Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Кумтөргө жол жабык, сүйлөшүүлөр эмне берет?


Барскоондогу митингчилер, 29-май, 2013.
Барскоондогу митингчилер, 29-май, 2013.

Ысык-Көлдүн Барскоон айылында Кумтөр кенине кетчү жолду тосуудан улам татаал кырдаал түзүлдү.

Өкмөт Кумтөргө баруучу жолду сүйлөшүү менен ачууну көздөп жатат.

Кумтөргө баруучу жол дүйшөмбү күндөн бери жабык турат. Ал жерге чогулган адамдар экологиялык катастрофага жол бербөө, 2009-жылкы келишимди бузуу жана кирешени адилеттүү бөлүштүрүү талаптарын коюп жатышат. Бул тууралуу жол тосулган жерде тартылган видеотасмаларда айтылган.

Жол тосулган жерге барган Жекшенбек Шамырканов негизги көйгөй экология болуп жатканын билдирди:

- Социалдык маселе биринчи эмес. Булар эми социалдык маселе дегенде итке сөөк ыргыткандай ыргытып коюшат. Бул жерде эл деген экология жагын калыбына келтирип, 5 млрд. доллар зыянды төлөп берсин деп жатат.

29-майда жол тоскондор менен Жети-Өгүз районунун акими Жаныбек Дүйшөмбиев да жолугушкан. Аны менен жолугушууда акцияга чыккандар өкмөт тарабынан жакын арада жооп болбосо, Кумтөр кенине чыгып барышарын билдиришкен.

“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакировдун “Азаттыкка” 29-майда билдирүүсүнө караганда, ал дагы жол тоскон жарандар менен жолугушууга барып, маселени мыйзам чегинде чечүүгө чакырат.

Ал эми “Центерра голд инк” менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу Шакиров буларды айтты:

- Бири-бирибиз менен конструктивдүү сүйлөшүп жатабыз. Биз кооперацияга барабыз, бирок биз көзөмөлдөйбүз деп жатабыз. Бизди 2012-жылдын жыйынтыктары канааттандырбайт. Жетекчиликке бонустар көп берилген. Ал эми каржылык жыйынтыгы тескери чыккан.

Шакировдун айтымында, кыргыз тарап ошондой эле “Центеррага” аудит жүргүзгөн компанияны алмаштыруу, Брюс Уолтерди жетекчиликтен четтетүү талаптарын да коюп жатат. "Сүйлөшүүлөр үчүн бөлүнгөн 3 ай жетишсиз. Канадалыктар структуралык өзгөрүүлөргө барууга макул болуп жатат. Бирок анын деталдарын айта албаймын", - деп сөзүн жыйынтыктады Шакиров.

Кыргызстан геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуев болсо Кумтөрдүн жетекчилиги жол тоскон жарандар менен сүйлөшүүгө барышы керек дейт:

-Талаптар коюлган. Ал 13 пункттан турат. Аны Кумтөрдүн жетекчилиги карап көрүш керек. Аткара алабы, албайбы? Андан сырткары дагы талаптар бар. Эми булардын баары боюнча сүйлөшүү болуш керек.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөрдө кен казуу иши токтобойт деп билдирүүдө. Иш токтосо Кыргызстанга зыян болорун “Кыргызалтын” эскертүүдө.

Кумтөрдө кырдаал курчуп турганда, өкмөт Жерүй алтын кени боюнча жаңы конкурс өткөрүүгө камданып жатканы кабарланды. Ишимбай Чунуевдин айтымында, алар кенди иштетүүнүн үч вариантын өкмөткө сунушташкан. Өкмөттүн аппаратында Жерүйдү иштетүүнүн жаңы шарттары боюнча иштер жүрүп жатат.

Таласта жергиликтүү калктын бир тобу кенди иштетүүгө каршы чыгышкан. Таластагы “6-апрель - Акыйкат” кыймылынын лидери Умар Анарбаевдин билдирүүсүнө караганда, алар Кумтөр боюнча акцияны колдошот жана кыргыз өкмөтү 2009-жылкы келишимди бузууга барыш керек деген пикирде.

Кыргызстандагы оппозициялык партиялардын бири болгон “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров кырдаалга байланыштуу кендерди иштетүүгө мораторий жарыялоону сунуштаган. Ал эми “Эл үнү” кыймылы 2009-жылкы келишимди бузуу боюнча мыйзам долбоорун парламентке он миңден ашуун жарандын колу менен тапшырган. Бирок аны парламент карай элек.

Барскоондогу митингден сүрөт баян, 29-май, 2013

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG