Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Парламент комитети өкмөттүн отчетун жактырды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн өкмөттүн 2015-жылдагы иши жөнүндөгү отчетун угуп, жактырды. Соңунда аны парламенттин жалпы талкуусуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар өкмөт ишинде кетирилип жаткан көптөгөн кемчиликтерди айтышып, аны жоюу багытында бир катар сунуштарды беришти. Ошондой эле өкмөт мүчөлөрүнө мамлекеттик карыздардын жогорку чегин кайра карап чыгуу, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жолдорун иштеп чыгуу тапшырмалары берилди. Жыл жыйынтыгында ар бир министрге жасаган ишине жараша баа берилери эскертилди.

Өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет жалпы жыйындын талкуусуна майдын башында коюлары күтүлүүдө. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеште жылдык баяндама жасоого үлгүрбөй калган.

“Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жана Бишкектен “Манас” эл аралык аэропортуна кетчү жолду оңдоо боюнча өткөн тендердеги мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан кетип, анын ордуна 13-апрелде Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп шайланган.( (NT)

XS
SM
MD
LG