Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана ишканага караштуу аффинаж заводунун жооптуу кызматкерлери уурулукка шектелүүдө.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, жакында Эсеп палатасы жүргүзгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунда жана ага караштуу Кара-Балта шаарында жайгашкан аффинаж заводунда мыйзам бузууларга жол берилгени аныкталган.

Бул факт боюнча аталган ишканалардын бир нече жооптуу кызматкерлерине Кылмыш кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) жана 221-беренеси (коммерциялык жана башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, аны иликтөө иши ИИМдин Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Министрликтин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” өткөн аптада аффинаждык ишканада тинтүү иштери жүргүзүлгөнүн, бирок тергөө кызыкчылыгына байланыштуу маалыматтар берилбей турганын билдирди.

- Жакында эле тергөө жана иликтөө иштерин жүргүзүү максатында Тергөө башкы башкармалыгы, Башкы тергөө башкармалыгы жана СОБР тез арада аракеттенүүчү отряддын жардамы менен Кара-Балтадагы аффинаждык заводдо иликтөө иштери жүрдү. Соттун санкциясы менен бир нече дарек боюнча тинтүү болду. Азырынча эмнелер табылып, алынганы туурасында тергөө купуялуулугуна байланыштуу айта албайбыз. Бирок бул иштин негизинде мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү ири экендигин айтып жатышат. Тергөө тактаган соң кенен маалымат беребиз.

Аталган аффинаждык заводдогу мыйзам бузуулар, текшерүү иштеринин жүрүшү туурасында ишкананын жетекчиси Владимир Мельников комментарий берүүдөн баш тартып, бул суроо боюнча “Кыргызалтын” ишканасына түз кайрылуу керектигин кошумчалады.

“Кыргызалтын” ишканасы болсо тергөө жыйынтыгы чыкмайынча эч кандай маалымат менен бөлүшө албастыгын кабарлады. Бирок аталган ишкананын өзүн атагысы келбеген кызматкери иликтөө иштери Эсеп палатасынын “алтын жетпей калды” деген маалыматынын негизинде жүрүп жатканын, мындан улам өткөн аптада заводдун 12 кызматкеринин иштеген жери, үй-жайы тинтилгенин “Азаттыкка” билдирди.

Ар кимдин өз чындыгы бар

“Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов уурулук боюнча козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы 2013-2014-жылдардагы жагдайларга байланыштуу болгонун белгилейт.

Мамытовдун айтымында, былтыр Эсеп палатасы “Кыргызалтын” 2013-жылдагы каржылык-өндүрүш маселелерин текшерүүгө алган. Жыйынтыгында алтынды иштетүүчү кислота затынын бир нече түрү жетпей калганы аныкталган. Бул зат бир нече тонна алтынды иштетүүгө жетмек. Мындан улам 2-3 тонна алтындын эсеби жоктугу айтылган. Кийинки эсептөөлөрдүн жүрүшүндө бир тоннадан ашыгыраак алтын жок деген бүтүм чыгарылган.

Токон Мамытов

Токон Мамытов

Токон Мамытовдун айтымында, бул иш “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчилиги, адистер менен чогуу талкууланган соң, кислота менен кошо алтын жоголду деген пикир жаңылыш катары эсептелип, буга байланыштуу каршы пикир Эсеп палатасына жөнөтүлгөн. Бирок алтын маселесинде эки тарап тең өз чындыгын коргоп чыккандыктан, Эсеп палатасы бардык тийиштүү документтерди тартип коргоо органдарына жиберип, эми иликтөөлөр башталып жатат.

- 2013-жылы беш-алты тонна кислотанын ар кандай түрлөрү жетпей жатканы аныкталган. Эсеп палатасы "ал бир нече тонна алтынды иштеп чыгарууга жетмек, демек алтындын эсеби кемип калды" деп жатат. Бирок эксперттердин айтымында, аффинаждык заводго Кумтөрдөн канча алтын келсе, ошончо алтынды кайра чыгарып кетет. Ал жерде 90 пайыздан ашыгы Кумтөрдүн алтыны да. Эгер Кумтөрдүн алтынынан жок дегенде бир кило жетпей калса, анда Кумтөр “кыргыз өкмөтү уурдап жатат” деп чатак чыгармак. “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчилери мага ушинтип түшүндүрүп беришти. Эсеп палатасынын түшүнүгү туура эмес экенин айтышты. Ошентип талашып отуруп, ишти аныкташ үчүн тартип коргоо органдарына кайрылалы дегенбиз. Бирок баарын текшерүү керек. Алар кислота кайда кеткен, нормасынан ашык пайдаланылдыбы, же башка жакка сатылып кеттиби? Ушундан улам биз иликтениши керек деген чечим кабыл алганбыз.

Кумтөр кени

Кумтөр кени

Мындан тышкары Токон Мамытов 2014-жылы декабрь айында “Кыргызалтынга” аффинаждык заводдун жетекчилиги жана анда иштеген айрым жумушчулардан кайрылуу түшүп, анда бир килограммга жакын алтын жетпей жаткандыгы тууралуу маалымат болгонун билдирди. Бул маселе боюнча үч ирет комиссия түзүлүп, жыйынтыгында жетпей калган алтын аныкталып, тийиштүү материалдар тартип коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Мамытов азыр бул иш боюнча дагы иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.

- Былтыр 10-15 кило алтын чыкса, ага бир кило жетпей калды. Ошол материалдардын баарын карап чыгып, чогултуп, кат даярдап, ИИМге, УКМКга жөнөткөнбүз. Ал кандайча жоголду, же бирөө уурдадыбы, же директорлордон же кайтаруучулардан кеттиби? Алар текшеребиз деп жатышкан. Бул факты да бар.

Кара-Балта шаарындагы алтын жана күмүштү аффинаждоо заводу өкмөттүн чечими менен 1992-жылы курулган. 1993-жылдан тартып өлкөдө алтынды казып алуунун көлөмү өтө төмөн болгондуктан аффинаждалган алтынды чыгаруу жылына болгону эки тоннаны түзгөн. Кийин Кумтөр алтын кени казыла баштаганда 1996-жылы аффинаждоочу завод реконструкцияланып, жыйынтыгында алтындын уютмаларын чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулук жылына 40 тоннага чейин жогорулатылган. Аталган завод 2001-жылы «Кыргызалтын» ААКнын курамына өткөрүлүп берилген.

Бүгүнкү күндө жыл сайын завод 14 тоннадан 18 тоннага чейинки алтынды иштетип чыгат.

Учурда завод жогорку сапаттагы 999,9 сынамыктагы, 11‑13 килограмм салмакка жакын стандарттык (банктык) куймаларды, 999,9 сынамыктагы 1000 грамм жана 100 грамм салмактагы алтындын чендик уютмаларын, 999,9 сынамыктагы салмагы 25 килограммга жакын күмүштүн стандарттык уютмаларын да чыгарат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG