Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Бүркүт сымал эркинмин


Бүркүттүн кырк жаш курагында тырмактары өтө узун жана жумшак болуп калат, ошондуктан ал өз жемин кармай албай калат. Тумшугу узун, ийри болуп, аны тамак жедирбейт. Төшүндөгү жана колундагы канаттары коюуланып оор болуп калат дагы ага учканга оорчулук туудурат.

Эми бүркүттүн алдында тандоо турат, же жүз элүү күнгө созулган узак жана оорулуу өзгөрүү мезгили же өлүм. Бийик, кооз тоонун чокусунда жайгашкан уясына учуп барып, көп убакытка чейин тумшугу менен аска зоонун бетине урула берет. Урула берет, урула берет... Анан убагы келгенде тумшугу сынып түшөт. Түшкөн соң кайра жаңы тумшук өскөнгө чейин көпкө күтөт. Өскөн соң жаңы тумшугу менен өзүнүн тырмактарын алат. Узун, курч тырмактары өсүп чыгары менен өзүнүн төшүндөгү, колдорундагы канаттарын терип чыгат. Ошентип беш ай кыйналуудан өткөндөн кийин бүркүт дагы отуз жылга чейин жашай алат.

Мектеп - бул адамдын мүнөзүнө, билимине, стилине, жашоого болгон көз караштарга, жада калса хоббисине чоң таасир эткен жер. Билбейм, калган бүтүрүүчүлөр кандай абалда болушуп, кандай сезимдерге туш болгондорун, бирок мен үчүн бүркүттүн беш ай бою созулган кыйналуусунан өтүп, жаңылангандай эле болдум.

Мен үчүн мектептин акыркы жылы эң оор жылдардан болду. Себеби мурун ойлонбогон нерселердин баарын ойлоно баштадым. Кенедей чагымда "чоңойгондо ким болосуң?" деген суроону көп укчум элем. Анан мен "ырчы, бийчи, актриса болом" деп жооп кайтарчумун.

Ал эми азыр ушул суроону беришсе, жооп берүү өтө кыйын болду. Мен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №6 А. П. Чехов атындагы мектептин орус классын бүтүрдүм. Биздин мектепте билим маанилүү эмес. Ким, эмне, кандай бренддеги кийим кийип келди, уюлдук телефонунун маркасы кандай, канчалык кымбат ж.б.у.с. көбүрөөк маани берилет. Өз классташтарыман артта калбай, мен дагы кымбат кийим кийип, уюлдук телефонумду жылда жаңысына алмаштырчумун.

Быйыл кесип тандоо мен үчүн эң чоң көйгөй болду. Мен "Мегаком", "Билайн" сыяктуу байланыш компанияларда иштегим келчү. Ата-энем болсо Медициналык академияга тапшырасың дешти. Менин абамдын келечектеги кесиби - догдур, эжемдики - банкир. Экөө тең ЖРТдан 170тен ашык балл топтошкон. Абдан уялып, ЖРТга даярдана баштадым.

"Секом" билим берүү долбооруна ЖРТга даярдоо курсуна жазылып, окуй баштадым. 5-11-класска чейинки билимди кайталап өтүлөт экен, ошондо мен ушунча жыл жөн эле жүргөнүмдү түшүндүм.

Бир жылдын ичинде көп жылдык билимди өздөштүрүү өтө кыйын экен, ошентсе да болгон күчүмдү жумшадым. Окуу жайларды изилдеп көрдүм, престиждүү окуу жайлар кымбат экен.

Ошол кыска изилдөөлөрдөн мен мындай ойлодум, мамлекетибизде эң эле көп экономист жана юрист экенин билдим. Экономисттер менен юристтер өтө керек. Бирок жогорку билимдүү, профессионалдар керек!

Эгерде менин колумда окуу системасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү берилсе, ушул эки кесипти тандагандарды жана программисттерди аз санда кабыл алып, билимине өтө чоң көңүл бурмакмын.

Ошондой эле баланы мектептен эле кесибин тандатып, ошол жактагы гана предметтерди окутмакмын. Айтышат го "бир сферадагы нерсени жүз процент билгиче, ар бир сферадан бир проценттен билиш керек" деп, мен буга макул эмесмин. Бир сферада жүз процент билимдүү болсо, анда Кыргызстанда бир профессионал бар деп сүйүнүш керек! Мен да тандаган кесибимди сүйүп, жүз процент билгенге аракет кылам.

"Башың иштебесе, колу-буттун шору" деп бекеринен айтылбаса керек. Мен ата-энемди өз каалаган окуу жайыма барам деп көндүрдүм. Макулдугун берген соң өзүмдү ээн-эркин бүркүттөй сездим! Ушунчалык жүрөгүмдү өйкөп жүргөн нерсе жоголду. Себеби ата-энем 9-класстан баштап догдур болосуң деп айтышчу. Атам сөзүнөн кайтпаган киши болгондуктан макулдугун бербесе керек деп жүрчүмүн.

Мен И. Раззаков атындагы политехникалык университетке, "Маалымат-коммуникациялык технологиясы жана байланыш системасы" факультетине тапшырдым жана өтүп кеттим! Контракт аз эмес, бирок билим ошол баага татыктуу. Ата-энемдин эмгегин акташ үчүн мен жакшы окуп, кийин жумуш таап, кыргыз элиме пайда алып келип, элиме иштешим керек!

Шатманова Гүлай, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары. А.П. Чехов атындагы орто мектеби

XS
SM
MD
LG