Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Асел Темиралиева: Германия экинчи мекеним


Берлиндеги "Базар" эл аралык жармаңкеси. Дубалда Асел Темиралиеванын сүрөтү илинип турат.
Берлиндеги "Базар" эл аралык жармаңкеси. Дубалда Асел Темиралиеванын сүрөтү илинип турат.

Ишкер Асел Темиралиева-Майер жакында Берлинде өткөн эл аралык “Базар” жармаңкесине кол өнөрчү айымдарды уюштуруп алып келген. Ал өзү 20 жылга жакын убактан бери Германияда жашайт. Асел айым “Азаттыкка” маек куруп, өзү жана немистердин өзгөчөлүгү, үй-бүлө куруу, бала тарбиялоо темасында ой бөлүштү.

“Азаттык”: Асел айым, Германияда эмне менен алектенесиз?

Асел Темиралиева-Майер: Германияда жашаганыма 20 жылдай болуп калды. Жолдошум немис, Норберт Майер. Биз буга чейин Өзбекстанда жашап келдик. Берлинге келгенден кийин Кыргыз-немис маданий коомун түзгөнбүз. Ошол учурда 17 эле мүчөбүз бар болчу. Азыр алардын саны 60ка жакындады.

Андан сырткары Берлинде жыл сайын өтчү эл аралык “Импорт шоп” жармаңкесине 2003-жылдан бери катышып келем. Азыр анын аталышы “Базар” деп өзгөртүлгөн. Учурда Кыргызстандан да кол өнөрчүлөр келип катышууда. Кыргыздын кийиз буюмдары жана курактары бул жакта жакшы таанымал.

Кыргызстанда да “Шардана” деген коом түзгөнбүз. Анда кыз-келиндерге кийизди иштетүү, буюм жасоо жана сапаттык стандарттар боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Германиядан атайын эксперттерди алып барам. “Тумар” кол өнөрчүлөр ишканасынын Германиядагы өкүлүмүн. Учурда анын тапичкелерин германиялык белгилүү үч фирма сатып алат. Мен башка кол өнөрчүлөр тобун тартып, көрсөткүм келет. Бирок алардын айрымдарынын сапаты бир аз стандартка туура келбей жатат.

“Азаттык”: Анда Кыргызстанга тез-тез эле барып турат экенсиз да?

Асел Темиралиева-Майер: Кыргызстанга жыл сайын каникул болгондо бир-эки айга барабыз. Андан сырткары жазында, күзүндө мастер-класстарды өткөрүү үчүн эксперттерди алып барам. Кыз-келиндердин ар кандай долбоорлорун колдоп, окууларды өткөрөбүз. Германия мектебинде жана бала бакчада балдар кийиз менен иштейт. Ошондуктан мен бул жакта да мастер-класстарды өтөм.

Сабактын алдында сөзсүз өзүм жөнүндө, кантип Германияга келип калганым тууралуу, Кыргызстан, кыргыз эли, көчмөндөрдүн турмушун айтып берем. Буга кошумча видео көрсөтөм. Абдан кызыгышат. Анан сабакты баштайбыз.

Асел Темиралиева Берлиндеги "Базар" эл аралык жармаңкеде кардар менен.
Асел Темиралиева Берлиндеги "Базар" эл аралык жармаңкеде кардар менен.

“Азаттык”: Кийиз менен иштөөнү кайдан үйрөндүңүз эле?

Асел Темиралиева-Майер: Мен мектепке барганга чейин Ысык-Ата районунда таенемдин колунда чоңойгом. Ал абдан иштүү, колунан баары келген киши эле. Шырдак шырып, ала кийиз жасап, курак курачу. Мен жанында отуруп алып кошо жасаар элем.

Кыргызга жаккан күйөө бала

“Азаттык”: Канча балаңыз бар?

Асел Темиралиева-Майер: Биздин 16 жана 14 жаштагы эки балабыз бар. Апам Кыргызстандан тез-тез келип турат. Ошондуктан кыргызча анча-мынча сөздөрдү жана санаганды билишет. Кыргыз, орус, немис жана англис тилдери аралашып кыйналып кетишти. Ошондуктан биз орусчаны калтырдык. Кыргызстанга жыл сайын барганда Ысык-Көлгө, Ысык-Атага, айылга барабыз. Быйыл Таш-Рабатка, Соң-Көлгө барып келдик. Балдарым Кыргызстанды жакшы көрүшөт.

“Азаттык”: Сиз турмушка чыккан жылдары башка өлкөгө, башка улутка кетүү өөн учурачу эле да? Туугандарыңыз муну кандай кабыл алышкан?

Асел Темиралиева-Майер: Туугандарга эле эмес, менин өзүмө да өөн учураган болчу. Айылда, кемпирдин колунда чоңойгондуктан кыргыздын салт-санаасын, этти устакандоо, куда тосуу, куран окуу дегенди жакшы билчүмүн. Ошондуктан "менин ордум Кыргызстан, Германияга барып эмне кылам" деп ойлоор элем. Бирок жолдошум мени бул жакка келүүгө көндүрдү.

Кыргызстанда Экономика министрлигинде иштечүмүн, өзүмдүн үйүм да бар эле. Немисче да билчү эмесмин. Таенем Норбертти көргөндөн кийин каршы болгон жок. Аты да кыргызча Нурбек экен деп далысынан таптап калчу. Ал киши улуу баламды көрүп калды. Баары ойдогудай, жакшы болуп кетти. Азыр өз энем да "күйөө бала деген ушундай болушу керек" деп үлгү кылып калат.

Германияга келгенде машина айдаганды, немис тилин үйрөндүм. Банкта өзүмдүн эсебим ачылды. Берлинде машина айдайм деп ойлогон эмесмин, анткени аябай чоң шаар. Бирок үйрөнүп, шуулдатып айдап жүрөм.

Эч кимге көз каранды эмесмин, ошого сүйүнөм. Учурда Берлиндин четинде айылга окшош жерде жашайбыз. Кошуналар, кесиптештер менен жакшыбыз. Германия менин экинчи мекеним болсун дедим. Балдарым, жумушум бул жакта дегендей.

Тагдыр кошкондо...

“Азаттык”: Жолдошуңуз кыргыздын салт-санаасын да жакшы билип калса керек?

Асел Темиралиева-Майер: Толук түшүнбөсө да, жакшы эле билип калды. Азыр Кыргыз-немис маданий коомун жетектейт. Мурда банкта иштеген, тажрыйбасы бар. Экөөбүз Ленинграддан (азыркы Санкт-Петербург) таанышканбыз. 1989-жылы Германиянын батышы менен чыгышы бириккен убакта немис жаштарынын көбү Батышка окуп кеткен экен. Менин жолдошум болсо орусча үйрөнөйүн деп Орусияга барыптыр. Биз ошол жактан тааныштык. Өзүм Ленинградда экономика боюнча диссертациямды жактагам.

“Азаттык”: Немистердин кайсы сапаттарын баалайсыз?

Асел Темиралиева-Майер: Немистер эрте турушат. Иштерман, тартипти, тазалыкты сактаган эл. Колунан келбеген ишке жолошпойт, куру убада беришпейт. Бирок айткан нерсесин аткарат. Ачык калк, башка элдин маданиятына, эмне тамак жасашат, кандай жашайт деген нерселерге абдан кызыгышат. Мамилеңе жараша мамиле кылышат.

Тартипке чакырган камчы

“Азаттык”: Үйдө кыргыздын тамагы көп жасалабы же немистердикиби?

Асел Темиралиева-Майер: Биз Норберт экөөбүз таанышканда палоо жана фунчезаны көп жасачубуз. Ошондуктан азыр конок чакырганда ушул эки нерсе үстөлдө сөзсүз болушу керек деп калат. Беш бармакка жакшы эт керек эмеспи, аны башынан жакшы жасай албайм. Кыргызстандан манты бышырган идиш ала келгем. Жума күндөрү токоч бышырам. Аны балдар "апа нана" деп коюшат, оромону да аябай жакшы көрүшөт. ​Анан албетте немистердин тамактарын да жасайм.

“Азаттык”: Сиздин да мүнөзүңүз немистердей болуп өзгөрдүбү же тескерисинче жолдошуңузду өзгөрттүңүзбү?

Асел Темиралиева-Майер: Толук өзгөрүү деген болбойт. 50-50 деп коет го, сөзсүз экөөбүз тең компромисске барабыз. Кээде бири-бирибизди түшүнбөй калсак, отуруп алып ачык сүйлөшөбүз. Ичибизге сактап жүрбөйбүз. Мага ошол жагат.

Балдарды тарбиялоо да башка. Кол көтөрүү, өспүрүм куракта үйдөн чыгарбай камап коюу деген жок. Мындайды Кыргызстандан көрүп жүрөм. Биз балдарга эмне кылса болот, эмне болбой турганын айтабыз. Бирок аларга ишене турганыбызды билдиребиз. Үйдө камчы бар, кичине кездеринде тентектик кылышса ошол менен коркутуп, сес кылып койчумун. Урчу эмесмин. Кошуна аялга мени камчы менен көрсөң уруп атат деп ойлобо, тентектик кылганда сестентүү үчүн алгам деп айтып койгом. Ошондуктан балдар камчыны жакшы билишет.

XS
SM
MD
LG