Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Ирилештирүү айыл азабын азайтабы?


Сүлүктү шаар аймагындагы Кольцо айылы
Сүлүктү шаар аймагындагы Кольцо айылы

Кыргызстанда айыл өкмөттөрүн ирилештирүү алгач Ысык-Көлдөн башталат. Бул тууралуу 13-мартта Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча өткөн жыйында айтылды.

Адистердин пикиринде, аталган органды борбордон алыстатуу, ыйгарым укуктарын, милдеттерин тактоо, ишинин сапатын жогорулатуу иштери солгун жүрүп жатат жана кадр боюнча бир топ маселелер бар.

Ушул тушта айыл өкмөттөрүн ирилештирүү боюнча өкмөттө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жумушчу топтор иштеп жатат. Бул процесс кийинки жылы алгач Ысык-Көлдө башталат. Аталган облустун губернатору Эмил Каптагаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ирилештирүү боюнча сунуштар даярдалып, өкмөткө жөнөтүлмөкчү:

- Жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү элдин өз алдынча башкарууга катышуусун камсыз кылуу башкы маселе. Анткени Баш мыйзамда да, дагы башка мыйзамдарда да жергиликтүү өз алдынча башкарууну жергиликтүү жамаат ишке ашырат деп жазылган. Бизде болсо жергиликтүү жамааттын жоктугу, жакшы уюшулбаганы негизги маселе болууда. Эмдиги жылы административдик-аймактык реформа башталса, айыл округдарын ирилештирип, алардын мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, бир топ маселе чечилет.

Кыргызстандагы айылдардын бири
Кыргызстандагы айылдардын бири

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Накен Касиев бул тармакта реформалоо жүрүп жатат деп ишендирүүдө. Ага ылайык, борбордон алыстатуу, каражатты натыйжалуу пайдалануу иштерине көңүл бурулат:

- Мамлекеттик уюмдардын, министрликтердин бир топ функцияларын акырындап айыл өкмөттөргө берип жатабыз. Экинчиден, ошол айыл өкмөттөрүндөгү эки деңгээлдүү бюджетти толук пайдалануу үчүн азыр эл аралык уюмдардын жардамы менен каражатты туура жана максаттуу пайдалануу боюнча долбоор ишке кирип жатат. Андан сырткары айыл өкмөттөргө Коргоо министрлигинен, Социалдык коргоо министрлигинен, Саламаттык сактоо министрлигинен да бир топ функциялар берилиши керек.

Деген менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түйшүгү арбын. Базар-Коргон районундагы Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы Канболот Аттокуровдун пикиринде, айыл өкмөттөрү айрыкча негизсиз текшерүүдөн жүдөдү:

- Айыл өкмөтү өзүнүн командасы менен келиши керек. Анан прокуратуранын текшерүүсүн азайтуу зарыл.

Өнүктүрүү саясат институту уюштурган эл аралык конференциядан бир көрүнүш
Өнүктүрүү саясат институту уюштурган эл аралык конференциядан бир көрүнүш

“Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын биригүүсү жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, натыйжалуулук, ишеним” аттуу эл аралык конференцияга катышкан Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев бийликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жетиштүү көңүл бурбайт деп сынга алды. Анын айтымында, мунун айынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты кыйла төмөндөдү:

- Эгемендиктин алгачкы жылдарында сыймыктанган нерселердин бири ошол өз алдынча башкаруу болчу. Акыркы он жылда буга эч ким көңүл бурбай калды. Мамлекеттик администрация болобу, айыл өкмөттөрү болобу - баарынын деңгээлдери түшүп кетти. Экинчиден, аларга “элди башкар, элге сапаттуу кызмат кыл” деген талап жок. Азыр он чакты айыл өкмөттүн отура турган имараты жок, ижарага алып отурушат. Ал эми 30-40 пайызынын унаасы жок. Анан аларга каяктан сый болсун? Жөө жүргөн айыл өкмөтүнө кычыраган унаа менен жүргөндөр келип маселесин чечеби? Мына, баш прокурор колдоо, жардам жок деп жумуштан кетип калбадыбы. Баш прокурорлор кызматтан ушундай себеп менен кетип атса, анда айыл өкмөттөрү аргасы жок эле отурат да. Текшерүүдөн баштары чыкпайт. Ким эрте турса ошол барып текшерет.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

Жарандык активист Рита Карасартова айыл өкмөттөрүнүн милдеттери, ыйгарым укуктарына байланышкан маселеге көңүл бурду:

- Айыл өкмөттөргө каражатын, дагы башка нерселерин бөлүштүрүп беребиз. Ал эми кимге кандай милдет тагылган, кызматы кандай деген жагы так эмес. Мисалы, айыл өкмөттөргө дин маселесин да карагыла деп жүктөп коюшкан. Өзгөчө кырдааллар министрлиги келип алып, кайсы бир милдеттерди жүктөйт. Кыскасы өйдө жактагы бийлик мыйзамсыз эле көп иштерди мойнуна илип коет. Советтер союзундагы ой жүгүртүүдөн арыла элекпиз да. Азыр айыл өкмөттөрдө жасалган иштердин 80 пайызы эле ушундай өйдө жактан жүктөлгөн иштер болуп саналат. Аким айтты, бийлик айтты деп эле унчукпай жасап жүрүшөт. Бул туура эмес.

Эмдиги жылы айыл өкмөттөрдүн түзүлгөнүнө жыйырма жыл болот. Коомчулукта жергиликтүү өз алдынча башка органдарына нааразылык күч. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, башка мамлекеттик мекеме-министрликтердин ичинен бул орган коррупция боюнча сап башында турат.

XS
SM
MD
LG