Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор күчүн жоготот


1994-жылкы үлгүдөгү паспорт
1994-жылкы үлгүдөгү паспорт

Мамлекеттик каттоо кызматы 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор үч күндөн кийин күчүн жоготоорун эскертти. Буга чейин мөөнөтсүз узартылган бул үлгүдөгү паспорттор 1-апрелден тарта юридикалык күчүн жоготуп, жараксыз деп табылат.

Каттоо кызматы кошумчалагандай, 60 жаштан жогору курактагылар паспортторун ID-card үлгүсүндөгү ички паспортко бекер алмаштырып алса болот. Ал эми 60 жашка чейинкилер катталган жерине карабай, Бишкек, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы паспорт-виза каттоо бөлүмүнөн алмаштыра алат.

Мындан тышкары, Каттоо кызматынын адистери ден соолугуна байланыштуу үйүнөн чыга албаган жарандардын жашаган жерине барып, жарандыгы тууралуу документтерин алмаштырып берүүгө даяр. (SDz)

XS
SM
MD
LG