Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Кыргызстандын өкмөтү бир топ жылдан бери өлкө “Жашыл экономикага” өтсө өнүгөт деген максатты алдыга коюп келет.

Мындай программаны алдыңкы мыкты технологиялар жана катуу тартиптин негизинде ишке ашырган чет мамлекеттердин тажрыйбасын өз өндүрүшү жок Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүн эмес дегендер да арбын.

Жашыл экономика деген эмне? Аны ишке ашыруу үчүн кандай аракет зарыл? Курамы улам алмашкан өкмөттүн мындай программаны ишке ашырууга чамасы жетеби? “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги темасы мына ушул болду.

Талкууга экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жана экономика илимдеринин кандидаты, фермер Манас Саматов катышты.

“Азаттык”: Данияр мырза, кыргыз өкмөтү үч-төрт жылдан бери өлкөнү “жашыл” экономика менен өнүктүрүүнү максат кылып келет. Бирок тилекке каршы, бул эмне деген экономика экендиги көпчүлүккө толук түшүнүксүз. Ошон үчүн адегенде жашыл экономика деген эмне жана аны Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүнбү деген суроого жооп берсеңиз?

Жашыл экономика жалгыз эле ресурстарды үнөмдүү пайдаланууну түшүндүрбөйт, бул башка тармактарды да камтыган жана бардык тармактарда туруктуу өнүгүүгө жол көрсөткөн багыт.

Данияр Иманалиев: Бүгүнкү күндө бул маселе жалгыз эле Кыргызстан эмес бүткүл дүйнө жүзүндө өтө актуалдуу болуп жаткан иш-чаралардын бири. “Жашыл” экономика жалпы экономиканы туруктуу өнүгүүгө алып келүүдө жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана кайра калыбына келтирүү менен пайдаланууда зор роль ойной турган принцип болуп эсептелет. Андан тышкары бул жалгыз эле ресурстарды үнөмдүү пайдаланууну түшүндүрбөйт, бул башка тармактарды да камтыган жана бардык тармактарда туруктуу өнүгүүгө жол көрсөткөн багыт. Жакында эле ушул маселеге арналган Париждеги жыйында макулдашууга кол коюлду.

Былтыр “Туруктуу өнүгүүнүн 2030-жылга чейинки максаттары” кабыл алынган. Ал БУУнун деңгээлинде бекитилген жана аны бул уюмга кирген бардык мамлекеттер колдоп жатышат.

Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын саны 17. Алар: жакырчылыкты жоюу, ачкачылыкты жеңүү, чың ден соолук, сапаттуу билим, гендердик теңдик, таза суу жана санитария, арзан жана таза энергия, жакшы жумуш жана экономикалык өсүү, индустрия, инновация жана инфраструктура, теңсиздикти азайтуу, шаарларды жана жамааттарды туруктуу өнүктүрүү, жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүү, климаттык өзгөрүү менен күрөшүү, суунун алдындагы жана суу үстүндөгү жашоону коргоо, тынчтык жана акыйкаттык, жалпы максаттар үчүн өнөктөштүк деген максаттар. Мындай максаттардын түпкү багыты - адамдын жашоо шартын жакшыртуу, таза тамак-аш менен камсыз кылуу, ден соолугун сактоо. Анткени, акыркы жылдары климаттын өзгөрүүсү менен жалпы адамзат дуушар болгон проблемалар, оорулар көбөйүп баратат. Алардын баары чогулуп келип, чоң социалдык көйгөйгө айланды. Аны азайтуу үчүн жашыл экономика саясатын колдонуу менен жашоону жакшыртуу зарыл. Бул экономиканы Кыргызстанда колдонуу негиздерин карап көргөнбүз. Анткени, эгемендик алгандан бери биздин өлкөдө өндүрүш жоголду деген менен айыл чарбасында өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн тазалыгы менен утушта турабыз. Ушундай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен “жашыл” экономиканы ишке ашыруу боюнча азыр концепциянын долбоору даярдалып жатат.

“Азаттык”: Мирлан мырза, эмне үчүн парламентте өкмөттүн жашыл экономикага өтүү идеясын колдоо же ага каршы пикирлер такыр жокко эсе? Же депутаттар калдыксыз өндүрүшкө өтүүнүн зарылдыгы жок деп эсептешеби?

Мирлан Бакиров: Парламент өкмөт кандай сунуш киргизсе да аны талкуулап, өз сунушун берип келет. Ал эми “жашыл” экономиканын алдында биз экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын брэнд катары чыгарышыбыз керек. Өкмөт органикалык таза айыл чарба продукцияларын чыгаруу жана коргоо үчүн эксперимент катары органикалык аймак деген статус берген долбоорду алып келсе парламент колдоп берүүгө даяр болот.

“Азаттык”: Манас мырза, өкмөт жашыл экономиканы үч багытка: суу, энергетика жана экологиялык айыл чарба продукцияны өндүрүү багытына артыкчылык берүү менен киргизүү керек деп эсептеп келет. Сиз айыл чарбасында эмгектенген окумуштуу фермер катары айтсаңыз,бул ишке ашчу аракетпи же куру кыялбы?

Кыргыз жамаатында үй-бүлөлүк мамиледен баштап коомдук жана жаратылышка мамиле так ушул 17 максатка жооп бере тургандай деңгээлде. Биз ошону жоготпошубуз керек.

Манас Саматов: Биз жашыл экономиканы алып келүү же ишке ашыруу деген маселени талкуулоодон мурун жашыл жаратылышыбызды жоготпоо маселесин талкуулашыбыз керек деп баса белгилеп айтам. Данияр мырза эл аралык уюмдардын 17 максаты тууралуу айтып кетти. Мындай байлык менен баалуулук биздин колубуздан чыга элек. Бизге алып келүүнүн кереги жок. Ал биздин өзүбүздүн колубузда. Анткени, кыргыз жамаатында үй-бүлөлүк мамиледен баштап коомдук жана жаратылышка мамиле так ушул 17 максатка жооп бере тургандай деңгээлде. Биз ошону жоготпошубуз керек. Андан тышкары азык-түлүк коопсуздугу, гендердик теңдик деген жомокторду айтып келишет. Ал биздин турмушка коошпой турган нерсе. Мен жетекчиликте иштеген кишилер менен парламенттеги депутаттар асмандан бир аз жерге түшүп, эл кантип оокат кылып жатат, заманбап технология дегенди кантип алып келип, кантип трансформация кылыш керек, өзүбүздүн жашыл экономикабызды жоготпой туруп кантип ишке ашырабыз деген конкреттүү иш-чараларды эл менен бирге ишке ашырса жакшы болор эле. Анткени, министрликтер өз алдынча, эл өз алдынча жашап жатат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG