Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Өкмөттү кетирүү демилгеси күч алды


Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте, 23-октябрь, 2013.

Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте, 23-октябрь, 2013.

“Республика” фракциясы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт курамын кызматтан кетирүү боюнча 47 депутат кол койгон катты парламент төрагасына тапшырды.

Бирок ал катты алгач Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети кароого тийиш. Бул арада эл аралык иликтөөлөр КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда 23 жыл ичинде 25 премьер-министр алмашканын жарыялады.

Өкмөт алмаштыруудан эмне өзгөрөт?

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт курамын кызматтан кетирүү тууралуу катка кол койгон 47 депутаттын ичинен 14 депутат колун кайра чакыртып алды.

Демилге ээси, “Республика” фракциясынын төрагасынын орун басары Кенжебек Бокоев депутаттардын колун кайра чакыртып алуусуна да өкмөттүн басым-кысымы себеп болгонун “Азаттыкка” билдирди:

- Депутат кол койгондон кийин, кайра аны кайтарып алуунун эмне себеби бар? Буга бир эле себеп - өкмөт болгон рычагын колдонуп жатат. Депутаттын бир туугандары мамлекеттик кызматта иштесе "иштен алабыз" деп коркутуп, эгер иштебесе тескерисинче кызмат берели деп сүйлөшүп атат. Таза эле болбосо мамлекеттик бюджеттен капиталдык салымдар боюнча титул али бекитилбей турат, анткени ошону да депутаттан “айылыңа жол, көпүрө, мектеп курууну сурандың эле, бул ишке ашпай калат” деп соодалашып, депутаттарга ачык эле басым кылып жатышат.

Өкмөттү отставкага кетирүү маселеси алгач Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралат, андан кийин гана парламенттин жалпы жыйынына чыгарылышы ыктымал.

Демилгечилердин билдиришинче, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөөгө Кумтөр алтын кени боюнча келишим, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишиндеги кемчилик, кылмыш төбөлү атыккан Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуусу жана ошондой эле экономикадагы өсүш жоктугу себеп болгон.

Бийликти бир колго топтоо күчөдүбү?

Өкмөттү кызматтан кетирүү демилгеси коомчулукта түрдүү пикир жаратууда. Айрым серепчилер өкмөттү кетирип, кайра жаңысын алып келүүдөн экономика гана жабыркайт деп эсептешет. Маселен, ишкер Элдар Абакиров парламенттик башкаруу системасы Кыргызстан үчүн жакшы жагын көрсөтүп жатканын белгилегени менен парламенттеги фракциялар ортосундагы пикир келишпестиктерден улам өкмөт алмаша бергенин туура көрбөйт:

- Өкмөттүн башында Бабанов турду, аны кетирип Сатыбалдиевди апкелишти. Эми аны кетирсе, дагы башкасы келет. Мындан эч кандай өзгөрүү болбойт, анткени өкмөт алмашса, министрлер, алардын орун басарлары кайра алмашат. Өкмөттү улам алмаштыра берүү жалпы экономикага зыяны тиет, анткени туруктуулук жок. Бизнес боюнча мисалы мурунку иштеген министрлердин кылгандарын билишпейт, же билсе да аны өзгөртүп, кайра жаңы кадамдарын башташат. Башталган иш аягына чыкпайт. Биз бул этаптан өтүшүбүз керек.

Дагы бир көз карандысыз серепчи Рита Карасартова да өкмөттү улам алмаштыра берүүнү колдобойт. Бирок ал азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев эски партиялык кызматкер катары Кыргызстанда президенттик башкарууну күчөтүүгө салым кошуп жатканы үчүн гана кызматтан кетүүгө тийиш деп эсептейт:

- Сатыбалдиев өкмөт башына келгенден тарта эле бийликти бир колго топтоону күчөтө баштады. Президент жогорку жакта отуруп кол шилтеп койсо эле, өкмөт, андан облустагы жетекчилер, алардан акимдер, акимдерден айыл өкмөттөрүнө чейин ошонун айтканын угуп, ошону аткарыш керек деген эски бир советтик системаны кайра орундатууга булар кызыкдар. Мен бүгүнкү премьер-министр таптакыр биздин жаңы доорго, жаңы ой жүгүртүүгө салым кошо албайт деп ойлойм. Ал бийликтин вертикалын күчөтөбүз деген бир максатка кирип алып, Кыргызстанга бүт ошону жайылтып, эмгиче ишке ашып кете турган реформаны токтотуп турганына нааразымын. Анткени кыска убакытта өнүгүүгө жетишкен өлкөлөрдө жергиликтүү бийликти борбордон ажыратуу деген реформа иштеген. Анда жергиликтүү бийликке көп мүмкүнчүлүк берилген, ошого байланыштуу өнүгө алган.

Ошол эле учурда "Республика" фракциясынын өкмөттү кетирүү демилгесин бул фракциянын жеке кызыкчылыгы катары баалагандар да жок эмес. Алардын пикиринде, бул фракция өз партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду кайра өкмөт башчылыкка алып келүүнүн айласын издөөдө.

Кол жоолуктай алмашкан өкмөт башчылар


Парламентте минтип өкмөттү алмаштыруу демилгеси козголуп жаткан учурда, өткөн апта соңунда Стратегиялык иликтөөлөр боюнча улуттук институт Кыргызстан өкмөт башчылардын алмашуу жагынан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыда турганын жарыялады. Маалыматка ылайык, өлкө эгемендик алган 23 жылда Кыргызстанда 25 өкмөт башчы алмашкан. Ал эми Кыргызстандын коңшулары Тажикстанда 9, Казакстанда 8, Өзбекстанда 5, Түркмөнстанда болсо болгону 3 гана премьер-министр алмашкан.

23 жыл аралыгында Кыргызстанда кол жоолуктай алмаштырылган 25 өкмөт башчынын ичинен эң таза иштеген премьер-министрлер деп эки кишинин: эгемен Кыргызстандын туңгуч өкмөт башчысы Насирдин Исанов менен 90-жылдардын экинчи жарымында иштеген Жумабек Ибраимовдун аты аталганын буга чейинки сурамжылоолор көрсөткөн. Ошондой эле эки жолку бийлик алмашуу учурунда, 2005-жылы мартта премьер-министр Николай Танаев менен 2010-жылы апрелде Данияр Үсөнов кызматын мекенине кошуп, таштай качканы менен белгилүү.

Айрым серепчилер калган 21 өкмөт башчынын ичинен эч кимиси көзгө илинерлик жарытылуу иш кылбаганын белгилешет. Бул 21 өкмөт башчынын ичинде азыркы президент Алмазбек Атамбаев эки ирет: мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2007-2008-жылдары, андан кийин 2010-2011-жылы кыргыз өкмөтүн жетектеген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG