Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32
Гулия Фритче - Рыскулбекова Германияда жашап калган алгачкы кыргыздардан. Ал Кыргызстанга барганда кыргыз жараны ээ укуктардан пайдалана албаганы үчүн кейийт.

Алгачкы саякат

СССР маалы болчу. Немис досторубуз бар эле. Алар “биз жакка мейманчылап келгиле, анан силерге барганга жол ачылат”- деп айтышты. Ал убакта жаш, курч экенбиз, кредит алып, жолдошум экөөбүз дароо эле жетип келдик. Оюбузда эч нерсе жок, Мюнхенди кыдырып жүрөбүз. Анын эле досторубуз “бул жерде "Азаттык" радиосу бар, анда кыргыздар иштейт” деп айтып калышты. Аларга телефон чалып да сүйлөшүштү. Аз өтпөй Арун деген жигит келди. Апакай костюм кийген сулуу, арабдарга окшош жигит таптаза кыргызча сүйлөп, биз менен учурашты. Ал кезде мыйзам, текшерүү күчүндө эле. Биз менен таанышып, анан эртеси конокко чакырышты.

Дарегибизди таап келип, Бамбергден Мюнхенге алып кетишти. Ошондо "Азаттыкта" иштеген көп кыргыздарды көрдүк. Азамат Алтай алтымыштан ашып калган кези экен. Согуш учурун, ал кездеги кордуктарын айтып берип олтурду. Балдарыбызга белек-бечкек сатып берип, мечитке алып барып, ушунчалык сый мамиле жасады. Кап ай, эл-жерин сагынган го деп ойлодум.

Кыргызстандан келген делегацияларга жолугуп турушчу экен. Төлөмүш Жакып уулу деген агабыз да согуштан кийин калыптыр. Анын жубайы да радиодо иштечү. Ал кезде казак менен кыргыз тилин көп айырмалай алышчу эмес экен. "Өзгөчө ырлардан адашабыз" дешти. "Ырлардын маанисин, музыканын кайсы улутка тиешелүү экенин так айтып берсеңиз"- деп мени радиого чакырышты. Көрсө казактын ырын кыргыздыкы деп берип жүрүшүптүр. Ырдап атканда тилди ажыратыш кыйыныраак болгон го деп ойлоп койдум.

Экинчи саякат

Тагдырдын буйругу менен 1991-жылы балам ооруп, Германияга экинчи жолу келдик. Көргөн-билгеним боюнча "Азаттыкка" чалдым. Бизди алар дароо эле Мюнхенге алып кетишип, бир ай бою ошол жакта жүрдүк. Улам бир кыргыздын үйүндө конок болобуз. Нуржан деген журналист иштечү ошол кезде. Кабагым-кашым дебей бир ай үйүндө жаткырып, "балаңа" деп материалдык жардам да көрсөтүштү.

Кудайым кыргыз деген жакшы улутту берген тура деп, кээде тагдырга ыраазы болуп кетем. Бөтөн жерде кыйналып жүргөндө, бир боордук жардамын аяшкан жок. Ал учурда Азамат Алтай жумушун Аким Өзгөнгө тапшырып, Америкага кеткен экен. Төлөмүш Жакып уулунун аялы "агаң ооруканда, барып кой, сүйүнүп калсын" деди. Ооруканада көпкө сүйлөшүп отурдук. Кыргызча таза сүйлөйт экен. Кан майданда башынан өткөндөрдү айтып берди. Согуштан кийин туткунга түшүп, андан соң үйүнө кетейин десе туугандары: "келбей эле кой, тирүү калбайсың" деп кат жазыптыр. Ушундай окуяларын айтып берип, бала-чакасы менен тааныштырды.

Ошентип алты ай Германияда жүрүп, кайра Кыргызстанга кайткыча союз ыдырап кетти. 1991-жылы сентябрь айында, өлкөбүз эгемендик алгандан кийин келдик. Ошондо биринчи эле түшкөнү Германияда жүргөн кыргыздар болду. Айланып Ала-Тоосун көрүшөт турбайбы деп сүйүндүм.


Айта бар арманымды

Кийин кайра-кайра келип жүрүп, тагдыр экен, немис улутундагы жаран менен кол кармаштым. 2003-жылы Германияга көчүп келдик. Кесибим врач. Азыр орус тилдүү өлкөлөрдөн Германияга келген бейтаптарга, издеген ооруканасын таап берип, тилмеч катары да иштеп атам. Жолдошум да врач, илимдин доктору. Мага көп жардам берет.

Менин кейигеним - кыргыз тилинде сүйлөгөндөр 3,5 миллионду түзөт экен. Анын 1,5 миллиону талаада жүрөт. Мына, жайында форумга барсак, Монреалда эле бир нече кыргыз жашап атыптыр. Айрымдары мага окшоп, башка өлкөнүн жарандыгын алган. Бирок көпчүлүгү баары бир Кыргызстанына кетүүнү ойлошот. Ушуну Түркия мамлекети сонун чечип алыптыр. Түрктөрдө да башка өлкөгө кеткендер көп экен. Бирок проблема жок. Алар түрк улуту катары сакталып, өз өлкөсүнөн кыймылсыз мүлк алууга укуктуу. Бизде деле ошол ыкманы колдонушса болор эле.

Эгер мен Кыргызстандан үй сатып алайын десем өзүмө каттатууга болбойт. Паспортуң башка дешет. Жарандыгым башка болгону менен каным кыргыз деп көп талашам. Ушундай да болчу беле? Инвестиция кылсак, кайра өлкө үчүн жакшы эмеспи. Бийликтегилерге айтарым: эл бар, бийлигиңер бар. Эгер элдин баары ушинтип таркап кетсе, кимди башкарасыңар?
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG