Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:55

Президент түзгөн кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жумушчу топ өз ишин баштады.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жол-жоболорун иштеп жаткан бул топтун мүчөлөрү кыргыз тилин кыстап үйрөтүү мүмкүн эместигин, аны үйрөнүүгө муктаждыктар болушу керектигин белгилешүүдө

Муштум эмес, муктаждык керек

Александра Мучкина “Мир” каналынын кабарчысы. Ал Кыргызстанда төрөлүп өсүп, билим алса да кыргыз тилин үйрөнүүгө дилгирленген эмес экен. Бирок акыркы учурда, акыркы үч айдан бери кыргыз тилин окутчу курска барып үйрөнүүгө аракет кылып жатат. Анын айтымында, бүгүн Кыргызстанда журналист болуп иштөө үчүн кыргыз тилин билүүгө муктаждык жаралууда:

- Анткени кесибим ушундай. Эки тилди тең жакшы билишиң керек. Кыргызча билбесең, аймактарга чыкканда кыйналат экенсиң. Кызыкан суроолорума кенен-кесир жооп алып, эл менен ээн-эркин баарлаша албайм. Ошон үчүн курска барайын деп чечтим. Албетте кыргыз тилди мектепте деле окуганбыз. Бирок андан эч үйрөнө алган эмеспиз. Азыр болсо өз каалооң менен, анын үстүнө керек экенин түшүнүп окуганым үчүн мага бир топ жеңилдей эле сезилип жатат.

Мучкинанын айткандарын кыргыз-түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин директору, профессор Замира Дербишова да колдоого алат. Окумуштуунун айтымында, өлкөдө кыргыз тилине муктаждык жаралмайын аны кыстап үйрөтүүдөн эч майнап чыкпайт. “Ошондуктан “кыргызча үйрөнгүлө” деген куру чакырыктардан мурда тилди колдоно турган чөйрөнү жаратуу керек” - дейт окумуштуу:

- Кыргыз тилдин арты менен жогорку билим ала алам, жакшы жумушка орношо алам, карьерамды кура алам деп түшүнгөндө гана муктаждык жаралат. Бирок азыр бизде андай муктаждык да, аны колдоно турган чөйрө да жок болуп жатпайбы. Ошондуктан тилди үйрөнгүлө деп куру кыйкыргандын ордуна, аны колдончу чөйрө түзүү керек.

Дербишова кошумчалагандай, учурда тил үйрөнүүнүн муктаждыгын түшүнгөндөр ага маани берип үйрөнө баштады. Андайларды эки топко бөлүп кароого болот:

- Азыркы учурда кыргыз тилин үйрөтүүнү каалагандарды эки топко бөлүүгө болот. Биринчиси - анча-мынча турмуш-тиричиликке жараша сүйлөшөйүн деген шаардык кыргыздар, башка улуттун өкүлдөрү. Анан кыргыз маданияты тууралуу маалымат алалы деген чет өлкөлүктөр да тилди үйрөнүүгө далалаттанууда. Алар тил аркылуу маданиятты таанып билели деп жатышат. Ошон үчүн тилди үйрөнүү муктаждыгын, мотивацияны качан гана өзү сезген кезде тил үйрөнө алат.

Кыргыз тилин өнүктүрүү жол-жобосу иштелүүдө

Ушул айдын башында президент Алмазбек Атамбаев кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча атайын жарлык чыгарган. Ага ылайык, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, бул топко тилди өнүктүрүүнүн жол-жобосун иштеп чыгуу тапшырылган.

Аталган топтун мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын алдындагы тил жана адабият институтунун директору Курманбек Токтоналиев азыр тилди үйрөтүүнү жөнөкөйлөштүрүүнүн үстүндө иштеп жатышканын айтат:

- Бизде мектеп программасында 2-класста деле “зат атооч эмне?” деп үйрөтөбүз, 11-класста деле ушул эле грамматиканы курулай жаттатып, окутуп келатабыз. Жогорку окуу жайларда деле ошол. Бирок аны көчөгө чыкканда пайдасы жок болуп жатпайбы. Анын ордуна лексикалык минимумдарды аныктап, “окуучу 2-класста кыргызча мынча сөз билиши керек, 11-класста тигинче сөз билиши керек” деген шартты киргизип, ошого жараша тил билүү деңгээлин аныктап, атайын сертификат берсек пайдалуу болчудай. Ошондуктан биздин институт ушуларды эске алуу менен кыргыз тилинин практикалык грамматикасын жазалы, практикалык стилистикасын жазып берели деп жатабыз. Аны менен катар ар бир уюмдагы өз-өзүнчө "терминкомдорду" жоюп, мамлекеттик ишканаларда колдоно турган терминдерди аныктачу бир эле терминкомду түзүүнү сунуштап жатабыз.

Токтоналиев билдиргендей, аталган топ жылдын аягына чейин ушул багытта иш алып барып, басылмаларды чыгарууну жана тилди үйрөнүүчүлөр үчүн атайын вебсайт иштеп чыгууну мерчемдеп жатат. Муну менен катар президент жарлыгына ылайык, алдыңкы жылдарда кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча атайын тестирлөө системасы иштелип чыгат жана бул багытта атайын телеканал ачылышы керек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG