Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Кыргызстандык жарандар чет өлкөгө жумуш издеп кетип, дайын-дарексиз жоголгон фактылар катталууда.

Алардын көпчүлүгүн эмгекке жарамдуу курактагы кыз-келиндер түзөт.

Ички иштер министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы алардын туугандары көбүнчө кеч кайрылгандыктан жоголгон адамдардын соңку байланыштарын аныктап табуу кыйын болуп жатканын белгилешүүдө.

Жоголгон жарандардын бири таластык Зарина аттуу кыз чет өлкөгө иштегени чыгып кеттим деп, ал жактан бир нече курдай байланышка чыгып жүрүп, бирок соңку он айдан бери дайынсыз жоголгон.

Апасы зар какшайт

Талас шаарынын тургуну, 29 жаштагы Зарина аттуу кыз Бишкек шаарында иштеп жүрүп, мындан бир жыл мурун чет өлкөгө жумуш издеп кеткен. Апасынын айтымына караганда, Зарина Кыргыз улуттук университетинин экономика адистигин аяктап, бирок ылайыктуу жумуш табылбагандыктан Бишкектеги кафе-ресторандардын биринде администратор болуп иштеп жүргөн.

Зарина өткөн жылы апасы менен кеңешип, аны бирөөлөр чет өлкөгө жогору маяналуу жумушка чакырып жатканын айткан. Ага макул болгонуна кейип жүргөн Заринанын апасы Гүлдөйкан айым табышмактуу чалуулардын таржымалы тууралуу мына буларды айтып берди:

- Башында макул болбой жатып болдум эле. Анан кызым жетээри менен эле Африкадан чалып жатам деп кабарлады. Бир канча убакыттан соң Бельгияда окуп жүргөнүн билдирди. Анан эле Түркияга келгенин айтып, Анкарадан бизге акча салды. Анан кайсы бир гуманитардык уюмда Түркиянын жер титирөө болгон аймагында иштеп жүргөнүн билдирди. Ошентип эле тез-тез сүйлөшүп турганбыз. Акыркы жолу өткөн жылы ноябрь айында телефон чалып, жаңы жылга жетпей Кыргызстанга келээрин айткан болчу. Бирок келбеди. Январь айында бир кыз чалып, ал Зарина сыртка чыгып кеткен бойдон жок болуп жатканын айтты. Ошол бойдон дарек жок.

Гүлдөйкан айым сыяктуу жоголгон уул-кыздарын эми каяктан издешин билбей жүргөн ата-энелер Кыргызстанда ондоп саналат. Чет өлкөдөгү жогору маяналуу жумушка чакыруу азгырыгына алдангандардын көпчүлүгү, изкубарлардын айтымында, кулчулукка дуушар болгон учурлар аз эмес.

Жол издеп жүрүп жоголгондор

Өткөн жылы Ички иштер министрлиги менен эл аралык миграция уюмунун кийлигишүүсү менен элүүдөн ашуун Кыргызстандын жараны чет элдеги кулчулуктан бошотулган. Алардын көпчүлүгүн Казакстандын эгин талааларында эрксиз эмгекке салынгандар түзөт. Мындан сырткары Түркияга, Орусияга, Бириккен Араб Эмирлигине кетип дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандардын так саны белгисиз.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Турдакун Сыдыков мындай фактылар көп болгону менен ал боюнча өз учурунда расмий кайрылуулар аз экенин белгиледи:

- Ооба, мына ошондой фактылар болуп жатканы кийин гана белгилүү болуп жатат. Жоголгондордун туугандары адатта кеч кайрылышат. Болбосо мындай фактылар тууралуу кайрылбай жүрө беришет. Албетте аз санда болсо да кайрылган учурлар бар. Мына ошолор боюнча бүгүнкү күндө биздин элчиликтер тарабынан тиешелүү иштер жүрүп жатат. Алардын жыйынтыктары боюнча кошумча кабарлайбыз.

Быйыл өткөн алты айдын жыйынтыгы боюнча эле 1320 адам дайынсыз жоголгон. Дайын-дарексиз жоголгондордун көпчүлүгүн чет өлкөгө жумуш издеп кеткендер же ал жакка барууну көздөп жүргөн жарандар түзөт. Адам сатууга ыңгайланышкан кылмыш топтору бар деп шектелип жүргөн менен андайлардын бети ачылганы аз. Жыл башынан бери Кыргызстандын аймагынан эле жети адам сатуу фактысынын бети ачылган.

Ички иштер министрлигинин кылмыш издөө башкы башкармалыгынын өкүлү Улан Жаңыбаевдин айтымында, чет өлкөгө алдоо жолу менен адам соодасына алынып кеткендердин көпчүлүгү кыздар:

- Чет өлкөгө көбүнчө бала багууга, мейманканага, ресторанга же дүкөнгө иштейсиң деп алып кетишет. Бирок барган соң документтерин тартып алып, башка жумушка салган учурлар бар. Бирок мына ошол кыздар кийин бошоп келгенден кийин да аларды кимдер ал жакка алып кеткенин ачык айтып, даттанышпайт. Бул тууралуу бизге оперативдүү маалыматтардан гана белгилүү болуп калат. Жабырлануучулар көбүнчө туугандары бул тууралуу билип калбасын деген ой менен жашырышат же болбосо аларды күчтөп кармагандардан коркуп эч нерсе айтышпайт.

Адистер айрыкча Түркия менен визасыз карым-катнаш ачылгандан бери ал жакка иштеп келүүнү каалаган кыргызстандыктардын агымы күчөгөнүн айтышууда. Түркия аркылуу үчүнчү бир өлкөгө чыгып, документтерин жоготуп, же эрксизден бирөөлөрдүн колунда кармалган жарандар тууралуу маалыматтар өтө эле аз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG