Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Ош ТЭЦи мэриянын карамагына өткөрүлөт


Ош шаары.
Ош шаары.

Мындай тапшырманы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 27-сентябрдагы өкмөттүк жыйында берди. Анын айтуусунда, Ош жылуулук борборун шаардык мэриянын карамагына өткөрүү маселеси буга чейин да көтөрүлүп, тиешелүү чечим чыккан. Ошого карабай, жылуулук борбору бүгүнкү күнгө чейин “Электрстанциялары” ишканасынын карамагында кала берүүдө.

Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев учурда бул маселе Ош шаарынын мэриясы менен талкууланып жатканын маалымдады.

Ош шаардык ТЭЦи 291 көп кабаттуу, 140 менчик үйдү, 88 бюджеттик мекемени, алты ишкананы жана 219 ар кандай уюмдардын имараттарын жылытат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG