Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

Сот системасындагы аялдардын саны жана орду парламентте айрым депутаттарды ойго салууда.

Эл өкүлү Исхак Масалиев аялзатынын табиятынан жумшактыгы, боорукерлиги оор кылмыш иштери боюнча чечим кабыл алууда кедергисин тийгизип калбайбы деп кабатыр. Талдоочулар судья айымдар чечимди ички сезим-туюмунун эмес, мыйзам тамгасынын негизинде чыгарарын белгилеп, мындай күдүк ой суу кечпей турганын айтууда.

Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде Жогорку Соттун 2015-жылдагы ишинин отчетун угуу маалында депутат Исхак Масалиевди сот системасындагы аялдардын саны туурасында маалымат кызыктырды.

Жогорку Сотто судьялык кызматтын 47 пайызын жана жергиликтүү соттордо судьялардын 38 пайызын аялдар түзөт деген көрсөткүчтөн улам депутат гендер маселесине токтолду.

Тармакта аялдар саны жагынан эркектерге теңелип баратканына ачык каршылыгын билдирбегени менен, Исхак Масалиев табиятынан жумшак, боорукер аялзаты кылмыш иштери боюнча чечим кабыл алууда ошол ички сезим-туюмдарына алдырып койбойбу деп чочулап турганын айтты:

Исхак Масалиев

Исхак Масалиев

- Аял киши жаратылыштын башталышы, жан берген киши. Ал жумшак, абдан боорукер, сабырдуу болот. Ошондон улам мен Жогорку Соттон "бул нерселер чечимдерди кабыл алууда тоскоол болбойбу?" деп сурадым. Алар андай болбой турганын айтышты. "Биздин эжекебиз күчтүү иштейт" дегенинен "болуптур" деп койдум. Аялзатынын орду бийик да. Анын орду мусулман калкыбызда батыш мамлекеттеринен башкачараак. Көрүнгөн-көрүнбөгөн кызматтарга коюп жатабыз. Эртеси күнү “кокуй, кыздарыбыз кайда?” деп жүрбөйлү. Укук коргоо органдарында аялзатынын иштеши мени ойлондурат. Мен муну мыйзамсыз же туура эмес деп айта албайм. Бирок ойлор пайда болот экен.

Көп жыл Жогорку Сотто судьялык кесипти аркалаган Султангазы Касымов эл өкүлүн бул маселе боюнча кабатырланбай эле коюуга чакырат. Ал өз тажрыйбасында соттук чечимдердин аялдар чыгарганы үчүн гана чийки же жумшак болуп калган учурлар болбогонун, анткени адам тагдырын чечкен өкүмдү чыгарууда судья аял же эркек экенине карабай мыйзамга таянарын белгилейт.

- Жарым кылымдай бул тармакта иштедим. Андайды көргөн жокмун. Мен иштеп жүргөндө бул жакта 70 пайыз аялдар иштечү. Эркектерден да жакшы чечим чыгарган аялдар бар. Өзү ушул кесипке кыздар көп келет. Практикада илгертен эле аялдар көп иштейт. Негизи өзү маданияттуулугу жогору калыстыкты аялдар эркектерге караганда көбүрөөк жасайт.

"Оор күндөрү эркектер кайда эле?"

Бүгүнкү күндө тартип коргоо органдарында иштеген кыз-келиндердин саны деле депутат кооптонгондой көп эмес, болгону 12 пайыздан бир аз гана ашат.

Милиция аялдар ассоциациясынын президенти Каана Айдаркулдун пикиринде, укук коргоо органдарына аялдардын көбүрөөк тартылышы коомдогу аялдарга жана балдарга карата жасалган зомбулукка каршы күрөшүүдө чоң жардамын берет. "Аялдарды кайсы бир ишке чектөө туурасында ойлонуудан мурда алардын ишине шарт түзүү жагы каралса натыйжалуу болмок" дейт ал.

- 90-жылдарды эстейличи. Ал жылдары аялдар иштегенде эркектер унчуккан жок. Ошондо алар “Ой, силер аялсыңар, үйдө эле отургула, биз эле багабыз” деп айтышпайт беле. Аялдар "челнок" болуп иштеди, сыртка кетишти, кандай оор жумушка тартылды эле! Мен ошого таң калам да. Анан мусулманчылык дегенде, ошол депутат өзү көп эле мамлекеттерге барса көрөт. Ошол эле мусулман өлкөлөрдө аялдар иштейт. Мисалы, ошол эле аялды полицияда иштеген эркек текшербейт да. Жакын барбайт. Демек алар менен аял кызматкерлер иштейт. Ал жактарда ошол аялдарга шарт түзүп берет. Оор жумушу үчүн жеңилдиктерди берет.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Исхак Масалиевдин кандай гана ою болбосун аны эл өкүлү катары билдирүүгө укугу бар экендигин белгилейт. Бирок ошол эле учурда анын гендер маселесиндеги позициясына кошула албайт. Депутат айым кесиптешинин мындай көз карашы ага жаңылык деле болбогонун айтып, буга чейин деле анын бийликке аялдардын келүүсүнө каршылыгын ачык эле билдирген учурун эстеди.

- Чынын айтсам Исхак Апсаматовичти гендерлик сезими жок жигит катары билем. Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышында ал депутат болуп турган маалда парламентте бир дагы аял жок, жалаң эркектер шайланган эле. Ошондо биз аялдарга квота маселесин көтөргөндө, ал орусча айтканда “только через мой труп” деген. "Андай эч убакта болбойт, кыялданбай эле койгула" деген эле. Бирок 4-чакырылыштан баштап квота киргизилди. Эми биз депутаттын айткандарын этика, регламент комитетинде карап, тескей албайбыз. Ал өзүнүн ой-пикирин билдирүүдө укуктуу. Бирок анын позициясы туура эмес. Мен ага каршымын.

Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун маалыматында Кыргызстан аялдардын саясий укугу жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча глобалдык индексте 145 өлкөнүн ичинде 75-орунда турат. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда сот, прокуратура тармагын аял башкарып турат. Бирок ошентсе да аялдардын саясаттагы таасири табигый түрдө бекемделе албай жатканын белгилеген пикирлер көп айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG