Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:28

Кыргыз-немис кызматташтыгынын тарыхында Германиянын канцлери Кыргызстанга биринчи жолу келип кетти.

Канцлер Ангела Меркелдин Ала-Тоо жергесине ат башын буруп түшкөнү эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарабы?

Кыргыз өкмөтү Германия жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрү менен соода-экономикалык жана гуманитардык багытта жемиштүү иштей албай жатканына эмне себеп?

"Арай көз чарай" талкуусуна Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрнест Оторбаев, экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев жана Кыргызстандагы "Био.kg" органикалык федерация кыймылынын директору Искендербек Айдаралиев катышты.

“Азаттык”: Эрнест мырза, глобалдык саясаттан, аймактык же эки тараптуу кызматташтыктын контекстинен алганда, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин ат башын Кыргызстанга буруп, биринчи келишинин негизги төркүнү, мааниси эмнеде деп ойлойсуз?

Эрнест Оторбаев: Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга келген сапары тарыхый жактан өтө маанилүү. Германия Кыргызстандын Европадагы негизги өнөктөшү болуп эсептелет.

14-июль, 2016-жыл, Бишкек

14-июль, 2016-жыл, Бишкек

Эгемендүүлүк алган 25 жылдан бери Кыргызстан Европа мамлекеттеринин арасында Германия менен өтө тыгыз мамиледе болуп келет.

Баарыбызга белгилүү болгондой, президент Алмазбек Атамбаев 2012-2015-жылы Германияга эки жолу иш сапар менен барып келген. Ошондо президент федералдык президент жана федералдык канцлер менен жолугушуу өткөргөн, макулдашуулар болгон.

Канцлердин Кыргызстанга келиши президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен ишке ашты. Негизгиси канцлердин бизге келишине өз каалоосу да болгон. Германия канцлеринин Кыргызстанга келишинин башкы мааниси биздеги демократиялык процесстерди колдогондугу деп түшүнсөк болот.

“Азаттык”: Ооба, канцлер Ангела Меркел “Кыргызстандын демократия куруу ниетин урматтайбыз, өлкө колдоого муктаж” деп айтты. Германия Кыргызстанга кайсы жагынан жардам бергиси келип жатат, демократиягабы же экономикагабы?

Эрнест Оторбаев: Акыркы 25 жылдан бери Кыргызстанда Германиянын бир топ өнүгүү долбоорлору иштеп жатат. Мындан сырткары түзмө-түз ишке ашып жаткан долбоорлор бар. Бизге өкмөт тарабынан инвестицияларды көбөйтүү боюнча тапшырмалар берилген, анын үстүнөн иштеп жатабыз. Демократияны өнүктүрүү боюнча да Германия менен дайыма диалогдор болуп турат. Германиянын экономика жагынанбы же саясат жагынанбы өнүккөн жактарын үйрөнүп, өзгөчө азыркы жаштардын ал жактан билим алуусуна шарт түзүшүбүз керек.

“Азаттык”: Данияр мырза, учурдагы кыргыз-немис кызматташтыгында динамика жок, өсүү жок, Германиянын дараметин Кыргызстан пайдалана албай жатат деген пикирлер бар. Эгер ошондой болсо анын себеби кайда?

Данияр Иманалиев: Мен эки өлкө ортосундагы экономикалык көрсөткүчтөрдү айтсам эле түшүнүктүү болот. Акыркы беш жылда Германия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык алакалардын көлөмү 90 миллион доллардан 250 миллион сомго чейин өстү.

Бизден Германияга кургатылган жашылча-жемиштер, төө буурчак, кургатылган козу карындар, алмалар жана тамеки сырьесу ж.б. экспорттойбуз. Ал эми биз Германиядан өндүрүштө колдонула турган жаңы технологиядагы жабдуулар, автоунааларды, алардын тетиктерин, дары-дармектерди ж.б. импорттойбуз.

"Азаттык”: Искендер мырза, Кыргызстандын ишкерлери Европага экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын алып чыгууну максат кылып жатканын билебиз. Бирок анын натыйжа, жемиши барбы? Жок болсо ага эмне тоскоол болууда?

Демократияны өнүктүрүү боюнча да Германия менен дайыма диалогдор болуп турат. Германиянын экономика жагынанбы же саясат жагынанбы өнүккөн жактарын үйрөнүп, өзгөчө азыркы жаштардын ал жактан билим алуусуна шарт түзүшүбүз керек.

Искендер Айдаралиев: Бул маселеде көп тоскоолдуктар бар. Европа мамлекеттеринин талаптары өтө чоң, татаал. Базар мамилелеринин шартында атаандаштыкка туруштук берүү керек болууда. Кыргызстан органикалык айыл чарба азыктарына өтө бай өлкө, бул жагы Европада аябай өнүккөн.

Бизден Баткендин өрүгүн Европага алып барып, бир топ текшерүүлөрдөн өттү, алар жактырып жатышат, буюрса сыртка чыкканы турат.

Биз Европа стандарттарына ылайык товар өндүргөндү үйрөнүшүбүз керек. Ошол себептүү биз өзүбүздө аларга ылайык, эки стандартты иштеп чыгып, ага жараша Кыргызстанда 10 органикалык аймактарды түзүп, талапка жооп берип иштей ала турган дыйкандарды, адистерди окутуп жатабыз.

Данияр Иманалиев: Биз азыр орто жана узак мөөнөттүү стратегиялык пландарды коюп жатабыз. Биринчи орто мөөнөттө биз кайсы продукцияларыбызды чыгара алабыз аныкташыбыз керек. Мисалы, тигүү тармагы. Бизден тигилген кийимдер азыр Германияга чейин кетүүдө. Алар кыргыздын этно кийимдерине, кийизден жасалгандарына көп кызыгышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG