Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Бүгүн ГКЧП окуяларына 25 жыл толду. Ал кездеги советтик саясий жана аскер жетекчиликтин чоң бөлүгүнүн мамлекеттик төңкөрүш аракети эски совет республикаларынын көз карандысыздык алышын тездеткен окуялардын негизгиси катары бааланып жүрөт.

Кыргызстандын “легендарлуу” парламентинин төрагасы Медеткан Шеримкулов 1991-жылдын 19-августтагы путчун “Азаттыкка” эскерди.

“Азаттык”: Совет системасында үлгү ала турчу көрүнүштөр кайсылар эле, ошол оң сапаттарды эмнелер жок кылды деп ойлойсуз?

Шеримкулов: Советтер союзунун урап калышы – бул анын курамына кирген мамлекеттердин элдердин чоң трагедиясы. СССР өзгөчө 1991-жылкы ГКЧП окуясынан кийин кыйрады, ал окуяга түздөн-түз тиешеси барлар, аны даярдагандар жана ага каршы чыккандардын ой-пикирлери ар түркүн. Бирок канчалык болбосун биз 70 жылдан ашык совет мамлекеттеринин курамында жашадык. Кыргызстан үчүн, кыргыз өкмөтү үчүн совет бийлиги көп ийгиликтерди, жакшылыктарды алып келди биз аны эч убакта унутпашыбыз керек.

Мен союз өлкөлөрүнө кирген жетекчилердин ичинен биринчи болуп ал антиконституциялык, мамлекеттин биримдигине каршы багытталган кыймыл, буга биз эч убакта жол бербешибиз керек деп чыккам. ГКЧПнын чечимдери Кыргызстандын аймагында мыйзамдык күчкө ээ эмес экенин да билдирген элем.

“Азаттык”: СССРдин урашына негизги себеп эмне болду дейсиз?

Шеримкулов: Союздун урап калышына ички жана сырткы окуялардын таасири болду. Тышкы факторлорду айта турган болсок – бул АКШ баш болгон башка дагы капиталисттик өлкөлөрдүн советтик системага каршы чыгышы. Бул каршылык 1917-жылкы октябрь революциясынын жеңишинен кийин эле башталган. Советтер союзуна каршы кыймыл-аракеттер 1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун негизинде деле көрүнбөдүбү.

Ал эми ички кемчиликтер – бул ошол мезгилдеги СССРдин экономикасынын өтө төмөндөп кетиши, Советтер союзунун биримдигине каршы чыккан ар түркүн күчтөрдүн кыймыл, партиялардын пайда болушу жана СССРдин өзүнүн 1985-91-жылдар арасындагы экономикалык кырдаалы болду.

“Азаттык”: Туура 25 жыл мурунку путчту сиз алгач кайдан уктуңуз эле?

Шеримкулов: Бул окуяны 1991-жылы 19-августта жумушка келгенде уктум. 20-августта союзга кирген бир топ өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз ССРи дагы “жаңы союздук келишимге” кол коймок болчубуз. Таң эрте биринчи рейс менен премьер-министр Насирдин Исанов Москвага учуп кеткен. Ал эми кечки рейс менен мен жана Аскар Акаев экөөбүз Москвага учмакпыз. Бирок ГКЧПга байланыштуу биз барбай калдык. Ошол эле 19-августта мен телефон аркылуу Акаев менен макулдашып, анын кабинетинде республиканын бир нече жетекчилери жолугуп, ГКЧПга болгон мамиле жөнүндө өз ой-пикирлерибизди алышып, өзүбүздүн саясий багытыбызды, позициябызды макулдашкан болчубуз. Ошондо биз Кыргыз Республикасынын 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган “Суверендүүлүк жөнүндөгү” декларациянын негизинде республикабыздын көз карандысыздыгын сактап калабыз деген ойго келген элек.

“Азаттык”: ГКЧПнын кадамы, аракеттерине бүгүн 25 жыл өткөндөн кийин кандай баа бересиз, бул антиконституциялык кадам беле же мыйзамдуу беле?

Шеримкулов: Бул антиконституциялык кыймыл болчу. Мен союз өлкөлөрүнө кирген жетекчилердин ичинен биринчи болуп ал антиконституциялык, мамлекеттин биримдигине каршы багытталган кыймыл, буга биз эч убакта жол бербешибиз керек деп чыккам. ГКЧПнын чечимдери Кыргызстандын аймагында мыйзамдык күчкө ээ эмес экенин да билдирген элем.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG