Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Өкмөт башчылыкка талапкер тандалууда


Социал-демократтар фракциясынын депутаттары.
Социал-демократтар фракциясынын депутаттары.

Парламенттеги фракциялар өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн талапкерлерди тандай баштады.

Талапкерлердин бири, презденттик аппараттын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев коалиция түзүү мандатын алган Социал-демократтар фракциясына чакырылып, анын талапкерлиги талкууланды. Ал арада коалициялык көпчүлүккө “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана КСДП фракциялары кире турганы чечилгени айтылды.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, көпчүлүк коалицияны түзүү иштери аягына чыгып калды. Ага ылайык, кезектеги коалициянын курамына "Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана КСДП фракциялары кире турганы чечилип, учурда төртүнчү фракция жөнүндө маселе каралууда:

-Үч фракциянын маселеси негизинен чечилди. Алар курамына “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана КСДП фракциялары коалициялык көпчүлүктүн кирүүгө даяр. Учурда төртүнчү фракция жөнүндө маселе каралууда, балким бул фракциядан чыккан депутаттык топ да болуп калышы мүмкүн.

Турсунбеков кошумчалагандай, коалициялык көпчүлүктүн жетекчилигине “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов сунушталууда.
.
Ошентип Социал-демократтар коалиция түзүүдө үзөңгүлөштөрдү аныктаган соң өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн талапкерлерди талкуулай баштагандай. Фракция лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, Социал-демократтар премьерлик кызмат үчүн белгилүү бир талапкерди тандай элек. Бирок аталган кызматка татыктуу делген бир нече саясатчынын талапкерлигин талкуулап жатат. Алардын бири Жантөрө Сатыбалдиев кечээ фракцияга чакырылып, депутаттардын суроолоруна берди:

- Талапкерлер көп. Биз реалдуураак, өтүшү мүмкүн болгон, башка да фракциялардын колдоосуна ээ боло турган талапкерлер тууралуу сөз кылып жатабыз. Ошондой 3-4 талапкер бар. Сатыбалдиев да ошолордун ичинде. Ал киши да эгер колдосоңор иштеп бергенге даярмын деп айтып жатат.
Анткен менен айрым маалымат каражаттары социал-демократтардын Сатыбалдиевди өкмөт башчылыкка көрсөтүүнү чечишкенин жазып чыгышты.

Муну менен катар өлкөдөгү аксакалдар көрсөттү делген Амангелди Муралиевдин, “Ата-Журт” партиясы коалицияга кирүүдө шарт коюп, премьерликке көрсөткөн Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги тизмеден чийилип салына элек.

Ошол эле учурда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев премьер-министрликке талапкерди көрсөтүү боюнча сунуш түшө электигин билдирүүдө:

- Андай сунуштар бизге расмий түрдө келип түшө элек. Сунуш келип түшсө, талапкерлигин караганга даярбыз. Биз ал маселени азырынча карай элекпиз.

Текебаевдин айтымында, “Ата Мекен” өкмөт башчылыкка өз талапкерин көрсөтүп-көрсөтпөөрү тууралуу маселе чечиле элек.

Премьер-министрликке потенциалдуу талапкер катары Жантөрө Сатыбалдиев сыяктуу үч бийликтин тушунда тең бийликтин бийик сересинен түшпөй келаткан саясатчылардын талапкерлиги көрсөтүлүшү коомчулукта ар түрдүүчө бааланып жатат. Маселен Кыргызстандагы ишкерлер кеңешинин төрагасы Чыңгыз Макешов өкмөткө саясаттан алыс, адискөйлөр сунушталыш керек эле деген пикирде:

-Биздин мамлекетте баары эле саясат менен алек болуп кетишкен. Экономикага аз көңүл бурушат. Мындан улам биз ишти билген адамдарды сунуштайт элек.

Саясат талдоочу Темир Жумакадыров болсо мурдатан бийликте жүргөн талапкерлерге басым жасалышына алардын көп жылдык тажрыйбасы себеп деген ойдо:

- Азыркы саясий кырдаалда коомдун басымын төмөндөтүп, туруктуулукка алып келүү үчүн аттуу-баштуу, саясатта өз орду бар адам керек болчу. Мындан улам ушундай тандоого токтолуп жатышса керек. Ошондой эле бул жерде президенттин да тандоосу маанилүү болуп турат. Себеби президент кийин өзү менен иштеше алган адамды бул кызматка коюуга кызыктар.

Ал эми Борбор Азия боюнча эксперт Александр Князев Кыргызстанда, президент жана парламент өз кызыкчылыгына жооп берген, анын айтканынан чыкпаган өкмөт башчы менен иштешүүгө гана кызыктар деп эсептейт:

- Кыргызстанда парламент жана президент аткаруу бийлигине өз адамдарын коюп, өлкөнүн анча көп деле эмес ички жана тышкы ресурстарына ээлик кылууга аракет кылып, өкмөткө мамилеси бирдей болот. Бул азыркы өкмөттүк кризис делген кризисте көрүндү. Анда көпчүлүк коалициядан чыгып кеткен эки фракциянын артында азыркы президенттин кулагы көрүнүп калды. Мындай жол менен кийинки өкмөттүн деле иштөө мөөнөтү мурункусунан да кыскараак болот. Анан ушундай көрүнүш кайталана берет.

Кыргызстанда көпчүлүк коалиция “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары чыгып кеткенден кийин өткөн аптанын аягында расмий тараган эле. Андан соң 27-августта президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүү мандатын КСДПга берген. Мандат алган Социал-демократтар 17-сентябрдан кечиктирбей коалиция түзүп, премьерликке бирдиктүү талапкер сунуштап, парламент өкмөт башчыны, өкмөттүн курамын жана түзүмүн бекитиши зарыл.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG