Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10
Жаңы коалициялык өкмөт «100 күнгө иш-чаралар планын» кабыл алганын жарыя кылды. Планда өкмөт кайсы тармакта кандай иш жүргүзөрүн, аны ким аткарарын, канча акча керек болуп, аны ким каржыларын көрсөткөн. Анда бул иш-чаралар кандай натыйжа берээри да айтылган. Планды өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов алгач 30-январда журналисттер менен жолукканда таркатып берген. 3-февралда болсо вице-премьер Жоомарт Оторбаев менен экономика жана монополияга каршы министри Темир Сариев экөө донорлорду жыйнап, документ менен аларды кеңири тааныштырган.

Пландын адегенде эле көзгө урунган жери - анын мөөнөтү. Өзүңүз байкап тургандай, илгерки Явлинскийдин программасына окшотуп ал кыска мөөнөткө түзүлгөн. Өткөн жылы да өкмөт ушундай эле иш чаралардын планын кабыл алган болчу. Бирок анда ал бүтүндөй бир жылга түзүлгөн. Бу жолу эмне үчүн алар 100 күнгө кабыл алып жатат? Кандайдыр бир шашылыш жагдай чыктыбы?

Муну премьер-министр Өмүрбек Бабанов да, вице-премьер Жоомарт Оторбаев да, министр Темир Сариев да түшүндүргөн жок. Ошондой болсо да өкмөт муну менен өзүнүн чечкиндүүлүгүн көргөзгүсү келип жатканы ачык-айкын эле байкалып турат. Иштебей жатышат деген сөздөн алыс бололу дешкендей.

Өкмөттүн чечкиндүү болгону, албетте, жакшы. Бирок өкмөт өзүнүн планында маселелерди шуру тизгендей кыдырата тизип алганы менен, аларды кандай ой менен тандап алышканын жана алар кандай чечилерин жазбайт. Мисалга айтсак, тоо-кен өнөр жайына байланыштуу бөлүмүндө 4 иш-чара белгиленсе, анын баары мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү экен. Башкаларында деле ушундай иш-чаралар басымдуулук кылат. Кеп мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө эмес, ал кандай өзгөртүү болорунда да. Жакшы өзгөртүү кирсе, тармак жакшы иштеп кетиши мүмкүн. А жаман өзгөртүү кирсе, ал тескрисинче артка кетет. Планда бул тууралуу эч нерсе жок. Ушуга карабай өкмөт бул планды программа деп көргөзүүгө далалат кылып жатат.

Дүйнөлүк практикада программа деп экономиканы өнүктүрүү жолун белгилеген документти айтат. Ал бир сөз менен айтканда маселелерди чечүүнүн негиздемеси. Ал жерде бул ишти мындай кылсак, экономика тигиндей болуп өнүгөт деп далилденет. Ал эми өкмөттүн жазып чыкканы болсо жөн эле иштин графиги. Адатта мындай нерсени адегенде программа жазып чыгып, анан аны аткарууга курал катары ага тиркеме кылып кошумча беришет. Өкмөт, албетте, өз иш планын белгилеп, мындай документ кабыл ала бериши мүмкүн. Аны кааласа ай сайын, күн сайын кабыл алса болот. Бирок ал анын ички иши. Чоң иш жасап салгандай реклама кылууга татыбай тургандай нерсе.

Өкмөт программа деп элди алдаса да, асты мындай нерсенин көбүн көргөн чет өлкөлүктөрдү алдай албайт. Жогоруда донорлор менен жолугушуу болду деп айтпадымбы. Ошол жыйынга катышкандардын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Александр Кремер үстөлдөгү ыстаканды Жоомарт Оторбаевди көздөй кулатып, сөгүнүп-сагынып, эшикти тарс жаап чыгып кеткен. Өкүлчүлүк кийин бул окуянын Кыргызстанга тиешеси жок, Кремер гипертония кризиси болуп өзүн жоготуп, эмне кылганын билбей калды деп актанууга аракет кылды. Бирок Кремердин бул оорусу башка жерде эмес, ушул жыйында козголуп кеткени түшүнүксүз.

Пландын кызыктуу жери натыйжасында экен. Жогоруда айтылгандай, коюлган маселелер кандай чечилери аныктала элек жатса да өкмөт анын натыйжасын эсептеп коюптур. Айыл чарбасына тишелүү бөлүмүндө асыл тукум мал алып келип, уйдун сүттүүлүгүн 3000 литрге жеткиребиз деп жүрөт. “Укмуштуунун төөсү жорго” деген ушу да. Программаны окуп чыккан менин бир досум, «3000 литрге беш жылда жетпей жатсак, булар ага кантип 500 күндө жеткирет болду экен, өкмөт сыйкырчы болуп кеткенби”, - деп таң калып жүрөт. Кылган ишибизди даңазолоону жакшы көргөн атак-даңкка жакын эл болот эмеспизби. Кокус кылган ишибиздин акыбети кайтып, арты жакшы болуп кетсе, эмгегибизди башкалар ээлеп алышпасын дешкен го. Болбосо 500 күндө кайдагы натыйжа. Андай нерсени кыска мөөнөткө эсептелген документке коюунун өзү эле жасап жаткан ишти түшүнбөстүк болуп саналат.

Кыргызстанда эмне көп, программа көп. Донорлордон акча керек болсо, же бир проблема чыгып, эл нараазы болуп, оппозиция өкмөттү жарга такаса, программа түзөбүз деп турушат. Эсептеп көрүшсө, Кыргызстан эгемендик алгандан берки 20 жылдын ичинде өлкөдө 30дан ашык улуттук макамдагы программа кабыл алыныптыр. Бул эл аралык финансы уюмдарынын программаларын кошпогондо. Ал эми тармактык программалардын эсебин алган киши жок. Же алары кымындай бир жардам берсечи. Ошончо программа кабыл алгандан, эмне, кыргыз экономикасы оңолуп кеттиби? Мурда кандай кайырчы атка консок, азыр деле акча сурап келебиз.

Мен муну менен өкмөт программа кабыл албашы керек деп айткан жерим жок. Мен алардын сапатсыздыгы жөнүндө айтам. Ошол мурда кабыл алынган программалар эмне үчүн натыйжа бербегенин терең изилдеп чыгып, ар кандай көз караштагы адамдардын баарын чогултуп, алардын ой-пикирлерин угуп, ийри отуруп түз кеңешип, анан гана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жолун белгилеген программа чыкса жакшы болот эле. Бул иш сөз болуп жаткан иш пландын бир пункту катары киргизилиптир. Мунун өзү да азырынча өкмөттүн программасы жок экенин көргөзөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG