатты өлкө аймагында газ, нефть булактарын издөөгө жумшоо максаттуу болорун жана бул багытта “Газпром” менен сүйлөшүүлөр болгонун билдирди.

Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу маселелерин иликтеген эл аралык коомдук фонддун жетекчиси Эрнис Карыбеков өлкөдө газдын запасы болгону беш-жети жылга гана жетери совет мезгилинде эле аныкталганын эскертип, мындай шартта газ түтүктөрүн куруу өзүн актабастыгын белгилейт. Эксперт көмүрдөн газ өндүрүү сунушу дагы Кыргызстанга экономикалык жана экологиялык жактан пайдасыз болорун айтып, өкмөт электр энергиясын өндүрүүгө басым жасоо менен гана газга болгон муктаждыктан арыларын белгилейт.

- Көмүрдөн газ чыгарса, анын кубаттуулугу бир куб метрге 1000-1500 эле килокалорий болот. Эл муну жага албайт. Салыштырып көрө турган болсок, жаратылыш газынын кубаттуулугу 8000 килокалорий. Кызыл-Кыядагы көмүрдүн кубаттуулугу килограммына – 4500 килокалорий. Ошондуктан экономикалык жагынан караганда бул бизге пайдасыз. Анын үстүнө сейсмикалык жактан дагы заводду курууга болбойт. Албетте газдан көз каранды болбош керек. Бизде электр энергиясы бар, көмүр бар. Көмүрдөн станция куруп электр энергиясын чыгарсак болот. Нарын дарыясында турган Токтогул каскады менен экөөнү бирдей иштетсек, элди 50 жыл камсыз кыла алабыз. Жетмек бизге.

Ошто апрель айынан бери газ жок.

Ошто апрель айынан бери газ жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев көмүрдөн газ өндүрүү демилгесин колдой турганын билдирди. Анын пикиринде, Кызыл-Кыяда мындай өндүрүштүн пайда болушунун өзү эле экономикага кошулган салым.

- Кызыл-Кыянын көмүр бассейнинде 90 миллион тоннага чейин көмүрдүн запасы бар. Завод түшүп калса, 100 пайыз болбосо дагы бир топ маселени чечүүгө болот. Кандай болбосун өндүрүш экономикага чоң салым кошот.

Энергетика министрлиги түркиялык компания менен меморандумга кол койгону менен компаниянын атын атаган жок. Депутат Азамат Арапбаев дагы компаниянын чоо-жайынан кабарсыз экендигин билдирди. Бирок эксперт Эрнис Карыбековдун айтымында, бул түрк компаниясы башта заводду куруунун алкагында өзүнүн бир нече шарттарын атаган.

- Түрктөрдүн меморандумунун биринчи вариантында алар бизден суу, минералдык ресурстарды сураган болчу. Бирок өкмөт аны кайра карап чыгып, башка меморандумга кол койсо керек. Негизи карап көрүш керек, кайсы меморандумга кол коюшканын.

Кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” быйыл жазында орусиялык “Газпромго” саткан. Көп өтпөй өлкөнүн түштүк аймагына газды "Кыргызгаз" аркылуу берип келген өзбекстандык "Узтрансгаз" орус компаниясы менен келишим жоктугун шылтоолоп, көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон. Ошондон бери Ош шаары газсыз отурат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG