Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

"Кыргызгаз" карызды түтүк менен төлөгүсү келет


"Кыргызгаздын" Казакстанга карызын газ түтүктөрүн сатып кутулуу демилеси сынга кабылды.

"Кыргызгаздын" Казакстанга карызын газ түтүктөрүн сатып кутулуу демилеси сынга кабылды.

“Кыргызгаздын” жетекчилиги Казакстанга эски карыздан кутулуу үчүн керектен чыккан газ түтүктөрүн берүү керектигин билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынан депутат Назарали Арипов Лейлек районунда совет мезгилинде курулуп, азыркы учурда пайдалануудан калган газ түтүктөрүн “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургумбай Кулмурзаев мыйзамсыз жол менен казып алып, сатууга аракет кылып жатат деп айыптоодо.

Анын маалыматында, Кулмурзаев 14-апрелде жергиликтүү бийликке кат жолдоп, газ боюнча Казакстанга болгон карыздан кутулуу үчүн ушундай чечим кабыл алынганын билдирген. Депутат “Кыргызгаз” моюнундагы карызы менен толук “Газпромго” сатылганын эскертип, Казакстанга болгон карызды жабуу маселесин эми “Кыргызгаз” эмес, аны сатып алган “Газпром” ойлонушу керектигин айтууда.

- Булар Казакстанга карызыбызга беришибиз керек деп, аны сатуу боюнча жергиликтүү бийликке кайрылыптыр. “Кыргызгазды” “Газпромго” сатып жатканда мен сураган элем, бул түтүктөр кошо сатылабы же жокпу деп. Алар эч кандай сатуу болбой турганын айтышкан. Тилекке каршы, ошондой чечим чыгарып, түтүктөрдү казып алабыз деген аракеттер жүрүүдө. Өзүңөр билесиңер да, “Кыргызгаздын” канча карызы болсо анын баарын Орусия тарап төлөп бериши керек эле. Бул боюнча декабрдын аягында мыйзам чыгып, ага президент кол койгону белгилүү.
"Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллердин кол алышуусу. 10-апрель, 2014-жыл.

"Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллердин кол алышуусу. 10-апрель, 2014-жыл.

“Кыргызгаз” ишканасы былтыр “Кыргызгазпром” жоопкерчилиги чектелген коомун түзүп, бардык тийиштүү мүлкүн – газ түтүктөрүн, газ бөлүштүрүүчү станцияларды, компрессор станцияларды, облустардагы имараттарды ушул фирмага өткөрүп берген. “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев азыр аталган ишкананын жетекчисинин милдетин аткарууда. Анын айтымында, Лейлектеги совет заманынан калган газ түтүктөрү керектен чыккан деп эсептелгендиктен “Газпромго” сатылган эмес. Эми алар “Газпром” жаңы ишкана ачканча бул түтүктөрдү сатып, Казакстанга болгон 2007-жылдагы карыздан кутула берүүнү туура көрүшкөн. Мындан улам Кулмурзаев өз аракетинде эч кандай мыйзам бузуу жок экенин белгилейт:

- Ошол эле Назарали Ариповдун бир тууганы Лейлек районунун акими. Ошол киши түтүктөрдү сугатка пайдаланууга сурап, губернатор аркылуу мага кат менен кайрылган. Мен ага уруксат берип, түтүктөрдүн теңин элге берейин, пайдасы тийсин дегем. Калганын алып карызыбыздан кутулалы деп казактарга сатканбыз. Бул бүгүн эле чыга калган маселе эмес, былтыр эле башталган. Бирөөсү элге жардам сураса, бирөөсү “Кулмурзаев сатып жатат” дешет, а мен казактарга акча бергиче, труба берип кутулуп койсом, бизге пайда деп жатам. Туура “Газпром” карызды төлөп берет. А биз өзүбүздүн фирмага жардам болсун деп, темир-тезек, калган кереги жок шаймандарды сатып жатабыз. Ал түтүктүн бизге да, өзбектерге да кереги жок.

Узундугу 26 километр газ түтүктөрү жайыт, элдин үлүш жерлери аркылуу өтөт. Мындан улам эл үлүш жерин каздырып, газ түтүктөрүн алып чыгууга каршы болууда. Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиевдин билдиришинче, 14-апрелде "Кыргызгаздан" келген катта иштен чыккан газ түтүктөрү казылышы керектиги, бул үчүн үлүш жерин каздырган элге компенсация төлөнүп берилери тууралуу айтылган. Бирок эл түтүктөрдүн баарын сугатка пайдалануу жагын ойлоп, мындай сунуштан баш тартышууда:

- Алар менден ошол эл арасында чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүп берүүмдү суранышты. Мен алардын катына бул суранычты канааттандыра албайм деп жооп бердим. Анткени эл башка позицияда, демонтажды колдобой жатат. Азыр эл газ түтүктөрүн таштап эле кетсе деп жатышат. Айылдар чек арада жайгашса, суу тартыш болсо, андан көрө аны суу түтүк катары иштеткенибиз жакшы дешип. Ошого түшүндүрүү иштери оор болуп калгандыктан, мен алардын суранычын канааттандыра алган жокмун. Газ түтүктөрү жер астындагысы деле, үстүндөгүсү деле бүтүн бойдон.

Түтүктөрдүн бири аркылуу Өзбекстан Сох анклавына газ берет. Сох. 2010-жыл.

Түтүктөрдүн бири аркылуу Өзбекстан Сох анклавына газ берет. Сох. 2010-жыл.

Союз маалында Өзбекстандын Бухара, Самарканд, Каршы деген ири газ магистралдары Кыргызстан, Тажикстан аркылуу өтүп, Анжиян, Фергана өрөөнүн газ менен камсыздап турган. Бул магистралдын бир бөлүгү Лейлек району аркылуу өткөндүктөн, ал жерде үч линиялуу газ түтүктөрү курулган. 2000-жылдардан кийин Өзбекстан газ магистралын өз аймагы аркылуу алып өткөндөй кылып жол куруп алган соң, Тажикстан менен Кыргызстандагы газ түтүктөрү пайдалануудан калган. Азыркы учурда алардын бири гана иштейт жана ал аркылуу Өзбекстан Сохко газ берет, ал жерден Кыргызстан газды Айдаркенге алат. Тургунбек Кулмурзаев эгер эски түтүктөр сатылганда, Кыргызстан Казакстанга болгон 2007-жылдагы 13 миллион доллар карызынын 8 миллионунан кутулмактыгын айтты:

- Биз 30 жыл мурдагы “Кыргызгазпром” фирмасына өткөрбөй, “Кыргызгаздан ” аны жараксыз деп таап, сатып жатабыз. Биз карызды берип койсок, Орусия деле айтат да: “Ии ырас кылыпсыңар. Жок дегенде анча - мынчасынан кутулуп коюпсуңар” деп, андан жаман болмок беле. Сегиз миллиондон кутулмакпыз. “Газпромго” деле жардам болмок. Казактар эски труба керек алабыз десе, берип кутулуп койгон жакшы да. Ал жерде жатып чирий берсе кимге пайдасы тиет? Эгер уруксат беришпесе, жата берсин, чирий берсин. Анда казактар менен түзүлгөн келишимди кайра бузуп салабыз. Бизге да жок, элге да жок, эч кимге пайдасы жок болуп жата берсин.

Ушул жылдын 10-апрелинде Бишкекте “Кыргызгазды” мойнундагы бардык карызы менен Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатуу тууралуу жыйынтык келишимге кол коюлуп, ага ылайык “Газпром-Кыргызстан” ишканасы түзүлмөй болгон. Келишимге ылайык, Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүү үчүн 600 миллион доллар инвестиция салынат жана “Кыргызгаздын” 42 миллион доллар карызы төлөнүп берилет. Бул сумманын 13 миллион доллары 2007-жылдагы, калган 29 миллион доллары былтыртан берки карыз.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG