Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

"Ата Мекен" Көчмөндөр оюндарына кеткен чыгымды иликтейт


Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы 2-декабрда Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына корогон чыгымдарды талкуулады. Жыйында фракция депутаттары тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана өкмөт жумшалган каражаттар тууралуу отчет бербеди деген нааразылык билдиришти.

Өкмөт бөлгөн акчадан тышкары демөөрчүлөрдөн 3 миллион доллар түшкөнү менен анын эмнеге жумшалганы ачык айтылбаганы сынга алынды. Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жамангулов бул акча Улуттук олимпиада комитетинин эсебине которулганын билдирип, мындай маалымат депутаттарда көп талкуу жаратты. Депутат Өмүрбек Текебаев буга президенттик аппарат жетекчилери кийлигишип жатканын белгиледи.

Натыйжада өкмөткө чыгымдар боюнча ачык маалымат берүү сунушу жолдонду. Фракция чыгымдардын кай жакка коромжу болгонун иликтеп чыкмай болду.

Туризм департаменинин билдиришинче, иш-чараны өткөрүүгө жалпы 30 миллион 507 миң доллар сарпталды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 3-8-cентябрда Ысык-Көлдө өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG