Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

УКМК Мурат Иманкуловдун кызматтан бошотулуш себебин билдирди


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, подполковник Мурат Иманкулов коопсуздук кызматынан келишимдеги шарттарды аткарбаганы үчүн бошотулду.

Мурат Иманкулов УКМКнын алдындагы Кадрларды даярдоо институтунда иштеп жаткан. Ал бир нече убактан бери УКМКнын дарегине сын айтып келе жаткан мурунку чекист Марат Иманкуловдун бир тууган иниси.

Кечээ аталган институттун жетекчиси Болот Абдрахманов Иманкуловдун иниси ордунда иштеп жатканын, аны кетирүү боюнча буйрук келе электигин маалымдаган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG