Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

Аялдардын шайлоодогу квотасы "уурдалууда"


2011-жылдагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан аял.

2011-жылдагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан аял.

Жогорку жана жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн бөлүнгөн квота сакталбай жатат. Бул тууралуу 1-декабрда Бишкекте өкмөттүн алдындагы Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтылды.

Аталган кеңеш гендердик теңчиликти сактоо үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.

Койсун Курманалиева Талас облусун 2010-жылдын апрелинен тарта башкарып келе жатат. Анын баамында, Кыргызстан гендердик теңчиликке али жетише элек. Мындан улам шайлоолордо аялдарга квота өңдүү кошумча чаралар зарыл:

- Башкаруу системасында аялдар эки эсе күч, эки эсе дем менен иштөөгө туура келет. Бүгүнкү күндө аялдарга квота деген сөзсүз керек. Мүмкүн кийинчерээк аң-сезимибиз өзгөрүп кетээр, ошол убакта кереги болбой калаар. Партиянын лидерлери бул маселенин үстүндө сөзсүз иштеши керек. Мындай нормалар мыйзамга жазылып кала турган болсо, ал сөзсүз аткарылышы керек. Гендер деген маселе боюнча эгемендикти алгандан бери көп эле сөздөрдү айтып, көп эле иш-чараларды өткөрүп келатабыз. Бирок керектүү деңгээлге жеткире элекпиз. Дагы кошумча мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Андан сырткары аялдардын ич ара бири-бирин колдоо демилгелери да көбүрөөк зарыл.

Вице-премьер-министр Элвира Сариева келерки шайлоолорду утурлай мыйзамдык деңгээлде кошумча чаралар колдонулбаса, айрыкча жергиликтүү кеңештерде аялдардын ордун сактап калуу оор болорун эскертти:

- Кыргызстанда гендердик квота киргизилгенден кийин саясаттагы аялдардын саны көбөйдү. Бирок статистиканы карасак, Жогорку Кеңеште 22 эле пайыз аялдар отурат. Ал эми мыйзам боюнча 30 пайыздан кем болбошу керек болчу. Жергиликтүү бийликте, кеңеште 20 пайыздан аз болуп жатат. Өкмөттү деле карасаңар, азыр эки эле аял калды. Мына шайлоо да жакындап калды. Аны утурлай биз мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Мисалы, Жогорку Кеңешке өткөн партия тизмедеги аялды чыгарып, анын ордуна эркекти киргизгенге укугу бар. Биз ушуга чек коелу деп жатабыз. Аял депутат чыккандан кийин анын ордуна тизмедеги башка аял кириши керек, эркек чыкса эркек кириши керек. Жогорку Кеңеште, Ош менен Бишкек шаардык кеңештерде аялдардын саны салыштырмалуу көбүрөөк, бирок айрым бир жергиликтүү бийликте, айылдык кеңештерде аялдар такыр жок. Эгер мыйзам менен чектерди койсок, буюрса эмки шайлоодон кийин аялдардын саны көбөйөт деген ойдобуз.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрага орун басары Бахтияр Фаттаховдун пикиринде, аялдардын саясатка аралашуусуна коомдогу айрым бир жагдайлар да тоскоол болууда:

- Бизде чыгыш менталитети, мусулманчылык, элдин салты деген бар. “Аял үйдө балдарды карап отуруш керек ” деген эскиден калган түшүнүк бар. Биз демократияны өнүктүрүп жаткандан кийин аялдардын укугун коргосок жаман болбойт. Мен көп жыл мамлекеттик муниципалдык кызматта иштеген адам катары айта алам, жакшы кызматкерлер аялдардан чыгат. Ошондуктан алардын санын көбөйтүшүбүз керек.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Роза Акназарова аялдардын саясий активдүүлүгүн алардын материалдык жагдайы менен байланыштырууда:

- Көп эле аялдар саясатка барып, шайлоого катышкысы келет. Бирок материалдык жактан өз идеяларын ишке ашыруу оор. Эгерде мамлекеттен саясий партияларды каржылоо тууралуу мыйзамдык жобо болсо, аялдарга дагы мүмкүнчүлүк түзүлөт эле.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова аялдарга берилген квота сандык көрсөткүчтү чечкени менен сапаттык көрсөткүч аксап жатканын айтууда:

- Аялдар өздөрү айрым бир көйгөйлүү маселелерге каршы чыгып жатышат. Эки-экиден мушташып, чачташып, квота менен келгенин унутуп коюшууда. Партияларды шайлап жатканда алардын тизмесин карап, кайсы аял, кандай программа менен келип жатат, анын элге жардамы тиеби, же өзү жардамчылары менен жыргап, унаа тээп эле жүрө береби деген жагын да караш керек.

Кыргызстанда соңку кездери аялдардын саясий жараяндарга аралашуусу азайып баратат деген менен, айрыкча Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында гендер маселеси салыштырмалуу дурусураак деп бааланат. Буга Роза Отунбаеванын президентке болгонун да башкы мисал катары келтиргендер бар. Андан тышкары, ушу тушта Кыргызстанда Башкы прокуратураны, Жогорку Сотту, Эсеп палатасын, Каржы министрлигин айымдар жетектейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG