Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

"Алтын жашоого" арызданган карылар


Golden Life же “Алтын жашоо” деп аталган тармактык маркетинг уюмуна алдандык дегендердин саны көбөйүп жатат.

“Азаттыктын” редакциясына аталган уюмдан жабыркадык деп бир канча адам кайрылды. Көбү пенсионер же майып адамдар. Пенсия жашындагы Токтокан Жумабаеванын айтымында, Golden life маркетинг торчосу ай сайын 10 килограммдан азык-түлүк беребиз деген шылтоо менен 3200 сомдон чогултуп алган.

- Башында уюмга кошулсаңар ай сайын 10 килодон тамак-аш беребиз дешкен. "Артыңардан 3-4 адамды ээрчитип келсеңер ай сайын 300 сомдон берилет" дешти. Анан эле азык-түлүгү 6 килограммга түштү. Барып-барып андан да жок, жеңилдик болот деп дисконттук карта беришти. Же ал кагазын дүкөндөр карабайт.

"Отунбаева менен иштешебиз дешкен"

3200 сомдон же 10 килограмм азыктан куру калгандар четтен чыгат. Бул уюмга өлкөнүн булуң-бурчунан да мүчө болгондор аз эмес. Алдандым дегендердин бири Марина Становага алгач уюмдун өкүлдөрү “Роза Отунбаева менен чогуу иштешебиз” деп айтышкан экен.

Компаниянын кеңсеси
Компаниянын кеңсеси

- Бизге катышкыла, Роза Отунбаеванын фондунун бир канаты болобуз, Кыргызстанга жардам беребиз дешкен. Каттоо үчүн 3200 сомдон алышкан. Башында 5-6 кишини чакырбасаңар деле ай сайын азык-түлүк аласыңар деп ишендиришкен. Кийин беш киши болбосо эч нерсе берилбейт деп коюшту.

Аталган уюмдун кеңсесине барганыбызда кезек күткөн ондон ашык кары-картаң адамды көрдүк. Алар да уюм жетекчилерине нааразылык билдиришти.

Деген менен "Голден лайфтын" жетекчиси элди алдабай, тескерисинче, жарды-жалчыга жардам берип жатканын айтууда. Уюм жетекчиси Зульфия Аюпованын ишендиришинче, келишимдин шартын так аткаргандарга ай сайын эки килодон ун, суу май, шекер, кесме жана күрүч берилет.

- Бизде тармактык маркетинг катары ар бир мүчө кийинки чакырган адамдын эсебинен айлык алат. Мен сизди алып келсем мага компания 300 сом бөлүп берет. Эгер беш кишини чакырып келсе, ай сайын 300 сомдон берилет. Башка компаниялар сыяктуу косметика сатышпайт. Ошентип ар бир адамга "кара касса" сыяктуу ай сайын 300 сомдон берилет. Ошентип биз бири-бирибизге кайрымдуулук кылабыз.

Зульфия Аюпова расмий документ катары жоопкерчилиги чектелген коомдун жана коомдук бирикменин атына алынган күбөлүктөрдү көрсөттү. Тармактык маркетинг же каржы пирамидасы катары тиешелүү мекемелерден уруксат кагазы жок болуп чыкты.

Президенттин сүрөтү

Баса, уюм мүчөлөрү азык-түлүк таратып жатып мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев да аларды колдой турганын айтышкан экен. Биз да эки кабат кеңседе илинип турган президенттин сүрөтүн көрүп, анын кандай тиешеси бар экенине кызыктык.

- Сүрөт - компаниянын президентке болгон сый-урматы. Биз аны урматтайбыз. Эгер шайлоо болуп калса, биз бир гана Атамбаевге добуш беребиз.

Болжолдуу маалымат боюнча “Алтын жашоого” катталгандардын саны өлкө боюнча беш миң адамды түзөт. Алардын ар бири мүчөлүк акы катары 3 000 сомдон төлөшкөн.

Ал арада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы "Голден лайфка" нааразылар арыз жазганда гана аталган уюм текшерүүгө алынарын билдирди. Мекеменин маалымат катчысы Азамат Шейшеев буларга токтолду:

- Эгер жабыр тарткандар арызданса, аларды текшеребиз. Жеке бирөө же жамаат менен кайрылышса болот. Азыр жеке уюм катары "кара касса" сыяктуу эле иштеп жатышса керек.

Кыргызстанда “Голден лайф” сыяктуу кайрымдуулукка жамынып, карапайым элден акча чогулткан уюмдар аз эмес. Алар коомдук бирикме катары Юстиция министрлигинен каттоодон өткөндүктөн тиешелүү кызматтар арызсыз текшере алышпайт.

XS
SM
MD
LG