Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Кыргызстан Германиядан зор колдоо күтөт


Германия -- Канцлер Ангела Меркел менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында. Берлин, 11-декабрь, 2012.
Германия -- Канцлер Ангела Меркел менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында. Берлин, 11-декабрь, 2012.

Германияга расмий сапар менен барган кыргыз президенти баштаган топ чоң үмүт менен кайтты.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Германияга жасаган үч күндүк (10-12-декабрь) расмий сапарынын натыйжасында эки тараптуу бир канча келишимдерге кол коюлду. Алардын негизгилери - Кыргызстанга 26 миллион евро грант берүү жана Кыргызстандын Германияга болгон 8 жарым миллион евродой карызын конвертизациялоо боюнча келишимдер болгону айтылууда.

11-декабрда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында немис канцлери Ангела Меркел кыргыз президентинин бул сапары ийгиликтүү болду деп баа берди. Меркел айым Европа Биримдиги демократиялык өнүгүү жолуна багыт алган Кыргызстан алыс экенине карабай мындан ары да ар тараптуу колдой берээрин, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чындоого аракеттер көрүлөөрүн белгиледи.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да сапардын жыйынтыгында “Азаттыкка” бул визит эки тараптуу мамилелерди жаңы нукка бураарына ишеним артаарын айтты:

- Урматтуу Меркел айым айткандай эле бул сапар абдан ийгиликтүү болду. Германия Европа Биримдигиндеги эң күчтүү өлкө. Кудай буйруса, эми бул тараптан бизге таптакыр башкача мамиле болот. Алдын ала айтпай туралы, жакын арада биздин кызматташтык мамилебизде чоң жаңылыктар болгону турат. Сапарыбыз байсалдуу болду.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө көңүл чордонуна чыккан дагы бир маселе - Кыргызстандагы адам укуктарына байланышкан жагдай болду. Жолугушуулардын алдында адам укугун коргоочу “Хюман Райтс Уотч” уюму Германия канцлери Ангела Меркелди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөндө «адам укуктары боюнча олуттуу тынчсыздануу билдирүүгө» чакырган. Уюмдун билдирүүсүндө, Кыргызстандын түштүгүндө адам укугунун бузулушу айыпталып, кыргыз бийликтерине түрмөлөрдөгү кыйноолорду жана укук коргоочуларды коркутуп-үркүтүүнү токтотуу талап кылынышы зарыл деп айтылганы бар.

Президент Атамбаев да биздин суроолорго жооп берип жатып, Кыргызстандагы адам укуктары боюнча абал тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө көп сөз болгонун, канткен менен тараптар бул маселеде тил табышканын билдирди:

- Мындай суроолор көп болду. Бирок көп жерде кайсы бир фактынын тегерегинде саясий чайкоочулук болуп жатпайбы. Аны да түшүндүрдүк, мындай чайкоочулукту кичине четке кагыш керек деп айттык. Анан соттун чечимин өзгөрт деп президенттен сураганыңар туура эмес дедим. Сот деген сот... Ушундай бир топ суроолор болду. Менимче, алар бизди түшүнүштү. Анткени көп нерсени бул жакка туура эмес жеткиришиптир., көп нерсени билбейт экен. Менимче, бул маселеде биз тил табыштык.

Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүр бою абакка кесилишине байма-бай тынчсыздануу билдирип келатканы белгилүү. Бул маселе канцлер Ангела Меркел менен президент Алмазбек Атамбаевдин Берлиндеги маалымат жыйынында да козголуп, журналисттердин бири “укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши кайра каралабы?” - дегендей суроо узаткан. Бул суроого кыргыз президенти “эгер негиз болсо бул иштин кайра каралышына өзү да кызыкдар экенин, бирок бул маселени президент эмес сот чечет”, - деп жооп берген.

Берлиндеги жолугушууларда Кыргызстандагы немистер тууралуу да көп сөз болду. Президент Атамбаев Сталиндик репрессиянын учурунда Кыргызстанга көчүрүлгөн немистерди кыргыз эли жылуу тосуп алганын, учурунда жүз миңдей немис Ала-Тоону байырлап, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн салым кошуп келгенин, алар жакшы сапаттары менен жергиликтүү калктын эсинде калганын эске салып атты. Эгемендик жылдарынын башында Кыргызстандагы немистердин көбү көчүп кетип, азыр он миң чамалуу гана калган.

Германияга барган кыргыз делегациясынын курамында Кыргызстандагы немистер бирикмесинин төрагасы Валерий Диль да болду. Анын айтымында, эки тараптуу жолугшууларда Кыргызстандагы немис диаспорасы тууралуу да сөздөр болду:

- Биздин делегациянын бул сапары максатына жетти, эми маселе андагы келишимдерди ишке ашырууда турат. Кыргызстандагы немистер Ала-Тоону байырлаганыбызга 140 жылдай болду. Германия башка жактардагы немистерди абдан жакшы колдойт. Бул жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыкта Кыргызстандагы немис диаспорасынын орду тууралуу да маселелер козголду. Биз өз тилибизди, дилибизди сактоо менен Кыргызстанда мындан ары да жашап, өлкөнүн өнүгүшү үчүн салым кошо беребиз.

Ошентип кыргыз делегациясы Берлинден абдан чон үмүт менен кайтты. Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, кыргыз тарап Европа Биримдигинен Грузияга көрсөтүлгөндөй колдоо күтүп жатат:

- Биз Европа Биримдиги Кыргызстанга да Грузияга берип жаткандай өлчөмдө колдоо көрсөтүүсүн сурандык. Алар буга негизинен макул. Маселен, Европа Биримдиги бизге 30 миллион евро берсе, Грузияга мындан 22 эсе көп – 670 миллион еврону жардам катары берип жатат.

Бирок азырынча Кыргызстанга мындай өлчөмдөгү жардам берилер-берилбеси, берилсе анын шарттары кандай болору ачык айтыла элек.

Канткен менен айрым саясий серепчилер Германия кыргыз президентинин расмий сапарын кабыл алып, көңүл буруп коюшунун өзүн эле Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик катары баалашууда. Президент Атамбаевдин Европага жасаган алгачкы расмий сапары кыргыз-немис алакалары түптөлгөнүнүн 20 жылдыгына да дал келди. Акыркы сегиз жылдан бери эки өлкө ортосунда мындай жогорку деңгээлдеги сапар – жолугушуулар болгон эмес.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG