Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Өкмөт электр акысын эми өзү аныктайт


Токтогул ГЭСи, 18-январь, 2013.
Токтогул ГЭСи, 18-январь, 2013.

Жогорку Кеңеш электр энегриясынын тарифин аныктоого мындан ары кийлигише албайт. Мындай мыйзамды депутаттар парламенттин кезексиз жыйынында кабыл алышты. Анткен менен бир катар депутаттар бул мыйзамга каршы чыгып, өкмөт электрге бааны өз билгендей көтөрөт деп сындашууда.

Жогорку Кеңештин 30-июндагы кезексиз чакырылган жыйынында электр энергиясына тарифти жогорулатуу боюнча сунуш каралмак. Бирок жыйындын башында өкмөт бул сунушту артка чакыртып алганы белгилүү болду. Аталган документке ылайык, өкмөт электрди үч фазадан пайдалангандарга бааны 1-июлдан тарта 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүүнү жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүү принцибин өзгөртүүнү сунуштап жаткан.

Парламент эми тариф саясатына кийлигише албайт

Ошентип электр энергиясына баанын көтөрүлүшү убактылуу артка кайтарылганы менен парламент тариф саясатына байланыштуу маанилүү мыйзам кабыл алды. Депутаттар кабыл алган мыйзамга ылайык, мындан ары Жогорку Кеңеш өкмөттүн тариф саясатына кийлигише албайт. Өкмөт алдында түзүлгөн атайын орган тарифтерди өз алдынча аныктамакчы. Ал үчүн мурдагыдай парламенттин макулдугун алуунун кажети жок болот.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул мыйзам өкмөткө энергетика тармагын жөндөөгө толук мүмкүнчүлүк бермекчи:

- Мунун артыкчылыгы - өкмөткө оперативдүү түрдө чечим кабыл алууга шарт түзүлдү. Буга чейин тарифти көтөрүү парламентке байланыштуу болгондуктан, бул маселе абдан көпкө созулуп кетип жаткан. Парламент аны саясатка айландырып жаткан. Эми өкмөт мамлекеттин ичиндеги экономикага жооп берген бийлик бутагы катары тарифти өзү аныктап, ал үчүн жоопкерчиликти өзү алмай болду.

Арапбаев кошумчалагандай, учурда энергетика тармагын оңдоо үчүн тарифтерди көтөрүү зарыл болуп турат.

Бирок мыйзамга бир катар депутаттар каршы чыгып, өкмөт тарифти өзү билгендей коюп, элдин нааразылыгын жаратарын айтып чыгышты.

Маселен, “Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт 1-июлдан тарта тарифти көтөрүү тууралуу сунушун кайра чакыртып алганы менен эми тарифти өзү билгендей тескей баштаарын айтат:

- Муну азыркы убакытта өкмөткө бербеш керек эле. Мурун берип көрбөдүк беле, тарифти көбөйтүп, “Түндүк электрого” чейин сатып жиберишкен. Дал ушул нерсе - тарифтерди көтөрүү ыңкылапка жол ачкан. Ошондуктан ушул мыйзам кабыл алынып, тарифтерди Жогорку Кеңеш көзөмөлдөсүн деген мыйзам кабыл алынган. Эми болсо бул тармактагы коррупциялык схемаларды аягына чыгарбай туруп, көздү жумуп берип жатабыз. Тариф көтөрүлсө элдин нааразылыгы жаралат.

Ал эми депутат Өмүрбек Абдрахманов бул мыйзамды колдогон кесиптештерине нааразы. Абдрахмановдун айтымында, депутаттар бул маселеге жоопкерсиз мамиле кылышты:

- Депутаттар эптеп эле бизге сөз тийбесин, өкмөт жооп берсин деп бул мыйзамды кабыл алышты. Кийин тариф көтөрүлгөндө шайлоочуларга барып, өкмөт көтөрүп жатат деп шылтаганга болот. Тескерисинче, тарифти көзөмөлгө алып, бул тармактагы коррупциялык схемаларды жок кылууну көздөш керек болчу.

Коррупциядан арылмайын...

Эми мыйзам күчүнө кирсе өкмөт алдында тарифти аныктоо боюнча атайын агенттик түзүлүшү керек. Ал абалга жараша тарифтик саясатты аныкташы зарыл.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев бул орган керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен саясат жүргүзөт деп ишендирди:

- Бул агенттик тариф маселеси боюнча элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен чечим кабыл алат. Буга министрлик да, энергетикалык компаниялар да кирише албайт. Андан сырткары атайын эсептөө борбору түзүлөт. Ал өндүрүлгөн энергияны, анын баасын, сапатын көзөмөлдөп турат. Бул тармактагы коррупцияны азайтууга өбөлгө болот деп ишенип турабыз.

Бирок энергетика тармагы боюнча эксперт Жаныбек Оморов тармакта реформа ишке ашпаса, тариф саясатын өзгөртүү эч жыйынтык алып келбейт деп эсептейт:

- Учурда жалпы энергетика тармагындагы башкаруу жөнгө салынбай жатканда бул чара жардам берет деп айтуу кыйын. Менеджмент оңолбосо реформа жүрбөйт. Коррупциядан арылбаса, тарифти өз колуна алып көтөрүү эч нерсе чечпейт. Анткени эл арасында деле тариф көтөрүлгөнү менен жемкордук болуп жатканын көрсө, нааразылык жаралбайбы.

Кыргызстанда электр энергиясына тариф төмөн экени көптөн бери айтылып келет. Америкалык ЮСАИД уюмунун жардамы менен Кыргызстандын электр энергиясынын өздүк наркы эсептелип чыккан. Жыйынтыгында тариф 1 сомдон бир аз ашкан күндө да тармак оор абалдан чыга албасы белгиленген. Ошондуктан акыркы бир жылдан бери Энергетика министрлиги тарифти көтөрүүнү сунуштап жаткан. Бирок адистер бул жааттагы коррупциялык схемалар жок кылынмайынча андан жыйынтык чыкпай турганын айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG