Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:52

Абыт Ибраимов - илимий иштерин интернет аркылуу англис тилинде таратып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө окурмандарын тапкан генетик-окумуштуулардын бири, Кыргыз генетика илимине “Кыргыздар жана анын генофонду” илимий китеби аркылуу чыйыр салган окумуштуу, Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты.

Окумуштуунун илимий эмгектерин бүгүн кызматынан 192 өлкөнүн окумуштуулары пайдаланган www.researchgate.net акысыз социалдык тармагы аркылуу таап окуса болот. “Көп сөздү жактырбаган”, коомчулукка сейрек көрүнгөн генетик-окумуштууну “Азаттык” кепке тартты.

Биз бекер шайланганбыз

“Азаттык”: Абыт мырза, сиз легендарлуу парламентте, андан кийин Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйынында депутат болгонсуз. Ошол чакырылыштар менен азыркынын айырмасы барбы?

Абыт Ибраимов: Ошол эки чакырылышты дурус деп айтышат. Себеби биз бекер өткөнбүз. Эл шайлаган. Азыр акча, арак, беш бармак менен болуп атпайбы.

“Азаттык”: Азыр деле эл шайлап атпайбы. Эл бузулдубу?

Менин жетимиштен ашык илимий ишим бар, бирок аны ишке ашыруу үчүн бүтүн Илимдер академиясына бөлүнгөн акча да жетпейт.

Абыт Ибраимов: Эл үчүн жооп бере албайм. Мени шайлоо кызыктырбайт. Мен короодогу малды карайм, жайкысын кой жаям, анан илимий иш менен алектенем.

“Азаттык”: Анда илим жөнүндө сүйлөшөлү. Кыргыз генетика илиминин бүгүнкү абалы кандай? Өзүңүз илимий иштериңизди улантып атасызбы?

Абыт Ибраимов: Мен башкалар үчүн эмес, өзүм үчүн жооп бере алам. Мен илимий эмгектерди кыргыз, орус тилдеринде окубайм. Себеби азыр илимде бир эле нукура тил бар. Ал - англис тили. Ошондуктан мен англисче окуйм, анча-мынча өзүм да жазам, иштеримди котортуп, редакциялап, тиешелүү сайтка (www.researchgate.net) жарыялайм.

“Азаттык”: Илимий иштериңиз Кыргызстандын ичинде, башка кайсы бир элдерде, өлкөлөрдө турмушка ашырылып, лабораторияларда колдонулуп жатабы?

Абыт Ибраимов: Жок, мен теоретикмин. Мен жасаган иштердин пайдасын окумуштуулар көрүшөт, окушат, шилтеме кылышат, колдонушат. Зарылдык болгондо деле Кыргызстанда ишке ашпайт. Аларды пайдалануу шарты жок. Мисалы, менин жетимиштен ашык илимий ишим бар, бирок аны ишке ашыруу үчүн бүтүн Илимдер академиясына бөлүнгөн акча да жетпейт.

Окулбаган илимдин кереги жок

“Азаттык”: Сиз Кыргыз илимдер академиясы тууралуу сарказм менен бир макала жазыптырсыз. Бул мекеме ректорлордун, директорлордун, мамкызматкерлердин жабык кулубуна айланып калды деген пикириңиз бар экен...

Абыт Ибраимов: Сиз башкача ойдосузбу? Мисалы, чет өлкөлөрдө өз аброюн көтөрүү үчүн Академия таланттуу окумуштууларды өзү издеп табат. Бизде өкмөт орун берет. Анан бүт академиктерди бирин аке, бирин таяке деп, бирине пара берип, баарын кыдырып чыгасың. Анан добуш аласың. Ошондо 20-30 кишиге пара беришиң керек болот.

“Азаттык”: Сиз корреспондент мүчөсүз да. Академик болуу дымагыңыз бар беле? Аракет кылып көрдүңүзбү?

Башка улуттун 20-30 пайыз каны бизге аралашып, дилибиз менен аң-сезимибиз кыргыз бойдон калса улутка пайда эле.

Абыт Ибраимов: Мен өзүмө жаккан академиянын мүчөсүмүн. Мага жетет. Академик - өлбөс эмгек жараткан өлбөс адам. Мен билгенден андай адам бирөө эле – Константин Юдахин. Корреспондент-мүчөлүктөн чыгайын деп эки ирет кайрылгам. Мыйзам боюнча ал өмүр бою берилет экен да.

“Азаттык”: Илимдер академиясын реформалоо аракеттери жасалып эле келатат. Азыр да ошол демилгенин үстүндө иштеп жатабыз деп атышат. Сиздин оюңузча кандай реформа керек?

Абыт Ибраимов: Биринчиден, өкмөт илим керекпи же керек эмеспи дегенди чечиш керек. Керек болсо академияда болушу керекпи же жогорку окуу жайдабы? Акча барбы? Академияда кала турган болсо азыркы академиктердин бардыгын кетирип, критерийлер боюнча кайра тандаш керек. Ал критерийлер – мыкты илимий иши болушу, анын чет элдик журналдарга жарыяланышы, башкалар пайдаланышы керек. Бизде четте иштеген өтө мыкты окумуштуу балдар бар. Андайларды мүчө кылуу академия үчүн сыймык болуш керек.

“Азаттык”: Ошол сиз айткан үч критерийге өзүңүз дал келесиз да?

Абыт Ибраимов: Мен өзүм айта албайм, бирок эмгектеримди көрсөтө алам (илимий иштери жарыяланган жоон топ китеп, журналдарын, интернет баракчаларды, сайттарды көрсөтүп жатат – авт).

Биринчи илимий макалам англис тилинде 1973-жылы чыккан. Ошондон бери дүйнөдөгү таанымал ондогон илимий журналдарга чыгып келатам. Researchgate аркылуу илимий иштеримди кайсы өлкөлөрдө, кимдер, эмне максат менен окушат, пайдаланышат - акмалап турам. Мына, бир айда менин жарыяланган эмгектеримди 1279 киши окуптур. Негизги окурмандар АКШдан, Ирандан, Кытайдан, Түркиядан, Италиядан экен. 410 киши цитата катары пайдаланыптыр. Мунун бардыгын өзүңүз деле researchgate.net аркылуу текшерип көрүңүз.

Биз – окумуштуулар илимий иш жасап, жарыялап, дүйнөгө таратып турганга милдеттүүбүз. Себеби элдин салыгынын эсебинен жашап жатабыз. Окулбаган илимдин кимге кереги бар?

Кыргыздын жашы узарды

“Азаттык”: Азыр дүйнөдө ири ачылыштар жасалууда. Клеткаларды жасоодон тартып клондоштурууга чейин жетти. Адамзаттын жашоосуна пайдасы канчалык тийип жатат?

Абыт Ибраимов: Адамды клондоштурууга болбойт. Мыйзам бар. Бирок пайда алып келе турган илимий ачылыштарды, мисалы, альцгеймер сыяктуу акылын жоготкондордун моделин жасап атышат. Ага кантип таасир берсе болот деп. Азыр биотехнологиясыз жашоо мүмкүн эмес. Мисалы, журналисттер ГМО деп сындап атышат, бирок зыянын таба элек. Жүгөрү, арпа, буудай өңдүүнүн бардыгы жапайы түрүнөн алынган да. Аларды жеп атпайбызбы.

“Азаттык”: Адам өмүрүнүн узактыгына байланыштуу ар кыл көз караштар бар. Академик Мамакеев орточо курак жогорулап баратканын, кыргыз кебелбей жүздөн ашык жашаса болорун айтып жүрөт. Сиз кандай ойдосуз?

Абыт Ибраимов

Абыт Ибраимов

Абыт Ибраимов: Орточо жашоо ченеми узарды чын эле. Англичандардын орто курагы, мисалы, 20-кылымдын башында 51-55 болчу, азыр 80 жашка жетти. Себеби кандай? Биз Казакстанда иликтөө жүргүздүк. Бул генетикадан эмес, жашоо шартынан көз каранды экен. Тамак-аш оңолду. Медицина, дары-дармек адам өмүрүн сактоого кудуреттүү болуп калды. Антибиотик эле адамдын өмүрүн жыйырма жылга узарта алат. Анан экологиянын таасири маанилүү. Мисалы, казактар бай болгону менен азыраак жашайт. Кыргыздарда, тескерисинче, жашоо деңгээли ылдыйраак болгону менен өмүрү узагыраак. Мында экологиянын ролу бар.

“Азаттык”: Илдеттер. Тукум кууган илдеттердин жолун тосо турган ачылыштар барбы, мисалы, Кыргызстанда деле пайда болгондур?

Абыт Ибраимов: Кыргызстанда жок. Шарт жок. Ал эми өнүккөн мамлекеттерде болуп эле жатат. Даун синдрому хромосомдорго байланыштуу болгондуктан, төрөтпөй койсо болот. Башка жолу жок.

Ал эми ак кан сыяктуу гендик оорулар боюнча оптимизм бар. Болтурбай коюу, болсо төрөлгөнгө чейин же төрөлгөндөн кийин оңдосо болот. Жолу ачылды. Калганы убакыттын иши. Бул жагынан Америка, Жапония, Германия өңдүү өлкөлөр өтө алдыга кетти.

Негизи ачылыштар акыл менен эмес, байлык менен көбүрөөк ченелет. Эмне үчүн Орусия алдыда эмес? Себеби, жылына бул өлкө илимге 3 миллиард доллар бөлсө, АКШда бир эле Гарвард университетинин бюджети 23 млрд. доллар. Булар алдыга кетишти.

Тукумсуздук менен кудуретсиздик

“Азаттык”: Кандаштардын никеси деген маселе бар бизде. Тажиктер тукумду бузат экен деп мындай никеге тыюу салып койду. Бизде тыюу салса болобу?

Абыт Ибраимов: Бир жагынан этикалык жагы бар. Сүйөм деп турса, сезимди кантесиң? Экинчи жагынан азыр 40-50 жашка келип калгандар башкача. Кыргыз бир аралашып алып, толуп калды. Себеби, түндүк-түштүк эли аралашты. Окууга келип, иштегени барып, үйлөнүп дегендей. Азыр андай мыйзамдын кереги жок. Бул кылдат маселе. Анын үстүнө эл муну жакшы түшүнөт.

Ген улуттан көз каранды эмес. Бардык адамдардын гени бирдей. Жөөттөр, мисалы, кыздарын башка улутка бергенге кызыкчылыгы бар. Себеби, баласын өз улутунун дилине бура алышат.

“Азаттык”: Жети ата өтмөйүнчө кудалашууга болбойт деп...

Абыт Ибраимов: Албетте. Корейлерде дал ушундай, жапондордо миң жылдап тереңге кетет экен.

“Азаттык”: Миграциялык агым күчөдү, ааламдашуу заманы келди. Бир топ кыздар чет өлкөлүктөргө турмушка чыгышты. Улутчулдар кыргыздын генофондун бузуп жатат деп, кыздарга доомат артышууда. Кандай дейсиз?

Абыт Ибраимов: Ген улуттан көз каранды эмес. Бардык адамдардын гени бирдей. Жөөттөр, мисалы, кыздарын башка улутка бергенге кызыкчылыгы бар. Себеби, баласын өз улутунун дилине бура алышат. Башка улуттун 20-30 пайыз каны бизге аралашып, дилибиз менен аң-сезимибиз кыргыз бойдон калса улутка пайда эле.

“Азаттык”: Кыргыздын каны канчалык кубаттуу, таза деген суроо туулат. Мисалы, кыргыз ак сөөк, арий тукум деп да жүрүшпөйбү.

Абыт Ибраимов: Эми ал кымыз-патриоттордун сөзү. Айткандан эч нерсе өзгөрбөйт. Мына мен Союз маалында Чукоткада сегиз жыл жүрдүм. Кыргыздын генофонду боюнча китеп жаздым. Кыргыздын гени башкалардан өзгөчө эмес. Дегеле ген улутка бөлүнбөйт.

“Азаттык”: Азыр тукумсуздук чоң маселеге айланды...

Абыт Ибраимов: Бул маселе бар. Ар бир бойго жеткен үчүнчү жигит кудуретсиз деген маалымат бар. Жатын кистасы өңдүү илдеттер турмушка чыга элек кыздарда чыгып атат. Мунун себеби жасалма тамак-аштардан деп ойлойм.

“Азаттык”: Азыр эми ошол тукумсуздукту жасалма уруктандыруу (ЭКО) аркылуу чечүү аракеттери медицинада активдүү жүрүп жатат. Кыргызстанда деле акчалуу болуп калган байгер адамдар бала күтүүнүн жолун ЭКО аркылуу таап атышат. Эмнеден сактаныш керек?

Абыт Ибраимов: Жоопкерчиликти толугу менен дарыгерлер өзүнө алышы керек. Дарыгерлик - жабык кесип. Дарыгерлерден ЭКО боюнча ката кетип калууда. Акча үчүн жасап коюп атышат. Чет өлкөлөрдү алсак, мисалы, Казакстанга биздин деле барып жасатып атышпайбы, донор тууралуу ачык, толук маалымат эч качан берилбейт. Ал ким? Тукум кууган оорусу жокпу? Ким тандады? Так маалымат жок.

Экинчиден, жатынга өз атасынын уругу салынып атабы же башка бирөөнүкүбү? Атасынын уругу жарактуубу-жараксызбы? Айтылбайт. Бул сыр бойдон калат. ДНКдан кийин чыкса чыр болоруна маани берилбейт.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG