Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Кыргызстанда учурда алтын кендерин иштетүү жана казууга берилген 161 лицензия күчүндө. Алардын 80 пайыздайы чет өлкөлүк компаниялардын колунда.

Адистер кезегинде бул лицензиялар олуттуу мыйзам бузуулар менен бөлүштүрүлгөнүн айтышса, азыркы Жаратылыш ресурстары министрлиги бардык аракеттер ошол учурдагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөнүн билдирүүдө.

Уруксаттын көбү чет жердик компанияларда
Кыргызстандагы так аныкталган алтындын акчалай көлөмүн 23 миллиард 270 миллион доллардан ашык деп боолголоо мүмкүн...


Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда чалгындоолор аяктап, мамлекеттик баланска коюлган 54 алтын кени бар. Алардын 30у таштагы алтын кендери болсо, 24ү чайкап алына турган алтындар. Баланска коюлган кендерде 410,5 тонна алтын бар экени такталган. Орто эсеп менен алтындын бир унциясын 1760 доллар деп алсак, Кыргызстандагы так аныкталган алтындын акчалай көлөмүн 23 миллиард 270 миллион доллардан ашык деп боолголоо мүмкүн.

Кумтөрдөгү кенчилер, 2011-жылдын 1-июну.

Кумтөрдөгү кенчилер, 2011-жылдын 1-июну.

Ушул тапта Кыргызстанда таштагы төрт алтын кени: Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары кенинин Алтын-Төр бөлүкчөсү жана Тереккан кендери иштетилип жатат. Ал эми алтын чайкоо иштери Каратөбө-Бузук, Сулуу-Тегерек, Баймак, Жарты-Суу, Жогору Кара-Булак, Кумбел-Суу алтындуу кум кендеринде жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жакындан тарта Кара-Казык, Жамгыр, Ичтенберди кендери иштетиле баштады.

Бул жана башка кендерди эсептегенде, ушул тапта алтын иштетүү үчүн берилген 161 лицензия күчүндө турат. Алардын 122си таштагы алтын, 39у чайкап алынуучу алтын кендер. Жалпысынан алтын кендерин казуу боюнча 39, чалгындоого 42, кенди издөөгө болсо 80 лицензия берилген.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин статс-катчысы Наби Эшназаров ырасташынча, бул лицензиялардын дээрлик 80 пайызга чукулун чет элдик компаниялар алышкан:

- Жалпысынан лицензиялар кытайлыктар менен орусиялыктарга эле берилген. Жергиликтүү компаниялардын жок болгонунун эң эле башкы себеби каражат жактарына байланышкан. Себеби жергиликтүү компаниялардын анчалык каражаттары жок болгондуктан чет өлкөлүк ишканалар аралашкан. Анткени кен иштетүү үчүн чоң каражат керектелет.

Дээрлик бардык алтын кендеринде мамлекеттин үлүшү жок

2009-жылдын 1-январына чейин лицензия алуу үчүн 300 сом төлөп, тиешелүү документтерди топтоо гана жетиштүү болгон. Уруксат алган компания кенди иштете баштап, атайын белгиленген салык жана төлөмдөрдү гана убагында төлөөгө милдеттендирилген. 2009-жылдан кийин жаңы салык кодекси ишке киришип “бонус” жана “роялти” деген жаңы түшүнүктөр келип чыккан.

Кумтөр алтын кени.

Кумтөр алтын кени.

Кайсы бир кенди иштетүүгө уруксат алуу үчүн ошол кендин маанилүүлүгүнө жана андагы алтындын көлөмүнө жараша алгачкы бонус же төлөм белгиленген. Компания бул каражатты төлөгөндөн кийин гана уруксат ала алган. Ал эми кенди казуу башталганда, өндүрүлгөн алтындын 5 пайызын роялти катары мамлекетке төлөп турууга милдеттендирилген.

Тоо-кенчилер ассоциациясынын президенти, Жаратылыш ресурстары министрлигинин көзөмөл кеңешинин төрагасы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери кендерге берилген уруксаттарын дээрлик эч биринде мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынган эмес. Бонус, же роялти төлөө милдети коюлганы менен алтын кендеринде мамлекеттин үлүшү жок болуп калган:

- Абдан чоң кемчилик болгон. Алтын үчүн лицензия берилген, бирок башкы келишим түзүлгөн эмес. Мунун бардыгы коррупцияга байланыштуу. Анан министрликтин ишти билбегенине байланыштуу. Башкы келишим болбогондуктан, мамлекеттин үлүшү жок болуп калган.

Дүйшеевдин маалыматы боюнча, Сулуу-Тегерек, Бозымчак, Кумбел, Айдарбек, Ичтенберди кендерине уруксат узак убакытка берилгени менен башкы келишим түзүлбөй калган. Жаратылыш ресурстары министрлиги болсо саналуу эки-үч гана кенде гана мамлекеттин үлүшү бар экенин, мамлекеттин үлүшү деген түшүнүк мыйзамда белгиленбегенин билдирүүдө.

"Кызыл кулактыктын" азабы

Ошентип көпчүлүк адистер соңку он жылда лицензиялар жең ичинен, тааныш-билиш аркылуу гана берилгенин ырастап келишет. Уруксат кагаздарын берүүдөгү алешемдиктер былтыркы апрель окуяларынан кийин козголуп, жаңы бийлик абалды иликтөө үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзгөн.

Бул комиссия былтыр декабрь айында ишин аяктап, лизензияларды берүүдө кызыл кулактык ыкмалар колдонулганын, уруксат берүү иштери жабык жүргүзүлгөнүн, мамлекеттин көзөмөлү жок болуп, лицензиялар эч кандай сынагы жок берилгенин жарыялаган.

Кезегинде бул аракеттерге тиешелүү аткаминерлердин кызыктар болгонун, тоо-кен тармагы боюнча адис, инженер Бакыт Сейталиев ырастоодо:

- Буга чейин болуп кеткен кемчиликтердин эң негизгиси эле, ошол кезде бийликте турган министрлер, “Кыргызалтындын” президенттери өңдүү мамлекеттик аткаминерлердин күнөөсү. Экинчиден, айкындык, ачыктык болгон эмес. Үчүнчүдөн, ошол кезде өзгөчө болчу да, “шапкесин алып эле берип коюптур” депчи. Эл ошондой нерселерди көрүп, нааразы болуп чыгышкан.

Алтын кендерине уруксат берүү маселеси ушул жаз, жай айларында жергиликтүү тургандардын каршылык акцияларынан кийин да көңүл чордонуна чыгууда. Лицензия берүү ишине ачыктык киргизүү талабын азыркы өкмөт да коюп келе жатат.

Жакында Жогорку Кеңеш “Кен байлыктары” жөнүндө атайын мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Парламенттин отун-энергетика, кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Олег Домшенконун айтымында, бул мыйзам менен уруксат кагаздарын берүүдөгү кемчиликтерди жоюу максат кылынган:

- Алтын өндүргөн бир катар компаниялар таптакыр эле иштебей, лицензияларын гана узартып келишкен. Үч-төрт жыл боюнча эч кандай чалгындоо, же казуу иштерин жүргүзбөй жөн гана лицензияларды узартып, кармап жүрүү менен гана алек болушкан. Эми бул компаниялардын уруксаттары жокко чыгарылат. Конкурстук негизде ылайыктуу инвесторлорго гана берилет. Ким жакшы шарт сунуш кылса, ким мамлекетке көбүрөөк үлүш берүүгө макул болсо, ошол компания конкурста утуп чыгат.

Лицензия берүүгө көзөмөл күчөтүлүүдө

Айрым байкоочулар азыр иштеп жаткан Жаратылыш ресурстары министрлигине да айып коюп, мурдагы кемчиликтер дале уланып жатканын билдиришүүдө.

Жер-Үй алтын кени.

Жер-Үй алтын кени.


Министрликтин стаст-катчысы Наби Эшназаров буга чейинки бийлик тушунда да, азыр да лицензиялар жазылган мыйзамга карата берилгенин билдирип, соңку мезгилде тескерисинче көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирүүдө:

- Көзөмөлдөө жумуштары 2011-жылы көбүрөөк болду. Лицензияларды кайтарып алуу дагы көбүрөөк болду. Көзөмөлдөгөн учурда кайсы компаниялар, ачык, адилеттүү иштеп жатканы билинди. Ошону үчүн 2011-жылы көзөмөл көп болгондуктан көп лицензия кайтарылып алынды десем жаңылышпайм.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, 2011-жылдын июль айына карата жалпы 216 кендин лицензиясы жокко чыгарылаган. Алардын 25 пайызга чукулу алтын кендерине берилген лицензиялар. Мындан тышкары апрель окуясынан кийин 11 лицензия берилген, 49 алтын иштетүүчү компанияныкы узартылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG