Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Бажы биримдиги: Кыргызстанды тооруган тобокелдиктер


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, Өкмөт үйү, 13-сентябрь.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, Өкмөт үйү, 13-сентябрь.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өлкө Бажы биримдигине киргенден кийин деле кескин кымбатчылык болбойт деп эсептейт.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өлкөдөгү экономкалык абал, Бажы биримдигине киргенден кийинки күтүлгөн жагдай, өкмөт курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Жоомарт мырза, 2015-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору даярдалып, өкмөт аны жактырды. Бирок адистер анда Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийинки тобокелдиктер эске алынбагынын айтышууда. Эгер президент айткандай, кийинки жылы бул биримдикке кошулсак, бюджетти өзгөртүүгө туура келеби? Бажы төлөмдөрү азаят деген тобокелчилик жокпу?

- Биз Кыргызстан Бажы биримдигине кошулса кандай тобокелдиктер болот деп эсептеп, коомчулуктун алдында ачык талкуулап келе жатабыз. Биздин эң негизги соода өнөктөштөрүбүз - Орусия менен Казакстан. Бул өлкөлөр менен административдик жана чек ара барьерлери канчалык аз болсо, соода байланыштарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Тобокелдиктерди айтсак, коомчулукта негизинен баалар көтөрүлөт деп чочулап жатышат. Бирок азыркы учурда ошол эле Алматы, Астана же Москва менен Бишкектеги бааларды салыштырсак, анча деле айырма жок. Маселен, жакында эле Таласка барсам, коңшу Тараз шаарындагы баалар менен бирдей экенин айтып жатышат. Ошондуктан чек араны ачып койсок, бааларда анча-мынча өзгөрүү болбосо, 2-3 үч эсе кымбаттабайт.

Ал эми бажы төлөмдөрү азайбайт. Бул боюнча өзүнчө иш тобу түзүлүп, иштеп жатат. Биз Бажы биримдигине мүчө болгон соң, бажы төлөмдөрү башка формула менен эсептеле баштайт. Биздин Бажы кызматына түшкөн төлөмдөр жалпы бюджетке барып, бирок өзүбүзгө эле бөлүнөт. Мында өзгөрүү деле болбойт.

Маектин биринчи бөлүгү

- Буга чейин Орусия Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусунан кийин экономиканы колдоо максатында 1 миллиард долларлык өнүктүрүү фонду түзүлөрү кабарланган. Анын 500 миллиону жакынкы убакытта келери айтылган. Бул каражат качан келе баштайт?

- Биринчиден, фонддун уставы боюнча макулдаштык. Ага Дүйшөмбү шаарында кол да коюлду. Эми ал ратификацияланган соң, фонддун башкаруу түзүмү түзүлөт. Андан кийин фонд каржылачу долбоорлор аныкталат. Биз муну жаңы жылга чейин бүтүрүп, алгачкы долбоорлорго акча келе баштайт деп үмүттөнүп жатабыз.

- Украина кризисинен улам Европа биримдиги менен АКШ Орусияга каршы экономикалык санкцияларды киргизип жатпайбы. Сиз Орусия эң башкы өнөктөш экенин айтып жатасыз. Орусияга каршы санкциялар кыргыз экономикасына таасирин тийгизбейби жана буга каршы өкмөттүн планы барбы? Буга чейин казак президенти Нурсултан Назарбаев өз өкмөтүн ар кыл кырдаалга даяр турууга чакырбадыбы...

- Биринчиден, Евразия экономикалык биримдиги - бул экономикалык гана уюшма. Анда саясий маселе болбошу керек. Экинчиден, сөзсүз түрдө эгер Орусиянын экономикалык абалы начарласа, анын анча-мынча таасири бизге да тийет. Бирок бул өлкө учурда терең кризиске кептелген жок. Ошондуктан кыска мөөнөттө мындай кырдаалдан чыгат деп ишенебиз. Казакстандын экономикасы да биз үчүн маанилүү. Ошондуктан алардын экономикалык абалы да биздин экономикага таасирин тийгизет. Бирок өлкөбүздүн экономикасынын көлөмү алардыкынан кичине. Алар үчүн абдан чоң маселе бизге анча коркунучтуу болбошу мүмкүн.

- Бирок ар кыл кырдаалга даяр туруш керекпи?

- Ооба, ар кыл кырдаалга даяр турушубуз керек. Биз аны анализдеп жатабыз. Бирок аларда эч кандай терең кризис деле байкалбайт.

- Кумтөр боюнча сүйлөшүү жанданды. Бул жараян качан бүтчүдөй? Канадалыктар өз сунуштарын берип, жоопкерчилиги чектелген коом түзүүнү сунуштап жатыптыр. Кыргыз өкмөтү болсо акционердик коом түзөөрүн айткан. Булардын айырмасы эмнеде жана кайсынысы бизге ылайыктуу?

- Чындыгында эле сиз белгилегендей, ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча 50 пайыздык үлүшкө ээ биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандум кабыл алып, кошумча келишимдерди иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Учурда биз бул боюнча иштеп жатабыз. Албетте, талаштуу учурлар да болуп жатат. Сиз айткандай, биргелешкен ишкана кандай формада болуш керек, жоопкерчилиги чектелген коомбу же акционердик коомбу деген суроонун тегерегинде. Өкмөт акционердик коом түзүү позициясында турат. Анткени бизде бул боюнча көп мыйзамдар бар. Бирок ар түрдүү варианттарды карап көрүшүбүз керек. Биз ушул айдын соңуна чейин келишимдердин долбоорун парламентке сунуштап, акылдашалы деп жатабыз.

- Эми өкмөттүн ишине келсек, сиз жетектеген өкмөттүн ишине алымсынбаганын саясатчылар, коомдук ишмерлер ачык айтып жатканын угуп жүрсөңүз керек. Анын үстүнө парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн лидери Феликс Кулов жакынкы аралыкта бул маселе талкууланып, айрым министрлер бошотулушу ыктымал экенин айтты. Өкмөт курамында өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

-Эми бул жаатта кол тийгис эч бир адам жок. Өкмөттүн ар бир мүчөсүнө тапшырмалар берилген. Ошол тапшырманы аткарып, өз ишин сапаттуу алып кетсе, жумушта калат. Эгер андай болбосо кызматтан кетет. Учурда бул боюнча анализ жүрүп жатат. Коалицияны түзгөн фракция лидерлери менен да кеңешүүлөр жүрүп жатат.

- Учурдагы өкмөт курамы сизди канчалык денгээлде канаатандырат, алмаштырууну каалаган кадрлар барбы?

- Эми бул жерден эмоцияга алдырбай, ар бир министрдин иши тапшырманы аткарганына жараша бааланат. Азырынча кандай өзгөрүү болорун айтуу эрте. Бирок сентябрь айынын ичинде өкмөт мүчөлөрүнүн иши анализденип чыгат.

Маектин экинчи бөлүгү

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG