Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:46

Кыргыз өкмөтүнүн жүз күндүк программасы коомчулукта көп кырдуу пикирлерге жем таштоодо. Өкмөттүн жаңы реформа саясаты жаатында “Азаттыктын” суроолоруна вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев жооп берди.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Өкмөттүн жаңы программасы дымагы күч, популисттик программа болуп калды деген сын-пикирлер айтылып жатат. Аны ишке ашырчу негиздер, биринчи кезекте каражат, кадр маселелери чечилгенби? Ресурс жетиштүүбү?

Оторбаев: Биздин убактыбыз жок, биздин өкмөтүбүз - үмүт өкмөтү. Эл, парламент күтүп атат, жазында биринчи натыйжабызды көрсөтүшүбүз керек. Ар үч айда отчет беребиз деп элге, парламентке убада бердик. Ошон үчүн биринчи жүз күндүк программаны жарыяладык. Март, апрель айларында кайсы пункттар ишке ашты, кайсы пункттарды дагы иштетиш керек деп мониторинг кылабыз. Коом биздин ишибизди ачык көрсүн.

Бирок программаны конкреттүү айтпасак, коом бизди кантип текшерет? Ошон үчүн программаны бардык жерде ачык көрсөтүп, алардын идеяларын, пикирлерди угуп атабыз. Буйруса 3 айдан кийин натыйжаны көрсөтөлү деп атабыз.

“Азаттык”: Мисалы, программада кадрларды кыскартуу деген бар. Ошол кадрларды кыскартуу кандай критерийлердин негизинде жүрөт?
Коррупцияны токтотуп, таза, жакшы мыйзамдарды ишке ашырышыбыз керек. Инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек.

Оторбаев: Чыгаша бюджетин кыскартышыбыз керек. Чыгаша бюджетинин 35% чамалуусун мамлекеттик кызматтагылардын айлык акылары түзөт. Бул башка мамлекеттер менен салыштырсак өтө көп.

Биз биринчи функционалдык анализ жасадык: кайсы функцияны мамлекеттик органдар аткарыш керек деп. Жалпы кыскартылчу мамлекеттик кызматкерлердин саны 2200 болуп атат, бул - 20%. Бюджеттик кыскаруу 1 млрд. сомго чейин жетүүдө. Бул жакшы. Бирок бизде эң чоң проблема - коррупция. Биздин чиновниктер жөн отурбай коррупцияга кошулуп атат...

“Азаттык”: Кыскартуулардын бардыгы сиздердин кыска мөөнөттүү реформа үчүн өтө ыңгайлуу деп эсептеп жатасыздар. Бирок ошол программаны ишке ашырыш үчүн акылдуу баштар керек. Азыркы өкмөттүн анык, таза, коррупциясыз иштеп аткандыгын далилдеш үчүн кадрларды тандоо маселеси да чоң роль ойнойт да. Ушул кадрларды кандай критерий менен кыскартып, акылдуу баштарды кантип тандап алып атасыздар?

Оторбаев: Мисалы, Тышкы иштер министрлигин биз кыскарткан жокпуз, алар керек, саны да көп эмес. Транспорт, коммуникация министрлигин 50 пайызга кыскарттык.

Ар бир саясий жумушта жүргөн жетекчи үч критерийге жооп бериш керек. Алар - кесиптик сапаттары, тазалыгы жана саясий колдоосу.

Президент, өкмөт башчы айтып атат, бардык жерден тазалашыбыз керек деп. Бирок кадрларды тандоо аябай чоң маселе. Азыркы министрлик, агенттикке келген жаңы жетекчилер өздөрү таза принциптер менен жаңы кадрларды тандайт.

Ар бир министрге критерий коюп атабыз. Анын үч багыты бар. Биринчи, сандык критерий. Экинчиден, элдин оюн билиш үчүн жылына 2-3 жолу сурамжылоо жасайбыз. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын эл аралык рейтинги: коррупция, бизнес, аттандаштык өңдүү индекстер бар. Министрликтин ишмердиги ошондой критерийлер аркылуу аныкталат.

“Азаттык”: Жумуш орундары дагы бир олуттуу маселе. Салык төлөөчү саналган көпчүлүк жумуш орундары менен камсыздалмайынча кантип реформа өз максатына жетет?
Эл, парламент күтүп атат, жазында биринчи натыйжабызды көрсөтүшүбүз керек. Ар үч айда отчет беребиз деп элге, парламентке убада бердик.

Оторбаев: Аябай жакшы суроо. Ар бир жылы бизде 100 миңге жакын балдар мектеп, ЖОЖду бүтүп чыгат. Биз аларга жумуш орундарын түзбөй жүрдүк. Аны кантип түзүш керек? Бул эң бир курч, биринчи орунда турган биздин максатыбыз. Жумуш орундарын өкмөт эмес, ишкерлер, ишканалар түзөт. Биздин милдет - инвестициялык климатты өзгөртүү.

Президент бейишке окшогон климат түзөбүз деп айтты. Коррупцияны токтотуп, таза, жакшы мыйзамдарды ишке ашырышыбыз керек. Инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек. Эгер биз ошол маселелерди чечсек, ички, тышкы инвесторлор да иш башташат. Демек кадрларга муктаждык артат. Ушул процесс аркылуу биз инвестициялык климатты өзгөртүп атабыз.

“Азаттык”: Сиз коррупцияга каршы күрөшүү, инфраструктураны өзгөртүү, мыйзамдарды иштетүү керек деп атасыз. Ошолорду ишке ашырганга азыркы бийликтин күчү, саясий эрки жетеби? Буга канча убакыт талап кылынат?

Оторбаев: Саясий эрк жетет. Президент, премьер-министр, парламент айтып атат, жумуш орундарын түзүш керек деп. Жакында президент жыйын өткөрүп, "ким уурдаса түрмөдө отуруш керек" деп айтты. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар, эми иштеш керек.

Мына, ишкерлерди, ишканаларды 21 мамлекеттик орган текшерип келатат. Биз экономикалык кылмыштарды текшерген бир эле орган болот деген саясий чечимге келдик. Ал - Каржы полициясы. Анда 400 кишини эки эсе кыскартып атабыз. Жаңы, таза адамдарды жумушка алабыз. Бул боюнча комиссияны мен жетектейм.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG