Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Global Witness: АУБ аркылуу 1,2 млрд. доллар чыгарылган


Global Witness эл аралык уюму 23-ноябрда Бишкекте "АзияУниверсалБанк" Кыргызстандан учурунда 1,2 миллиард доллар алып чыгып кетүүгө көмөктөшкөн деген маалыматты таратып, ал махинациялар Максим Бакиев жанан анын жакындарына барып такалаарын билдирди.

Global Witness уюму өз иликтөөсүн “АзияУниверсалБанк” менен 7-апрелден кийинки бийликтин ортосундагы чыр-чатактардан соң баштаган. Иликтөөнүн негизги өзөгүн “көңдөй” уюмдар түзөт.

Иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча маалымат жыйын өткөргөн Global Witness уюмунун кызматкери жана эксперти Том Мейн мындай уюмдар акчаны адалдоо үчүн түзүлөөрүн түшүндүрдү.

“"АзияУниверсалБанк" боюнча иликтөөбүздү баштаганда, бир топ “көңдөй” компаниялар бар экенин байкадык. Андай компаниялардын адатта кеңсеси жок, алар бир адам тарабынан түзүлүшү мүмкүн, ал жерде эч ким иштебейт. 6-апрелде революцияга бир күн калганда “АзияУниверсалБанктын” эсебинен 30 миллион доллар чыгарылып, Белиздеги бир ишкананын эсебине которулган”, - дейт Том Мейн.

Иликтөөдө айтылгандай, 7-апрелден кийин 64 миллион доллар бюджеттик акча башка эсептерге которулган.

​““АзияУниверсалБанк” криминалдык максаттарга колдонулуп, жалпысынан 1,2 миллиард доллар Кыргызстандан чыгарылган. Эмнегедир чоң суммадагы акчалар 2010-жылдын 7-апрелине бир апта калганда да башка эсептерге которулган.

“АзияУниверсалБанк” аркылуу ишке ашкан махинацияларга мамлекеттик уюмдардын да катышы бардыгы далилденди”, - деп улантат Том Мейн.

Отчетто Алексей Елисеевдин жана Евгений Гуревичтин аттары да жолугат. “Мегаком” компаниясынын да “көңдөй” компаниялар менен байланышы болгон, көп уюмдар Британияда катталган, себеби ал жакта ишкананы каттоо өтө оңой.
Орусиянын Борбордук Банкы да “АзияУниверсалБанктагы” шектүү операциялар тууралуу эксертүү жасаган.

Global Witness уюмунун маалыматы боюнча, учурда Максим Бакиевдин 7-апрелден кийинки ишмердүүлүгү менен Кыргызстандагы махинациялардын байланышы иликтенип жатат.

12-октябрда Лондондо кармалган Максим Бакиев 7-декабрда башталчу сотко чейин камактан күрөөгө бошотулган. АКШда Максим Бакиев "баалуу кагаздар боюнча көз боёмочулук кылды жана башка экономикалык кылмыш жасады" деп шектелип, ага издөө салынган.


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу, ошол тушта президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевге Кыргызстанда өзүнүн өнөктөштөрү менен бирге миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгында пайдаланган жана апрел окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Global Witness - эл аралык бейөкмөт уюм. Бул уюм жаратылыш ресурстарын экспорттогон өлкөлөрдөгү адам укуктары, коррупция боюнча иликтөөлөрдү жүргүзөт. Макаладагы бардык маалыматтар уюмдун отчетуна негизделип, азырынча бул маалыматтарды эч ким төгүндөй элек. Иликтөөнү уюмдун сайтынан англис тилинде окуса болот.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG